Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Италиялык журналист Ирандагы абактан бошотулду


Чечилия Сала
Чечилия Сала

Тегеранда кармалган италиялык журналист Чечилия Сала кое берилип, мекенине жөнөгөнүн 8-январда Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони билдирди.

29 жаштагы журналист дүйнөнүн ар кайсы жерлеринен подкаст даярдачу. Аны 19-декабрда Ирандын полициясы кармап, бирок ал тууралуу бир жумадан кийин гана белгилүү болгон. Эмне себептен кармалганы расмий айтылган эмес, бирок андан эки күн мурун Сала Тегерандагы патриархат тууралуу подкаст чыгарган.

16-декабрда Миланда АКШнын Иорданиядагы базасына болгон чабуулга тиешеси үчүн Вашингтон издеп жаткан ирандык-швейцариялык ишкер Мохаммад Абедини кармалган. Иран аны камакка алууну “мыйзамсыз” деп атап, Италиянын элчисин маселени талкуулоо үчүн Тегеранга чакырган.

АКШ журналисттин кармалышын “жооп” катары жасалган кадам деп атады. “Чек арасыз кабарчылар” уюму, “Журналисттердин эл аралык федерациясы" Сала “жок жерден” “опузалоо” үчүн кармалганын билдиришкен.

Тегеран көп учурда Батыштын жана кош жарандыгы бар адамдарды ойлоп табылган айып менен кармап, аны басым кылуу үчүн колдонот.

Өткөн декабрдын башында Ирандын жана АКШнын жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы Реза Вализаде Тегеранда он жылга кесилген. Ага "душман мамлекет менен кызматташкан" деген айып тагылган.

Вализаде "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна караштуу "Фарда" радиосунда он жыл иштегенден кийин 2022-жылы жумуштан кеткен. Ал Иранга 2024-жылдын башында үй-бүлөсүнө барып, сентябрда камакка алынган.

Иран "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча тизмесинде 180 мамлекеттин ичинен 176-орунду ээлейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG