АКШдагы Вашингтон, Сент Луис университетинин профессору Жей Төрнер Бишкектеги абанын сапаты боюнча изилдөө жүргүзүүдө. Ал булганыч абанын кош бойлуу аялдар менен балдардын ден соолугуна тийгизген зыянын иликтеп, бул көрүнүштүн өлкө экономикасына алып келген чыгымдарын эсептөөдө.
Акыркы жылдары кургак учук (туберкулез) жуккан адамдарды мурдагыдай айлап ооруканага жаткырбай, үйүнөн таблетка дары берип айыктыруу ыкмасы кеңири жайылууда. Кыргызстан кургак учукка чалдыккандардын саны жагынан Борбор Азияда биринчи орунда турат.
Шаар ичиндеги жашоого бир аз ыңгайлаштырылган мурдагы сарайда төрт балалуу үй-бүлө жашайт. Балдардын улуусу мектепте 2-класста окуйт. Бакча дегенди билбеген балдарына апасы жөлөк пул ала албай кыйналып келет. Жашаялмет үй-бүлө оорукчан атасынын күнүмдүк таап келгени менен жашоого аргасыз.
Сузак районунда багбан байбиче фундук өстүрө баштады. Аталган дарактын Кыргызстандын климатында өнүп кетерин байкагандан кийин анын көчөттөрүн көбөйтүүгө өттү.
Жыл башынан бери Кыргызстанда 25ке чукул балада залалдуу шишик дарты жаңы аныкталды. Дарыгерлер кандын оор дартына чалдыккан наристелер жылдан-жылга көбөйүп жатканын айтышууда. Оорунун алдын алуу үчүн аймактагы балдар дарыгерлерине онкологиялык билим берүү керек дегендер бар.
Араван районунда жыйырма күндөн бери "Пекин" капустасынын түшүмү жыйналып жатат. Бул жашылча быйыл Өзбекстанга, Орусияга, Казакстанга жүз тоннага жакын экспорттолду. Дыйкандар андан түшкөн киреше жапырт кымбатчылыктан улам жылдагыдай болбой жатканын айтышат. Оштогу кабарчыбыз Арген Нуров Аравандын күнөсканаларындагы дыйканчылык менен таанышып келди.
Дагы жүктөңүз