Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) өзү окуган Тегеран университетинин жанында ич кийимчен басып жүргөнү үчүн камалган студент кызды токтоосуз бошотууга чакырды. Окуя 2-ноябрда Ирандын баш калаасында болгон. Айрымдар муну аял укуктарынын басмырланышына каршы акция катары кабыл алышты.
Расмий маалыматка караганда, октябрь айында Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышында 478 чарчы чакырымды аймакты оккупациялап алды. Ушул тапта орус армиясы Курахово шаарын курчоого алуу аракетин көрүүдө.
2022-жылы Орусиядагы мобилизацияга байланыштуу Казакстанга качып чыгып, кийин Европага кеткен бир нече орусиялык жаран “Кош бол, курал!” уюмуна бирикти. Франциядан башпаанек сураган бул адамдар Орусия Украинага кол салганын, мындай шартта дезертирлик үчүн уялбаш керектигин айтып чыгышты.
5-ноябрдын кечинде Кошмо Штаттардын президенти ким экени белгилүү болуп калышы мүмкүн. Бирок айрым учурларда жеңүүчү шайлоо күнү эмес, бир нече күндөн же жумадан кийин аныкталган учурлар болгон. Анын себеби эмнеде жана бул жолу кандай болушу мүмкүн?
2022-жылы Техас штатындагы Эл-Пасо шаарын мигранттар каптаганда аларды чек арада кабыл алууга катышкан чек ара кызматынын мурдагы өкүлү эми келгендерге жардам көрсөтө баштады. Майкл Дебрюль жергиликтүү чиркөө менен бирге мигранттар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай түзгөн.
Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жарандардын 54% добуш бергенин билдирди. Шайлоодо эки талапкер - батышчыл көз караштагы азыркы президент Майя Санду жана Орусия колдогон талапкер, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло ат салышты.
Президенттик шайлоого үч күн калганда эки башкы талапкер – вице-президент Камала Харрис менен мурдагы президент Дональд Трамп дээрлик теңме-тең атаандаштыкта баратат. Экөө бирдей добуш алып калса эмне болот? Алдыда түшүндүрөбүз.
5-ноябрда АКШда кийинки президенттик шайлоо өтөт. Америкада жарандар президенттик талапкерге кадимкидей эле түз добуш бергени менен жеңүүчүнү шайлоочулар коллегиясынын 538 мүчөсү аныктайт. Бул тууралуу кеңири түшүндүрүп берели.
Тажикстандын алыскы аймактарынын бири Ягноб өрөөнүнүн жашоочулары алардын байыркы тили жок болуп кетүү коркунучунда турганын айтып, тынчсызданышууда.
Түндүк кореялык аскерлер орусча 100дөй аскердик терминди үйрөнгөн соң Украинадагы согушка жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 29-октябрда Сеулдагы депутаттар чалгын кызматынын маалыматына таянып билдиришти. Буга чейин НАТО Курскиге түндүк кореялык аскерлер жайгашканын ырастаган.
Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде 28-октябрдын кечинде миңдеген киши көчөгө чыгып, бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы жеңген парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдирди. Оппозиция жана өлкө президенти Саломе Зурабишвили жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.
Коррупцияны ашкерелеген уюмдун колуна тийген маалымат базасына ылайык, 2020-2022-жылдар аралыгында 1500дөн ашык казак жараны Дубайда жүз миллиондогон долларлык кыймылсыз мүлккө ээ болгон. "Азаттыктын" казак кызматы алардын 100дөн ашыгы мурдагы аткаминерлердин жакындары экенин иликтеп чыкты.
Дагы жүктөңүз