Кыргызстанда күйүүчү май дагы 4 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Мунай ташуучулар ассоциациясы билдиргендей, буга Орусиядагы кырдаал себеп болууда. Кыргызстан күйүүчү майга болгон керектөөсүнүн 90-95% Орусиядан сатып алат.
Эркин Жаманбаев көп жыл Кыргызстанда, андан кийин Африка, Канада ж.б. жактарда дарыгер болуп иштеп, соңку жылдары Словакияда эмгектенип жатат. Ал азыр саламаттыкты сактоого стратегиялык мамиле, жаңычыл дарылоо ыкмалары боюнча адис. Биз анын жалпы топтогон тажрыйба, билимин салыштырып маектештик.
1-сентябрдан тарта өлкөдө Автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу же элде айтылгандай ОСАГО боюнча мыйзам толук кандуу иштей баштады. Жол көзөмөл кызматкерлери бул күндөрү камсыздандыруу полисин албагандарды текшерип жатышат.
Жалал-Абадда көп балалуу үй-бүлөнүн УКМК төрагасы Ташиевден үй сураганы талкууга түштү. Айрымдар буга чейин атайын кызматтын жетекчисинин көп бала төрөөгө чакырганын эске салса, башкалары эч кандай шарты жоктугуна карабай балалуу болгон аялдын өзүн күнөөлөп жатышат.
Кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын аймагына өтүп кеткени айтылган Чаткалдын Айгыр-Жал айылынын эки тургуну чек арачылардын огунан каза болду. Эки апта мурун болгон окуя коомчулукка 1-сентябрга белгилүү болду. Маркумдардын сөөгүн өзбек тарап 1-сентябрда өткөрүп берген.
Кыргыз парламенти жайкы эс алуудан кайтып келип, кезектеги сессиясын ачты. Бул жолу депутаттар Ак үй деп аталган парламент имаратынын толук оңдоодон өткөрүлгөн жыйындар залында ишин баштады. Бул 7-чакырылыштагы парламенттин акыркы сессиялык жылы болуп калышы мүмкүн.
Президент Садыр Жапаров Тяньцзинь шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышууда. Ал жыйынга катышуу үчүн Кытайга 31-августта сапар алган. Дүйнөдөгү геосаясий мааниси бар жыйын катары сыпатталып жаткан жолугушуунун Кыргызстанга кандай мааниси бар?
Президент Садыр Жапаров медициналык кызматкерлерди даярдоо тармагына мамлекеттик монополия киргизүү боюнча жарлык чыгарды. Анда жалгыз монополист катары Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тандалган.
Түркмөнстанда артисттерге, ырчы-бийчилерге жана башка аткаруучуларга өлкөнүн эгемендик күнүндө "сымбаттуу көрүнүшү" үчүн арыктоого бир канча жума берилди.
Башкы прокуратура Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекетке 27 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп, коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду. Министрлик каржылык мыйзам бузууну ырастап, тергөөнүн дыкат жүрүшүнө кызыкдар экенин билдирди.
12-августтан бери Жениш чокусунда 7000 метр бийикте калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу жана эки ирандык альпинист Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфолланы издөө иштери аба ырайынын начардыгынан улам 2026-жылдын жайына чейин токтотулду.
Дагы жүктөңүз