Кыргызстанда эл эки күндөн бери азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Буга коронавирус коркунучуна байланыштуу "чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болот экен" деген маалыматтар себеп болгон.
Улуттук банк валюталык рыноктогу жагдай тууралуу билдирүү жасап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бирок доллардын кымбатташы калкты санаага салды.
33 жаштагы Жайна Раева Бишкекте беш жылдан бери тигүү цехин иштетет. Адеп онго жакын тикмечи менен иш баштаган ишкер аял азыр алардын санын 100гө жеткирген. Кыргызстанда тигүүчүлүк менен алектенген ишкерлердин көбү аялдар.
Кыргызстандан Кытайдын товары кездешпеген базарды элестетүү кыйын.
Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу бир катар өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жаап, аба каттамдарын токтотту. Кыргызстан Кытайдан негизинен электроникалык техникаларды, курулуш материалдарын, текстиль товарларын алып келет. Чек аранын жаб
Өкмөт Кыргызстандын аэропортторун жеке колго берүү демилгесин кайрадан көтөрүп чыкты.
Акыркы күндөрү Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында Орусия менен Беларустун мунайга байланышкан мамилелери, казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал бул уюмдун тегерегиндеги талкууга кайрадан жем таштады.
Коомчулукта кытайлык инвестор курары айтылган логистикалык борбор боюнча түпөйүл ойлор бар.
2019-жылы Кыргызстан макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн туруктуу сактоо менен чыкты.
Соода борборлорунда жаңы жылга даярдык учурунда баалардын кымбаттаганы анчалык деле байкалбайт. Соодагерлер бул көрүнүштүн себебин базарда атаандаштык көп экени менен түшүндүрүп жатышат. Кардарлардын пикиринде соңку кезде майрам үчүн ашыкча каражат которткондордун саны азайды.
БУУнун өндүрүштү өнүктүрүү долбоору Ысык-Көл аймагында чогултулган экологиялык жактан таза, дары чөптөрдү кайра иштете турган чакан цех ачты. Азырынча ички базарды гана камсыз кылган бул цех 27 түрдүү чай чыгарууда.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу ишкердикти кантип башташ керектиги тууралуу баарлаштык. Бул үчүн студиябызга өз ишин баштаган айымдарды топтодук. Алар бул багыттагы тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
Дагы жүктөңүз