Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери окуянын чоо-жайын иликтемей болушту. Маркумдар эндик терип жүрүп чек арадан өтүп кеткен деген маалымат тарады. Жакындары алар мал издеп жүрүп, байкабай калган деген божомолду айтууда.
Айгыр-Жал айылынын башчысы Каныбек Эргешов билдиргендей, маркумлар 12-августта мал издеп үйүнөн чыгып кетишкен, чек арадагы окуя 15-августта болгон.
"Балдар жылкы издеп чыгып, Өзбекстандын чек арасына өтүп кетиптир. Ошол күндөн баштап изделип, кечээ табылып келди. Биз 100гө жетпеген түтүн эки өлүктү жайгаштырыш да оор болуп жатат. Алар 22-27 жаштагы жаш балдар эле”.
Каза болгондор бир туугандар, улуусу 1997-жылы, кичүүсү 2003-жылы туулган. Биринин артында үй-бүлөсү калды, экинчиси үй-жайлуу боло элек экен.
“Чек-арадан ары өтүп билбей өтүп алганго. Жакындарыбызды жоготкондо айтат экенсиң да. Сөзсүз эле атып өлтүрүп салыш керекпи, жөн эле камап койсо болбойт беле деп ичтен сызып жатабыз. Кандай себеп менен алардын мындай жолго барганы белгисиз болуп жатат. Бирөөсү үйлөнө элек, биринин төрт баласы бар, жаш үй-бүлө болчу. Артында үй-бүлөсү, ата-энеси, тууган-урук калды сыздап”, - деди маркумдун ысымын атоону каалабаган жакыны.
Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери окуянын чоо жайын 2-сентябрдан тарта биргелешип иликтөөнү макулдашканын маалымдады.
“Өзбек тараптын айтымында, кармоо аракетинде алар талаптарды аткарбай, чек арачылар курал колдонушкан. Алган жаракаттардан улам каза болушкан. Мындан тышкары, өзбек тарап каза болгон жарандардын табылган мүлкүн – үч жылкыны жана бир чатырды Кыргыз Республикасына берүүгө даярдыгын билдирди", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.
Чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов кыргызстандык эки жарандын октон каза болгону тыкыр териштирилиши керек деп эсептейт.
"Бул иш сөзсүз түрдө иликтениши керек. Кандай жагдайда жанагы кишилерге каршы ок чыгарылган, каршылык көрсөткөндүн формасы кандай болгону ачыкталышы керек. Мисалы, каршылык көрсөткөндүн түрү бар, курал жаңсап каршылык көрсөтсө болот, бычагы барбы, мушташа кеттиби, ошону аныкташ керек. Атып салууга мажбур кылганбы же жокпу дегендей. Бул эң жаман окуя. Чек араны чечтик, бүттү деп атпайбызбы, бирок мындай адамдын өмүрү кыйылган окуя эң жаман көрүнүш. Коңшу өлкө катары аларды атып салбай эле кармап, камап туруп биздин чек арачыларга кабар берсе болмок. Он киши барып, курчап туруп деле кармаса болмок да".
Маркумдар эндик чөбүнүн тамырын казып жүрүп коңшу өлкөнүн аймагына өтүп кеткен деген да маалымат тарады.
Эндик сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген өсүмдүк. Айрым аймактарда анын тамырын казып, сатуу менен алектенген учурлар катталган. Былтыр октябрда Чаткалда эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп тоого кеткен 14 киши дайынсыз жоголгон. Кийин алардын сегизи аман-эсен табылып, калган алтоо кар көчкүнүн алдында калганы белгилүү болгон.
Кыргызстан 2024-жылы бул чөптү казууга мораторий киргизген.
Шерине