Ош шаардык прокуратурасы «Кыргыз Текстил ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады.
Кыргызстан азык-түлүктүн 60% ашыгын чет өлкөдөн ташыйт. Мунун айынан азык-түлүктүн баасы дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.
“Дордой” базарындагы соодагерлер салык төлөөдөн баш тарта турганын айта башташты.
Бишкектин акча алмаштыруу жайларында бир доллар 81 сом 95 тыйындан сатылып жатат. Чет элдик валютанын кымбаттап жатышы базардагы баага да таасир этүүдө.
Бул Жалал-Абад облусунун дыйкандарын санаага салууда.
Уй жана кой эти 350 сомдон 400 сомго чейин бааланып жатса, айрым жерлерде баа андан да көтөрүлдү.
Ишкерлер адатта Кытайдан ташылып келген товар тартыш болуп, соодасы зыян тартып жатканын айтышууда.
Кыргызстандагы аялдардын 64% айыл жерлеринде жашайт жана алардын көпчүлүгү жумушка жарамдуу катмар. Бирок элеттик кыз-келиндерди жумушка тартууда дагы эле кыйынчылыктар көп.
2-сентябрь күнү «Достук», «Кызыл-Кыя», «Кадамжай», «Маданият» жана «Баймак» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде чектөөлөр алынды. Алардын эң ириси «Достуктан» алгачкы күнү эле миңдеген адамдар өттү.
Дагы жүктөңүз