Бул арада камсыздандыруу компаниялары жол кырсыктары көп катталып жатканын билдирүүдө. Мисалы, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы жарым жыл ичинде эле ОСАГО боюнча 13 миллион сом төлөп берген.
Жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлери бул күндөрү жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп, милдеттүү камсыздандыруу полисин текшерүүдө. Көпчүлүк айдоочулар электрондук полиси бар экенин айтып, аны көпкө чейин издеп калып жатышат.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-июлдан бери ОСАГОну албаган 3 410 айдоочуга протокол толтуруп, айып салганы белгилүү болду.
"Көбүндө бар экен. Бирок, колдон келсе электрондук форматта төлөгөндү кагаз барагына чыгарышса жакшы болмок", - деди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери Айжамал Айтимбетова.
2025-жылдын 1-январынан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынып баштамак. Декабрь айынын соңунда Министрлер кабинети бул мөөнөттү 1-июлга чейин жылдырган. Июнь айынын аягында полис алууда кезек узарып кеткендиктен, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму мөөнөт 1-сентябрга чейин узартылганын айтып, кийин Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы аны четке каккан.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кийин түшүндүрмө берип, “мыйзам иштеп баштаганын, айып пул салса болорун, бирок инспекторлор көбүнчө айдоочуларга эскертүү берип жатканын” билдирген. Мекеме өкүлдөрү 1-сентябрга чейин “өткөөл убакыт” экенин тактап, андан соң айып пул салынарын ырастаган.
Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын маалыматында, Кыргызстанда 1 миллион 600 миңден ашык айдоочу болсо, ушул тапта алардын жарымы гана полис алган.
Башкы прокуратуранын маалыматында быйыл жарым жыл аралыгында эле 3729 жол кырсыгы катталган, бул былтыркыга салыштырмалуу 22% көп. Кырсыктардан 5 жарым миндей жабыркап, 346 киши каза болгон. Бардык кырсыктын дээрлик жарымы Бишкекте катталган.
“Жол кырсыктары боюнча бизге 242 млн сом чыккан. Биз 150 млн сом төлөп бергенбиз”, - деген маалыматты жеке камсыздандыруучу компаниялардын биринин кызматкери
Эмирлан Жаныбеков берди.
Биз барган камсыздандыруучу компаниянын кызматкерлери жол кырсыктары көбөйүп жатканын, бул жерде күнүнө 10-12 жол кырсыгы катталып, тейленип жатканын айтышты. Кырсыкка көбүнесе таксисттер жана 3 жылга чейин гана тажрыйбасы бар жаш айлоочулар кириптер болуп жатканын кошумчалашты.
"2025-жылга чейин, бүгүнкү күнгө чейин биз 3 млн 400 миң сомдун полис бердик, - деген Эмирлан Жаныбеков жол кырсыгына кабылган тараптар биринчи кезекте жол инспекторуна кайрылып, ОСАГО боюнча тийиштүу документтерди камдашы керектигин эскертти:
"Эреже бузуу тууралуу протоколду Жол коопсуздугу кызматынан, айдоочулар кайсы пунктта мыйзам бузуу болгону тууралуу толтуруп бериши керек. Айдоочу алкоголду, баңгизаттарды колдонгонбу-жокпу деген акт, окуя болгон жердин схемасы, эки айдоочунун тең түшүнүк каты керектелет", - деди ал.
Камсыздандыруу компаниясы айдоочулардын айыбынан улам жабыркаган автоунаанын оңдоого кеткен 150 миң сомдук гана чыгымые жаап берет. Эгер сиз бир нече машинени жабыркатсаңыз анда төлөнчү сумма 450 миң сомдо ашпайт. Эгер сиз себеп болгон кырсыкта кимдир бирөө жараат алса, ага 100 миң сом төлөнөт, эгер ал адам майып болуп калса, ага 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин берилет.
Шерине