Канткенде үйдүн, кеңсенин ичине кирип келген түтүндөн кантип арылабыз? "Жашыл планета" подкастынан өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кыйла үлкөн Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.
Нарын шаарында хоккей оюну боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш башталды. Турнирде Казакстандын Алматы шаарынан келген курама команда баштаган, Бишкек жана Нарындын хоккейчи тестиерлер күч сынашууда. Беттеш ар айда бир жолу болуп турат.
Караколдогу төрөт үйү 5-январдан бери жабык турат. Ооруканын жетекчилиги пландуу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп атканын, бул алты наристенин удаа чарчап калышына байланыштуу экенин айтууда. Санэпидем көзөмөл кызматы жүргүзүп жаткан лабораториялык изилдөө иштеринин жыйынтыгы чыга элек.
Көз жоосун алган керемет Кел-Суу соңку жылдары саякатчылардын сүйүктүү жерине айланды. Алыскы Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндөгү бул көлдүн популярдуу болушуна видео блогерлер дагы салым кошту.
5-январда Бишкектин Ленин райондук соту Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын жана Эне-баланы коргоо улуттук борборунун камактагы беш кызматкерин үй камагына чыгарды. Дарыгерлер 13-ноябрда ооруканага тушүп, чарчап калган үч жаштагы баланын ишине байланыштуу айыпталып жатышат.
«Азаттык» узап бара жаткан жылдагы Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү окуяларды топтоду.
World Air Quality уюмунун 13-декабрдагы маалыматында Бишкек дүйнөдөгү аба эң булганыч делген үч шаардын катарына кирди. Кээ бир учурда Кыргызстандын борбору 21 миллиондон ашуун эли бар Кытайдын Бээжин, алты миллиондон ашуун киши жашаган Бангладештин борбору Дакка шаарынан алдыга чыгып кетет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2021-жылы кедейчиликте жашаган калктын саны 33 пайыздан ашты. Бул 2 миллион 244 миң киши дегенди билдирет. Арасында кепилденген мамлекеттик жөлөк пулга жетпей жүргөндөр саны арбын. Жөлөк пул алалы десе, түрдүү бюрократиялык тоскоолдуктар көп.
Коюу түтүн же ыш каптаганда мүмкүн болушунча үйдөн көп чыкпай, терезелерди да ачпаш керек. Ошондой эле абаны тазалаган системасы бар кондиционерлер жардам берет. Дарыгерлер сыртта сууланган беткап же фильтри бар атайын респиратор тагынып жүрүүгө кеңеш берет.
Кыргызстанда 14 жашка чейинки балдар арасында дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп, кайра-кайра бейтапканага түшүп жаткандар көбөйдү. Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына бир жумада эле 2 миң киши кайрылып, анын жарымы жаткырылган.
Дагы жүктөңүз