Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборуна ушул айылдын тургуну, атын атабаган жеке ишкер «Тез жардам» машинесин белекке берди. Мындан сырткары бул оорукананын дарыгерлерине жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды сатып алыш үчүн 100 миң сом жардам көрсөттү.
«Ассафа борбору» коомдук бирикмеси Баткен облусуна жасалма дем алдыруучу жабдуу сатып берди. Баасы 23 миң доллар болгон жасалма дем алдыруучу жабдуу Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө орнотулду.
Дарыгерлердин айтымында, облустук ооруканада көп жылдан бери иштетилип келген ушундай 9 аппарат бар. Аталган бирикме мындан сырткары дарыгерлер үчүн көп жолу колдонулуучу 30 комплект коргонуучу каражат, 400 миң сомго Баткен шаарындагы социалдык шаарчада жашаган 106 үй-бүлөгө азык-түлүк жана гигиеналык каражаттарды жардам катары берди.
Баткен облусунун аймагында үч кишиден коронавирус табылган. Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын кызматкерлери «Азаттыкка» алардын абалы дурус экенин кабарлашты. (JsA)