Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

ТИМ Украинадагы кыргызстандыктарды убактылуу сыртка чыгып турууга чакырды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Иллюстрация.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Иллюстрация.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы элчиликтин маалыматына таянып, 20-ноябрда Киев облусунун аймагында пилотсуз учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалганын кабарлады. Тышкы саясий мекеме Кыргызстандын Украинадагы жарандарын жеке коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Министрлик 20-ноябрдын кечинде тараткан билдирүүдө кыргызстандык жарандардын байланышуусу үчүн Киевдеги элчиликтин ыкчам байланыш телефондору көрсөтүлгөн:

+38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48

20-ноябрда АКШнын Киевдеги элчилиги конкреттүү маалымат" алгандыгына байланыштуу убактылуу жабык болорун эскерткен. ​ Элчилик өз кызматкерлерине жана бул шаардагы жалпы америкалык жарандарга кайрылып, эгер абадан эскертүү берилсе дароо коопсуз жерге барууга кеңеш берген.

20-ноябрда эртең менен Украинанын бир нече аймагында, анын ичинде борбор калаа Киевде орусиялык учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу эскертүү берилди. Shahed дрондору улам бир толкун менен учурулуп жатканы, бутага Житомир, Чернигов, Полтава, Черкасск, Харьков жана Сумы облустары да алынганы кабарланууда. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG