Жолдордогу тыгын менен транспорттук коллапс Бишкектин жана Казакстандын ири шаары Алматынын тургундарына, экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Эки шаар тең СССР убагында курулуп, автоунаанын мынчалык көптүгүнө ылайыкташкан эмес.
Баткендин Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылында таза суу бир канча жылдан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. 3200 үй-бүлө бир нече айылды аралап аккан арыктагы сууну ичүүгө мажбур.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Кыргызстанда ири кендерди иштетүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн демилгеси, Бишкекте көйгөйгө айланган ыш менен күрөшүү жана өлкөдө чакан атомдук электр станциясын куруу сунуштары тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Баку шаарында COP29 саммити cоңуна чыкты. Эки апталык жыйын эмне менен аяктады? Дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттер 2035-жылга чейин жылына 300 млрд доллар берип турууга макул болду. Бирок бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн нааразылыгын жаратып, айрымдар саммиттен эч кандай майнап чыккан жок деп баалашты.
Быйыл Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 10 чакырымдай жолуна асфальт төшөп, кеңейтүү пландалган. Бул иш башталганда жолду бойлой өскөн бак-дарактар кыйылган. Ачык маалыматтарды, спутниктен тартылган сүрөттөрдү, шаардагы камералардагы видеолорду колдонуп, кандай өзгөрүүлөр болгонун көрсөтөбүз.
Каспий түлөнү – Казакстанды мекендеген жалгыз деңиз жаныбары. Жаз менен күздө түлөндөр (аюу балык) деңиздин Казакстан тарабына ооп келет. Алардын жапырт кырылуусуна адамдын таасири, климаттын өзгөрүүсү жана суунун булганышы себеп болууда. Асел Баймуканова түлөндү көп жылдан бери иликтеп жүрөт.
Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы эски теректерди кыйып, ордуна башкасын отургузууну көздөп жатат. Алар буга дарактардын айрымдарына 50-60 жыл болгонун, көбү картайып кооптуу болуп калганын жүйө келтирүүдө.
Каспийди байырлаган түлөндөр (аюу балык) уникалдуу жаныбарлар, аларды башка жерде таба албайсыңар. Бирок алардын саны кескин азайууда. Октябрь-ноябрь айларында гана Казакстандын жээгинде бир миңден ашуун аюу балыктын өлүгү табылды. Анын себеби азырынча аныктала элек.
Пакистандыктардын жапырт күн панелдерине өтүп жатканы мамлекеттик энергетика компаниясынын башына түйшүк түшүрдү. 200 миллион киши жашаган өлкөдө электрэнергиясынын баасы өтө кымбат болгондуктан, карапайым калк Кытайдан алынган арзан күн панелдерин жапырт сатып алууда.
Климаттын өзгөрүүсүнөн, кургакчылыктан улам сугат мезгилинде суу таңкыстыгы күчөдү. Баткендиктер суу таңкыстыгын чечүү, жайытты жакшыртуу, кайрак жерлерге суу жеткирүү үчүн бир топ жылгаларга жасалма мөңгү тоңдуруп жатышат.
Орус армиясы Каспий деңизинен Украинага сокку уруп жатканы жөнүндө маалымат аскердик аракеттер дүйнөдөгү эң чоң көлгө экологиялык залакасын тийгизеби деген кооптонууну күчөттү. Москванын коңшусуна кол салганы адам өмүрүн алгандан сырткары экологиялык трагедияга түртүшү ыктымал.
Ала-Арча жаратылыш паркы Кыргызстандагы туристтер көп каттаган жер. Быйыл ноябрдын башында жаратылыш коругуна кар түшүп, капчыгай кышкы кереметке бөлөнүптүр.
Дагы жүктөңүз