Аксынын Өлөң-Булак айылындагы сулуулук салонунан эл үзүлбөйт. Ондон ашык кызмат көрсөткөн бул жайды Күмүшай Абдыкалыкова донорлордун жардамы менен түптөгөн. Жергиликтүүлөрдүн айтымында элетте соңку жылдары эл аралык уюмдардын көмөгү менен ишкерлик кылган аялдардын саны көбөйгөн.
Кыргызстан Орусиядагы "Росатом" корпорациясы менен атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча келишим түзүүгө белсенип жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 25-мартта “Атомэкспо” форумунда билдирди.
Кыргызстанга Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарынын саны өсүп жатканы айтылууда.
Президент Жапаров мүлкүн жашырып жүргөндөрдү байлыгын легалдаштырууга чакырып, мурда башкаларга каттаткан 20 млн долларлык мүлкүн өзүнө жаздырганын жарыялады. Кирешени легалдаштыруу боюнча мыйзам 1-июлга чейин күчүндө экенин эскертип, 100% коопсуздукка кепилдик бардыгын белгиледи.
Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусунда картөшкө айдоону азайтып, кызылча эгүүгө басым жасаларын билдирди. Айрым адистер бул көл кылаасынын экологиясына кесепетин тийгизерин эскертүүдө.
Кыргызстандагы эң ири көмүр кендеринин бири Кара-Кечеде ушу тапта иш кайнап жаткан учур.
Президент Садыр Жапаров чет өлкөдөн келген инвесторлорду алдап кеткен фактылар катталып, укук коргоо органдары алгарга чара көрүп жатканын маалымдады.
Өлкөнүн базарларында ККМге каршы нааразылык акциялары уланууда. 4-декабрда Бишкекте “Дордой Моторстогу” соодагерлер чыгып, патент системасын калтырууну талап кылышты. Президент Садыр Жапаров атайын комиссия түздү. Ал арада өкмөт ишкерлерди текшерүүгө жарым жылга мораторий киргизгени маалым болду.
Акыркы күндөрдө көзөмөл кассалык машиналарга байланыштуу өлкөнүн "Дордой" баштаган бир катар базарларында ишкерлердин нааразычылык митингдери өттү. Президент Садыр Жапаров андан улам атайын комиссия түздү. Бүгүн биз салык саясатын жана ага байланыштуу соңку окяларды талкуулайбыз.
Балыкчы шаарынын тургуну Акжолтой Алмерекова 23 жылдан бери балык сатып иштейт. Анын балыгын Ысык-Көлдө гана эмес Чүйдө, Ошто, Жалал-Абадда да тамшанып сурашат. Ишкер бейөкмөт уюмдардын жөлөгү менен ийгилиике жеткенин айтат. Эми цех ачып, ишин кеңейтүүнү максат кылууда.
Дагы жүктөңүз