Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

HRW: Иран азчылык өкүлдөрүн кысымга алуу үчүн өлүм жазасын колдонууда


Иран.
Иран.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Иран өлүм жазасын айрыкча азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрүнө, диссидент жарандарына жана чет өлкөлүктөргө каршы колдонулуучу "коркутуу каражаты" катары пайдаланып жатканын 20-ноябрда билдирди.

Соңку кезде ошондой адамдарды өлүм жазасына тарткан окуялар көбөйгөнүнө көңүл бурган уюм өкүмдөр мыйзамды одоно бузуу менен кабыл алынып жатканын белгиледи.

Iran Human Rights Group тобунун маалыматына караганда, быйыл жыл башынан берки он айда эле Иранда 651 киши, анын 166сы бир айда (октябрь) өлүм жазасына тартылды.

"Мындай катаал тактика өлкөнүн автократиялык бийлигине каршы чыккандардын баарын коркутуп-үркүтүү жолу менен басууга багытталган. Эл аралык коомчулук мындай кооптуу тенденцияны айыптап, Иран бийлигине өлүм жазасын токтото тургандай басым көрсөтүшү керек", - деп билдирди HRW өкүлү Нахид Нагшбанди.

Күрд саясатчысы, аялдар активисти Варише Моради 10-ноябрда "мамлекетке каршы кутум уюштурган", дагы беш күрд өткөн аптада "Израилдин пайдасына тыңчылык кылган" деген айып менен дарга асылганы, жыл башынан бери 49 оогандык да ушундай жазага тартылганы, сегиз жыл мурда кармалган төрт араб "күч кызматкерин өлтүрүүгө катышкан" деп өлүм жазасына соттолгону мисал катары келтирилди. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG