Бул чечимге соңку жылдары дарыгерлерди даярдоонун сапаты түшүп кеткени себеп деп жазылган.
Жарлык медицина жана фармацевтика багытындагы кадрларды даярдоо системасын түп-тамырынан жаңылоого, алардын квалификациясын жогорулатууга, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган. Мындан тышкары билим берүү уюмдарынын материалдык техникалык базасын чыңдоого басым жасалат.
“Акыркы жылдары билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия алган жеке медициналык окуу жайлардын саны кескин көбөйдү. Бирок алардын көбүндө клиникалык база жетишсиз, окутуучулардын курамы квалификациялык талаптарга жооп бербейт, ал эми окуу процесси негизинен формалдуу диплом берүүгө жана минималдуу практикалык даярдыкка гана багытталган.Мунун натыйжасында жыл сайын билими жана практикалык көндүмдөрү жетишсиз жүздөгөн адистер чыгарылууда. Бул медициналык билим берүү системасына болгон ишенимди солгундатат жана кыргыз дипломунун эл аралык аброюна зыян алып келүүдө”, - деп жазылган билдирүүдө.
Документке ылайык, монополист болчу медициналык академия мамлекеттик жогорку окуу жайы катары жогорку медициналык жана фармацевттик билимдүү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу укугуна ээ болот. Жогорку медициналык окуу жайлар үчүн аккредитация институту түзүлүп, келерки жылы 1-июнга чейин окуу жайларга аккредитация жүрөт. Андан өткөн мекемелер медициналык академиянын филиалы же түзүмдүк бөлүгү катары ишмердигин жүргүзө алат. Буга удаа эле медициналык билим берүүнүн бирдиктүү стандарты даярдалат.
Бул жарлыктагы талаптардан улам жеке менчик окуу жайлардын ишмердигине тынчсыздангандар болду. Учурда Кыргызстандагы 34 окуу жайда медициналык билим берилсе, анын 12си мамлекеттик, 22си жеке менчикте. Мындан тышкары лицензия алып, ишмердигин жүргүзбөй жаткан мекемелер да бар.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев муну медициналык билим берүү тармагын иреттөө деп түшүндүрдү.
“Бул жеке менчик окуу жайларга тоскоолдук эмес. Азыр ал окуу жайлардын сапаты төмөн жана Кыргызстандын аброюна шек келтирип жатат. Мамлекеттик медициналык академиянын деңгээли кыйла жогору, ал Советтер союзу маалында алдыңкы институттардын бири болгон. Биз окуу материалдарын, аккредитациялык деңгээлин, мугалимдердин квалификациясын жана башка маселелерди өз ордуна коёбуз”.
Кыргызстанга четтен келип жогорку билим алгандардын басымдуу бөлүгү медицина тармагында окушат. Бир учурда өкмөт билим берүү экспортуна басым жасап, чет өлкөлүктөрдү тартуу менен экономикалык пайда көрүүнү көздөгөн. Анын арты менен өткөн жылы Кыргызстанда четтен келип окуган студенттердин саны 70 миңден ашкан. Алардын көбү медицина тармагында билим алган Индиядан, Пакистандан келген жарандар.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев медициналык окуу жайларга талаптын жогорулашы замандын талабы дейт.
“Кээ бир университеттерде клиникалык базасы жок, 9-10 койкасы бар клиниканы көрсөтүп, мамлекеттик ооруканалар менен келишим түзө коюп, бизде шарт бар деп көз боёмочулук кылып келатышат. Башка тармактарда бул байкалбашы мүмкүн, медицинада окутуу деген теория менен китепти жаттатып коюу эмес. Ар бир студенттин сыркоолорду көрүп, алардын бардык тарыхчасы менен таанышып, ооруну практикада көрүп, процесске катыша алганга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө андай жок. Мамлекет бул саясатты туура эле кылган. Анткени мүмкүнчүлүк болсо, билимди, илимди экспорттоп, мамлекеттин өнүгүшүнө пайда келтирчү тармак. Ошол эле учурда көп жылдан бери мүмкүнчүлүктү колдонуп, бирок көп жылдан бери өзүнүн клиникасын курбай келгени - өзүнүн кемчилиги. Кыргызстандын атынан берилген дипломдорду саткандай эле болбосун деп ушундай чечим кабыл алынган деп ойлойм”.
Батыралиев жарлыктагы маселе туура көтөрүлгөнүн, алдыда жумушчу топтун чечимине байланыштуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин белгиледи. Жарлыкты ишке ашырууда тең атаандаштык жараткан системанын түзүлүшү маанилүү экенин белгиледи.
Кыргыз өкмөтү медициналык окуу жайларга көзөмөлдү күчөтүүнү буга чейин эле көтөргөн. Быйыл июнда медицина жана фармацевтикалык окуу жайларга лицензия берүүгө эки жарым жылга тыюу салган. Мындагы максат дарыгерлерди даярдоонун сапатын көтөрүү деп жазылган. Жылдын башында билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаевага сөгүш берилип, орун басары Расул Абазбек уулунун кызматтан алынышын бир себеби ушул маселе болгон.
Кыргызстандын медициналык кесиптик кошуунунун төрайымы Бермет Барыктабасова медициналык кадр даярдоодо өлкөнүн муктаждыгы алдыда болушу керек деген пикирде.
“Жарлыктын түшүндүрмөсүндө жеке менчик окуу жайлардын сапаты начар, деңгээли төмөн деп жазылган. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин биринчи тапшырмасы чет элдиктерди окуткан окуу жайларды текшерип, сапатын баалоо эмес. Чет элдик кадрларды даярдап чыгаруу биринчи милдет болуп калдыбы? Кыргызстандык студенттерден аймактарга кимди жөнөтүүнү билбей калышат. Муну жергиликтүү бийлик менен кеңешип, муктаждыкты камсыздап турушу керек”.
Ал мындан тышкары медицина жаатында билим берген мекемелер Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алганы үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлү жок болуп калганын кошумчалады.
"Эгер бул жоопкерчиликти Саламаттык сактоо министрлигине беришсе, анда окуу жайларды текшерүүгө мүмкүндүк алат. Анткени бул мекемелер эл аралык, улуттук, клиникалык протоколго туура келиши керек. Ким бул эрежелерди сактабагандын баарына чара көрүлүшү керек. Чет өлкөлүк лекторбу, же башкабы, баарына бирдей талап. Ал эмнени окутат, саламаттыкка коркунуч келтирчү ыкмалар, тажрыйбалар жокпу... Азыр эми көзөмөл укугу берилип жатат, бул аябай чоң иш. Бирок монополия дайыма коррупциялык коркунучтарды жаратат. Ошол жагын катуу көзөмөлгө алуу маанилүү".
Министр Чечейбаев буга чейин мамлекеттик медициналык окуу жайды бүтүргөндөрдүн 10% гана мамлекеттик мекемелерге жумушка орношорун айткан. Ал контракт төлөп билим алган дарыгерлерди да үч жыл бою мамлекеттик ооруканаларга жумушка тартууну сунуштаган. Учурда 3 жарым миңден ашык штаттык орун бош турганын, кадр жетишпестиги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда да басымдуу экенин белгилеген.
Шерине