Transparency International 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны катаалдаштыруу мыйзамы күчүнө кирди. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштей албайт.
2024-жыл Кыргызстанда саясат кызыган жылдардын бири болду. Жыл ичиндеги саясий окуяларды анализдеп, оппозиция, камоолор, саясий жүрүштөргө көз чаптыралы.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйын уюштурду. Ал 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын ушул мезгилине чейин мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом (1 млрд 945 млн 515 миң доллар) кайтарылганын билдирди.
Кыргызстанда Абхазия, Армения жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунаалардын мыйзам бузуусун аныктоо үчүн текшерүү уланып, учурда 300дөн ашык машине айып жайына токтотулду.
“Бейбаштык” жана “чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып төлөгөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго чыккан сот өкүмү жарыяланды. Анда Матраимов кримтөбөл Камчы Көлбаевге таянып, 2022-жылы кайрадан бажыда коррупциялык схема түзүүгө аракет кылганы жазылат.
Биринчи май райондук соту мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду “бейбаштык” жана “чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салганы белгилүү болду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сунуштаган коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.
Күч органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитети жактырды.
АКШ трансулуттук баңгизат соодасынын маанилүү көзүрү деп таанып, “кара тизмеге” киргизген, кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын күч органдарынын кармоо операциясында жок кылынганына бир жыл болду.
Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк берүүдөгү паракорчулукка шек саналып кармалган кызматкерлер тууралуу комментарий берди. "Кабар" агенттигине курган соңку маегинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигиндеги (мурдагы "Унаа") коррупциялык схема болгонун айтты.
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков 13-сентябрда кармалганы белгилүү болду.
Дагы жүктөңүз