Жапайы айбандар калктуу конушка түшүп жаткан окуя Кыргызстанда биринчи жолу катталган жок. Буга чейин аркар, кулжа, тоо текелерди жол жээгинде жүргөн жеринен тасмага түшүрүп, Интернетке жайылткандар болгон.
Экологдор бул көрүнүштү табияттагы тең салмактуулуктун бузулганына байланыштырууда. Алардын айтымында, жапайы жандыктар байырлаган тоо-ташта алардын жеми азайып жатат. Бирок расмий органдар бул жүйөгө макул эмес жана жапайы жандыктардын саны мурдагыдан кыйла көбөйгөнүн белгилешет.
10-январда Таластагы Көк-Ой айылында бактын башына чыгып кеткен ак илбирсти жергиликтүү тургундар кармап, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине өткөрүп берген.
Өзгөчө коргоого алынган бул жаныбарга Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында операция жасалып, анын башына тийген бытыранын 18 калдыгы алынды. Азыр анын абалы жакшырып, эт жегенге жарап калды. Ал арада ак илбирсти дарылоого акча топтоо үчүн банктык эсеп ачылды.
Көп өтпөй Жумгалда да жергиликтүү тургундун короосуна кирип кеткен ак илбирс кармалганы маалым болду.
Бишкек шаарына алынып келген бул жандык Ысык-Көлдөгү Ананьево айылында жайгашкан реабилитациялык борборго жеткирилди.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Бакытбек Рысалиев аталган ак илбирстер тууралуу буларды айтып берди:
- Жумгалдан табылган ак илбирстин бир эле азуусу калыптыр. Биздин божомолубузда анын жашы 12де. Өзүңөр билгендей, ак илбирс 17 жыл гана жашайт. Мындан улам карылыгы жетиптир деген жыйынтык чыгардык. Эми реабилитациялык борбордо болот. Талаага коё бере албайбыз. Анткени өз алдынча тамак таап, жанын багып кете албайт. Ал эми Таластан табылган ак илбирстин саламаттыгына көз салып жатабыз. Эгер оңолуп кетсе, эркиндикке кое беребиз.
Таласта ак илбирсти аткандарды азыр Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери күч органдары менен чогуу издеп жатат.
Ак илбирс - Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган жаныбар. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Аны аткандарга 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.
Ак илбирстердин минтип жакага түшүп жатканын, адистер ар кандай жоромолдоп жаткан чакта дүйнөгө аты чыккан Марко Полонун жол жээгинде ээн-эркин оттоп жүргөнү тууралуу тасмалар Интернетте жайыла баштады.
Муну корукчулар кайберендин саны көбөйүп, жапайы аңчылардын саны кескин кыскарганы менен түшүндүрүп жатышат. Маселен, үч жыл мурда аркар-кулжанын Кыргызстандагы саны 17 миңдин тегерегинде болсо, ушул таптагы расмий маалымат боюнча алардын саны 20 миңге чукулдаган. Бул 2018-жылдагы жүргүзгөн санактын жыйынтыгы. Ал эми 2019-жыл боюнча кайберен санактын жыйынтыгы чыга элек.
Жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Аскат Жакшылыков буларды айтты.
- Аркар-кулжанын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл менен Нарын облусунда болот. Ылдый түшүп жатканы тоодо тоюттун жоктугунан эмес, алардын саны көбөйүп жатканынан улам деп билсек болот.
Анткен менен эл арасында тымызын аңчылык тыйыла электигин танууга болбойт. Ушул жумада Интернетте Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө аркарды аткан адам егерлерди барымтага алганы тууралуу кабар тарады.
Биотүрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин Ысык-Көл башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Үсөнбаевдин айтымында, окуя 2019-жылдын 26-ноябрында болгон.
Анда Б. Т. аттуу жаран аркар аткан жеринен кармалып, егерлер анын ок атуучу куралын алган. Мындан кийин жергиликтүү тургун үйүнөн башка курал алып келип, эки егерди үч сааттай барымтага алган. Бул убакытта алар тарткан сүрөттөрдү жана видео далилдерди уюлдук телефонунан өчүрткөн.
- Кийин адистер өчүрүлгөн видео жана сүрөттөрдү калыбына келтирген. Далилдердин бар экенине карабай, милиция чара көрбөй жатат, - деди Төлөгөн Үсөнбаев.
Окуя боюнча Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү иш козгогон. Бирок егерлерди барымтага алган адам азыркыга чейин ээн-эркин жүрөт. Ысык-Көл облустук милициясы азырынча бул иш боюнча маалымат бере элек.
Марко Поло деген ат менен белгилүү аркар-кулжага аңчылык кылууга Кыргызстанда уруксат берилген. Бирок ал үчүн мергенчи мамлекетке 700 миң сом төлөп бериши керек. Ал эми тоо текелерге мергенчилик кылууга уруксат алуунун баасы 100 миң сом. Өкмөт 2018-жылы 80 кулжа, 320 тоо теке атууга уруксат берген.
Экологдор жыл сайын кайберен атууга тыюу салуу керектигин айтып, коңгуроо кагып келишет. Алардын айтымында, мындай кадамга барбаса, тоону байырлаган жырткычтардын жеми жок калып, калктуу конуштарга түшө башташы ыктымал.
Алсак, 2019-жылы мал киндиктүү Нарын облусунда карышкырдын келтирген зыяны 10 млн. сомдон ашканы эсептелген.
2019-жылы октябрь айында аркар-кулжа атууга тыюу салган мыйзам долбоору парламентте талкууланып, колдоо тапкан эмес. Ага 109 депутаттын 82си каршы добуш берген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.