Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

Газада дагы кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунда бүгүн 20-ноябрда Израилдин соккусунан дагы кеминде 15 палестин каза болгонун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн бул анклавдын саламаттык сактоо мекемесине таянып Reuters билдирди.

Каза тапкандардын арасында куткаруучулар да бар экени, израилдик аскерлер танк менен кирип барып, үйлөрдү аткылаганы маалымдалды.

Израил бул жолу Жабалия районун, Газа шаарынын Сабра жана Тал ал-Хава райондорун бутага алганы, уранды астында калгандарды алып чыгып жаткан бир куткаруучунун өмүрү кыйылганы, дагы үчөө жараат алганы кабарланды. Ушуну менен азыркы согуш башталгандан бери Газада 87 куткаруучу мерт болду.

Сектордун жарандык коргонуу мекемелери менен катар саламаттык сактоо системасы да жабыркап жатканын, тийиштүү каражаттар, дары-дармек, доктур жетишсиз экенин жергиликтүү бийлик кабарлоодо.

Израил азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху шейшемби күнү Газага барып, ХАМАС бул палестин анклавын башкарбай турганын, анын согушуу мүмкүнчүлүгү жок кылынганын айтты.

Былтыр октябрда куралчан адамдар кармап кетип, барымтага алган 101 кишини кайтаруу аракети уланып жаткан Нетаньяху алардын ар бири үчүн 5 миллон доллардан убада кылды:

"Бул туңгуюктан чыгууну каалагандарга айтарым - барымтада кармалып тургандарды бошотууга жардам берген ар бир кишиге коопсуздукту кепилдейбиз. Өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө. Барымтадан бошотула турган ар бир адам үчүн 5 миллион доллар каражат да бөлүп беребиз".

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Бир жылда Газада каза болгондор 43 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG