Адистер бир жыл ичинде 100-200 миңдей мигрант кайтышы мүмкүн экенин, натыйжада өлкөдө жумушсуздук күч аларын эскертүүдө.
Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери бир айдай болуп калды.
25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул дыйкандарга тоскоол болбой койгон жок.
Кыргызстанда сомдун куну түшүп атат. 3-апрелге карата 1 доллар 84 сомдон ашты. Буга удаа эле азык-түлүктүн да баасы өсүп кетти.
Жалал-Абадда жазгы талаа иштери карантинге карабай өз нугунда жүрүүдө. Аймакта учурда жазгы айдап себүү 39% аткарылды. Пахта жана дан эгиндеринен сырткары быйыл дыйкандар жашылча өстүрүүгө да кызыгып жатат.
Ошто шаардыктардын сыртка чыгышына күндөн-күнгө көзөмөл күчөтүлүп жатат.
Сузак районунда 18-марттан тартып жарыяланган өзгөчө кырдаалдан кийин бир топ үй-бүлөлөрдө азык-түлүккө муктаждык жаралды. Райондун Лавдан-Кара айылындагы көп балалуу Каримовдордун турмушу кыйын кырдаалга туш келди.
Нарын облусунда быйыл жылдагыдан мал кымбат. Маселен, бодо мал былтыркы жылга салыштырмалуу 10 миң сомго, ал эми майда жандыктар 5 миң сомго чейин кымбаттаган.
Кыргызстандын Улуттук банкы коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу коммерциялык банктарга ишкерлер алган насыяларды төлөө мөөнөтүн узартуу сунушун берүүдө.
Премьер-министр азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн өкмөт зарыл чараларды көрүп жатканын билдирди.
Кыргызстанда эл эки күндөн бери азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Буга коронавирус коркунучуна байланыштуу "чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болот экен" деген маалыматтар себеп болгон.
Улуттук банк валюталык рыноктогу жагдай тууралуу билдирүү жасап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бирок доллардын кымбатташы калкты санаага салды.
Дагы жүктөңүз