Ошол эле маалда адистер бул көрүнүш өлкөдө аялдардын өз саламаттыгына кам көрбөгөнү, үй-бүлөнү пландаштырууга көңүл бурулбаганы, социалдык камкордуктун жоктугу өңдүү көйгөйлөрдүн бетин ачканын айтышууда.
Балдарын ээрчитип, атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевден үй сураган жубайлардын видеосу интернетке ушул жумада тарады. Анда бала жетелеген аял иш сапарда жүргөн УКМК төрагасына жолугуу үчүн келгенин көрүүгө болот.
“Үч күндөн бери артыңыздан жүрөм. Үйүм жок жүрөм”, - дейт үч-төрт бала ээрчиткен аял.
Камчыбек Ташиев андан кийин аялдын күйөөсүн жемелеп, 37 жашка чыкканга чейин үй салбаганына нааразы болгон.
“Отуз жетиге келгенче үй салбай эмне кылып жүрөсүз? Менин артыман чуркап жүрө бересиңерби? Төрт саныңыз аман, ден соолугуңуз жакшы экен. Акыл-эс жайында, иштегиле да. Кичинкей балдарды убара кылып сүйрөбөй үй салгыла. Чуркабагыла менин артыман. Баккыла балдарды. Тогуз баланы төрөтүпсүз, төрөткөндөн кийин үй салыңыз, кийиндириңиз, ичиндириңиз. Ипотекадан мыйзам чегинде үй алыңыз. Мындан ары артыман чуркаганды токтоткула. Ар бир адамга үй салганга менде мүмкүнчүлүк жок. Кыргызстанда сиздей адамдар миңдеп саналат. Себеби, ушундай шарттар мурда түзүлүп калган”.
Ташиев учурда аз камсыз болгон 70 миңдей адам үчүн мамлекет үй салып жатканын кошумчалаган. Андан кийин ары жакта турган акимди чакырып, бул үй-бүлөгө жер участогун бөлүп берүүнү тапшырган.
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы буга чейин көп балалуу, жалгыз бой энелерге үй салып бергени тууралуу маалыматтар чыккан эле. Былтыр ноябрда ал тоолуу, шарты катаал аймактарда жети балалуу болгондорго 1 миллион сомдон, ал эми тогузунчусун жарык дүйнөгө алып келгендерге 1,5 миллион, онунчу баласы төрөлгөндөргө 2 миллион сом берилерин билдирген.
Быйыл май айында Жалал-Абаддагы төрөт үйүнүн ачылышына барганда журналисттин суроосуна жооп берип жатып Кыргызстандын калкы 10 миллионго жетиши керектигин айткан.
"Эл жоопкерчилик алгандарга ишенет"
Талдоочу Руслан Акматбек көп балалуу эне менен УКМК төрагасынын диалогу Кыргызстандагы тамыры тереңге кеткен көйгөйдү көрсөттү деген пикирде.
“Ушул окуя Кыргызстанда социалдык көйгөйлөр кантип чечилерин же чечилбей турганынын даана көрсөткүчү. Аял көйгөйүн чечүү үчүн тийиштүү министрликтерге кайрылышы керек эле, анын ордуна мамлекеттик коопсуздугун камсыздаган кишиге кайрылып жатат. Бул эмне дегендик? Экинчиден, биздин жетекчилер көйгөйдү системдүү түрдө чечүү ордуна бир кишиге же окуяга көңүл бөлүп, анын маселесин чечип жатат. Баарыбыз аны мактайбыз, ага эл дагы көндү. Социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жол-жобосу, элде кимге кайрылам, кайсы учурда кайрылам деген маданият беш жылда калыптанышы керек эле. Андай болбой, баары бир кишинин ырайымына жараша чечилип келет. Ооба, балким ал үй-бүлөдө да күнөө бардыр. Бирок алар башкалар үй-жай алып жатканын интернеттен көрүп турат да. Бул Эгемендик алгандан бери, 34 жыл ичинде социалдык көйгөйлөрдү чече турган институт калыптанбаганын көрсөтүп турат. Маселени же бийлик, же шайлоодо талапкерлер, же меценаттар чечип келет. Эл дагы ошон үчүн бирөө келип, көйгөйдү чечет дегенге ишенип алган”.
Видео социалдык желеде тарагандан бери айрым колдонуучулар үй сураган аялдын өзүн күнөөлөшүүдө. Алар "бага албагандан кийин тогуз баланы эмнеге жарыкка алып келди?" деген суроо коюшкан. Соңку жылдары балдарын жетелеп алып, кайыр сурап, күн көргөн келиндер көбөйгөнүн мисал келтиргендер да бар.
Окумуштуу, профессор Венера Сайпидин адам балалуу болуудан мурда жоопкерчилик алууга үйрөнүшү керектигин белгилеп, мамлекет ошондой коом түзүүгө аракет кылууга тийиш дейт:
“Баланы жараткандан кийин ага жакшы тамак берип, жакшы кийинтип, жакшы билим, тарбия бериш керек. Бул чоң жоопкерчилик, чоң эмгек. Өнүккөн өлкөлөрдө айрым адамдар ошого даяр эмес болгондуктан, ата-эне болуудан баш тартышат. Ал эми жакыр өлкөлөрдө үй-бүлөнү пландаштыруу арткы планда. Экинчиден, авторитардык түзүлүш өнүккөн дүйнөгө эмнеге туура келбейт? Анткени жамааттык жоопкерчиликти бир-эки эле киши алып, баарын өздөрү чечүүгө убада беришет. Карапайым адамдар ага ишенет. Жоопкерчиликти өзүнөн ыргытканда адам жеңилдей түшөт да. Анан мамлекетке "бизге үй куруп бер, жол куруп бер, баламды бак" деп милдет кыла баштайт. Мындайча айтканда даярга тап, кол караган катмар көбөйтөт. СССР эмнеге кыйраган? Анткени элде жоопкерчилик алуу, өзү жарыша оокат кылуу деген жок болчу, мамлекеттин көзүн карагандар көп болчу. Үчүнчүдөн, адам баланы өзү үчүн эле төрөбөйт. Эл үчүн, мекен үчүн да төрөйт. Андай болгондон кийин мамлекет демография саясатын колго алып, же Орусиядагыдай элдин санын көбөйтүү үчүн шарттарды түзөт, же бир кездеги Кытайга окшоп төрөттү чектейт. Бирок азыр Кытай үч балалуу болууга уруксат берип жатат”.
"Аял дагы, эркек дагы дарыланбайт"
2023-жылы тогуз айда Кыргызстандын калкынын саны 92 800 адамга көбөйүп, 7 млн 130 миң адамга жеткени кабарланган. Коомдук саламаттык институтунун жетекчиси Жаркынбек Касымбеков мамлекеттин кубаттуулугу калктын саны менен дагы өлчөнөрүн белгиледи.
“Адам саны көп болсо мамлекетке жакшы, армиясы, экономикасы күчтүү болот. Ошого жараша мамлекетте билим берүүнү жакшыртуу, тарбия иштери, социалдык колдоо, жакырчылыкты жоюу деген көп иштер жүрүшү керек. Жаштарга үй-бүлөнү пландаштырууну түшүндүрүү абзел. Эне боло турган аял алдын ала текшерилип, балдарынын ортолору 2,5-3 жыл болушу керек. Анткени төрөттөн кийин аялдын ден соолугу калыбына келүүгө тийиш. Мурда бизде ар бир бейтапканада аялдарга кеп-кеңеш берген бөлмөлөр бар эле. Ал жерде болочок энелерди үй-бүлөнү пландаштыруудан тарта баланы эмизүүгө чейин үйрөтчү. Ошолорду кайра жандандыруу керек. Болочок аталардын мектебин дагы ачуу керек. Ал жерде эркектерге жоопкерчилик алууну, үй-бүлөнү багууну, каржылык сабаттуулукту үйрөтсөк оң болмок. Бул иштерге көп деле акча кетмек эмес”.
Кыргызстанда эне-баланын саламаттыгы олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Мындан улам төрөт маалында каза тапкан аялдар да болгон. Адистер ошол эле маалда эрте никеге туруу жана эрте көз жаруу көрүнүшү көйгөйдү курчутуп жатканын белгилешип, жыныстык сабаттуулукту көтөрүүнү сунуштап келишет.
Зарыл (аты өзгөртүлдү) Бишкектеги гинекология бөлүмдөрүнүн биринде дарыгер. Ал соңку жылдары ден соолугуна кам көрбөгөн кыз-келиндер көбөйгөнүн айтты:
“Аялдар келгенде “Сактанып атасыңбы, пландаштырып жатасыңбы?” деп сурайм. “Жок, сактанган эмесмин, анын эмне кереги бар?” дешет. Анан боюна бүтсө, аборт кылыңыз деп чуркап келишет. Врачка көрүнгөнгө убакыт таппайт, бирок бойдон алдырганга убакыт табышат. Мен ошого такыр түшүнө албайм. Көп аялдарда сезгенүү, эрозия бар. Айрыкча эрозияны дарылоого акча керек. Дарыгерге келип кайра-кайра көрүнүп, узак убакыт байкоодо болушу керек. Көпчүлүк аялдар ага чыдабайт, келбей коюшат. Күйөөсүнүн урологиялык көйгөйү бар, аны дарылабайт, анан аялын улам-улам оорута берет. Эрозия айыкпагандан кийин дарыгер бойго бүтүрбөөчү каражатты сунуштай албайт. Аялдар өзү дагы ден соолугун ойлоп, эки-үч баламды чоңойтуп алайын, өзүм эле кыйналам деп ойлонуп, контрацептивдик дары ичсе болот да. Аны алганга акча жок дешет, ошол эле маалда Айфон көтөрүп жүрүшөт”.
Баатыр энелер канча жөлөк пул алат?
Расмий маалыматтарда Кыргызстанда “Баатыр эне” орденин алган 40 миңдей аял бар. Быйыл жети жана андан ашык бала төрөгөн 1413 аял "Баатыр эне" ордени, ал эми алты балалуу 1232 келин "Эне даңкы" медалы менен сыйланган.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз катчысы Айзада Рахимова көп балалуу энелер мамлекеттен кандай колдоо алат деген суроого мындай жооп узатты:
“Мыйзамга ылайык, пенсия алууга укугу жок 55 жашка чейинки баатыр энелерге жөлөк пул чегерилет. Бүгүнкү күндө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 3 миң сомду түзөт. 2024-жылы декабрь айында президенттин бийлик тоолуу райондордогу 4-10 баласы бар энелерге бир жолу "Бала Береке" төлөмүн берүү жарлыгы чыккан. Ага ылайык, бир жашка чыккан төртүнчү балага 100 миң сом, жетинчи балага 1 млн сом, 10 жана андан ашык балдарга 2 млн сом берилет. Жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да берилет. Үй-бүлөнүн жалпы кирешеси ар бир мүчөсүн эске алганда миң сомдон ашпаган учурда жөлөк пулдун өлчөмү 1200 сом”.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Бала Береке" төлөмү Кыргызстандын келечегине, үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө стратегиялык инвестиция экенин айткан.
Ал муну менен катар үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү кайра киргизүүнү сунуштаган.
Шерине