Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Коронавирус жугузгандар 107 кишиге жетти

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абал 25-марттан баштап киргизилди. 
1/20 Коронавируска байланыштуу өзгөчө абал 25-марттан баштап киргизилди. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Бишкекке кире бериш жолдогу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бекетинин кызматкерлери айдоочулардын ар биринин дене табын текшерүүдө. 
2/20 Бишкекке кире бериш жолдогу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бекетинин кызматкерлери айдоочулардын ар биринин дене табын текшерүүдө. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
25-марттан баштап өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарына аймактардан келген автоунааларга кирүүгө чектөө коюлду. 
3/20 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарына аймактардан келген автоунааларга кирүүгө чектөө коюлду. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
​Саат 07.00дөн 20.00гө чейин (күндүзгү убакыт) өзгөчө абал режими киргизилген аймакта каттоосу барлардын жана жашоо-тиричиликке, стратегиялык жана башка мамлекеттик объектилердин ишмердүүлүгүнө тартылган автоунаалардын жүрүшү чектелбейт.
4/20 ​Саат 07.00дөн 20.00гө чейин (күндүзгү убакыт) өзгөчө абал режими киргизилген аймакта каттоосу барлардын жана жашоо-тиричиликке, стратегиялык жана башка мамлекеттик объектилердин ишмердүүлүгүнө тартылган автоунаалардын жүрүшү чектелбейт.
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Ош базары. Эрежеге ылайык, өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу үчүн жана дарыгерге, дарылоо процедураларына барууга гана үйлөрүнөн чыга алат.
5/20 Ош базары. Эрежеге ылайык, өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу үчүн жана дарыгерге, дарылоо процедураларына барууга гана үйлөрүнөн чыга алат.
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Блокпосттон жөө өткөн жүргүнчүлөр да текшерилип жатат.
6/20 Блокпосттон жөө өткөн жүргүнчүлөр да текшерилип жатат.
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Адамдын дене табын өлчөөчү аппарат. 
7/20 Адамдын дене табын өлчөөчү аппарат. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Бишкекке кире бериш жолдогу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бекети.
8/20 Бишкекке кире бериш жолдогу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бекети.
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Карантинге карабай Ош базарында соода кызыган учур. 
9/20 Карантинге карабай Ош базарында соода кызыган учур. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Атайын коргонуучу кийим кийген кызматкерлер. 
10/20 Атайын коргонуучу кийим кийген кызматкерлер. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Ош базарынын жанында коргонуучу каражаттарды сатып жаткандар.
11/20 Ош базарынын жанында коргонуучу каражаттарды сатып жаткандар.
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Ош базарына нан алууга келген жарандар. 
12/20 Ош базарына нан алууга келген жарандар. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Банкка кезек күткөн жарандар. 
13/20 Банкка кезек күткөн жарандар. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Автобус күткөн жүргүнчүлөр.&nbsp;<br />
Өзгөчө абал эрежесине ылайык шаардагы бардык коомдук транспорттор токтотулган.&nbsp;
14/20 Автобус күткөн жүргүнчүлөр. 
Өзгөчө абал эрежесине ылайык шаардагы бардык коомдук транспорттор токтотулган. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Милиция кызматкери жөө кишилер жүрчү жолду көзөмөлдөп турат.&nbsp;
15/20 Милиция кызматкери жөө кишилер жүрчү жолду көзөмөлдөп турат. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Коргонуучу бет кап кийген айдоочу.&nbsp;
16/20 Коргонуучу бет кап кийген айдоочу. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Шаардын көчөлөрү ээн. Бейчеки баскан киши жок.&nbsp;
17/20 Шаардын көчөлөрү ээн. Бейчеки баскан киши жок. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Милиция кызмактери Бишкек шаарынын кире беришине орнотулган блокпостто айдоочуларды текшерип жатат. Бишкек шаарында катталбаган айдоочулар артка кайтарылууда.&nbsp;
18/20 Милиция кызмактери Бишкек шаарынын кире беришине орнотулган блокпостто айдоочуларды текшерип жатат. Бишкек шаарында катталбаган айдоочулар артка кайтарылууда. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Шаарга кирүүнү каалаган ар бир жүргүнчүнүн дене табы текшерилүүдө.&nbsp;
19/20 Шаарга кирүүнү каалаган ар бир жүргүнчүнүн дене табы текшерилүүдө. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Шаарга кирүү үчүн кезек күткөн айдоочулар. Бишкек.&nbsp;
20/20 Шаарга кирүү үчүн кезек күткөн айдоочулар. Бишкек. 
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Артка
Алдыга

31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 13 киши жаңыдан катталып, илдет жуккандардын жалпы саны 107 адамга жетти. Үч кишинин абалы оор. Бишкекте өзгөчө абал эрежелери күчөтүлүп, аны аткарбагандар айыпка жыгылмак болду.

Кыргызстанда 31-мартка карата дагы 13 адамдан коронавирус табылып, бул илдет жуккандардын жалпы саны 107 кишиге жетти. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди:

«Акыркы эки күндө 23 учур аныкталды, алардын ичинен төрт киши сырттан келген. Калган 19 адам чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгон, тагыраак айтканда, өлкөнүн ичинен жуккан. Илдет өлкөнүн ичинен жуккан 19 кишинин арасында 14 жашка чейинки төрт бала бар. 15 учурга беш үй-бүлөлүк байланыш очоктору себеп болгон».

Мамбетовдун айтымында, оорусу жаңы аныкталгандардын ичинде Бишкекте бирөө, Нарын облусунда үчөө, Ысык-Көл облусунда экөө, Чүй облусунда бирөө, Ош облусунда бешөө жана Жалал-Абад облусунда бирөө бар.

Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бирөө жасалма дем алдырууга кошулду. Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен 58и аял, 49у эркек, 15 бала, ошондой эле бир жашка толо элек эки наристе жана 31 улгайган адам бар.

Өлкөдө вирустун биринчи учуру 18-мартта катталып, илдет үч адамга жукканы аныкталган. Андан бери 14 күндүн ичинде СOVID-19 вирусу алты облуска жайылды. Талас облусунда вирус жуккандар табылган жок.

Коронавирустун тарашынын алдын алыш үчүн 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 31-мартта өзгөчө абалдын эрежелерин күчөтүү боюнча буйруккка кол койгонун билдирди. Анын айтымында, өзгөчө абалдын талаптарын аткарбагандарга чара көрүлөт.

Алмаз Орозалиев.
Алмаз Орозалиев.

«Бишкекте түндө 137 адам кармалып, эртең менен коё берилди, - деди ал. - Мен бүгүн дагы чектөөлөрдү күчөтүү боюнча буйрукка кол койдум. Анын эрежелери менен Интернеттен таанышып чыгышса болот. Аны аткарбай калгандар айыпка жыгылат».

Анда «туугандарга, досторго, кошуналарга жана башкаларга конокко барууга, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн сырткары үч адамдан көп чогулууга тыюу салынат» деп айтылат. Ошондой эле өзгөчө абал учурунда коомдук жайда беткапсыз жүргөн адам миң сом, мындайга жол берген юридикалык жактар 5 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылат. Күндүз көчөгө чыгуу эрежесин бузган адамга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.

Ал эми түнкүсүн кармалгандар коменданттык саат аяктаганча милиция бөлүмүндө болот, жанында документи жоктор ким экени аныкталганча үч суткага чейин камалат. Карантин, обсервация режимин сактабагандык, дарылануудан качуу, оорусун жашырып, башкаларга жугузуу 15 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айыппул менен жазаланат. Санитардык-эпидемиологиялык эрежени атайылап же кокусунан бузуунун айынан башкалар жапырт ооруга чалдыкса жаза чаралары Жазык кодексинде жазылган. Мындан тышкары өзгөчө абал учурунда иштөөгө уруксат берилген тараптардын тизмеси жарыяланды. Алар саламаттык сактоо системасы, ооруканалар, шаар инфратүзүмү жана коммуналдык кызматтар, кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы, азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары.

Ошондой эле жарандарга жашаган жеринен 1,5 чакырым алыс радиуста дүкөнгө, дарыканага барууга тыюу салынды.

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

Өзгөчө абалдын эрежелери кызуу талкууларга жем таштады. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өзгөчө абалдын эрежелери башаламан ишке айланды деп сынга алды:

«Мен негизи биринчи өзгөчө кырдаал тууралуу чечим кабыл алынганда эле ошол туура чечим деп ойлогом. Өзгөчө абалга адегенде даярдык көрүш керек эле. Документацияны жана башка маселени чечип алыш керек болчу. Же болбосо блокпостторго жергиликтүү бийлик же жарандар турушу керек эле. Милицияны, аскер адамдарын киргизүү туура чечим болгон жок», - деди ал.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 803 миңден ашык кишиге жукту. Бул илдет Кыргызстандын коңшусу Казакстанда 325 кишиден, Өзбекстанда 158 адамдан табылды.

31-март, Бишкек убактысы боюнча саат 19.50гө карата дүйнө жүзү боюнча бул илдет 804 миң кишиге жугуп, оору башталгандан бери жер шарында 39 миңден ашуун адам бул илдеттен көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG