Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Инвесторду үркүткөн алдамчылык жана опуза


Ак үй. Бишкек
Ак үй. Бишкек

Президент Садыр Жапаров чет өлкөдөн келген инвесторлорду алдап кеткен фактылар катталып, укук коргоо органдары алгарга чара көрүп жатканын маалымдады.

Мурдараак мамлекет башчынын айланасындагы адамдарга жакын кишилер инвесторлорду опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Мунун фонунда Кыргызстанга кирген түз инвестиция кыскарып жатат.

“Инвесторлорду алдагандар камалат”

Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров өлкөдөгү инвестициялык жагдай жөнүндө билдирүүсүн Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды. Үч тилде койгон постунда ал акыркы жылдары Кыргызстанга чет мамлекеттерден инвесторлор көп келгенин белгилеп, ошол эле маалда алар түрдүү көйгөйлөргө кабылып жатканын билдирди.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатат. Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө. Урматтуу мекендештер! Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды”, – деп жазган мамлекет башчы.

Президент андан ары инвесторлорго түз кайрылып, аларга жалаң мамлекеттик мекемелер менен иштөөнү сунуштады. Ал мунун ичинде Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчыларын атады. Жапаров мекемелердин жетекчилерине эскертүү берип, бюрократияны азайтууну жана инвесторлорго шарт түзүп берүүнү талап кылды.

Мунун артынан эле тиешелүү органдардын жетекчилери мамлекеттик медиаларга удаа-удаа интервьюларды берип, инвестициялык климат жөнүндө маалымат таратууга өтүштү.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев “Биринчи радиого” курган маегинде мамлекет башчы айткан фактыларды эсептеп берди:

Жалын Жээналиев
Жалын Жээналиев

“Эгер даттануулар жөнүндө айта турган болсок, алар өтө көп эмес, бирок бар. Мындай арыздарды кабыл алуу Министрлер кабинетинин “Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби” тиркемесинин алкагында жүрүп жатат. Ошонун алкагында биздин агенттикке инвесторлордон түрдүү маселелер боюнча 21 даттануу келип түштү. Анын ичинде чет элдик да, жергиликтүү да инвесторлор бар. Алардын арызы даттануулар реестрине киргизилип, териштирилип жатат. 10 факты боюнча Инвесторлорду коргоо механизми колдонулган жок. Себеби алардын үстүнөн кылмыш иштери козголуп, соттук отурумдар жүрүп жатат. Ошондуктан бул иштерге биз кийлигише алган жокпуз. Калган 11 даттануу тиешелүү формада каралып, төртөө сүйлөшүү жолу менен оң жагына чечилди. Мунун натыйжасында 80 млн АКШ доллары көлөмүндө инвестиция жана 400дөй иш орун сакталып калды. Маселе чечилгенден кийин инвесторлор ал тургай жумуш орундарын 1500гө чейин көбөйтүүгө кызыгып турат”.

Жээналиев инвесторлор негизинен мамлекеттик органдарга, анын ичинде мамлекеттик же жергиликтүү бийликтердин жана салык башкармалыктарынын үстүнөн кайрылып жатканын кошумчалады. Тагыраагы, ишкерлер жер тилкеси берилбей, кен казууга уруксат ала албай жатканын, мойнуна ашыкча салык илинип жатканын жана башка маселелерди мисал келтиришкен. Мындан сырткары жеке аткаминерлердин сый акы сураганына жана жеке адамдар алдап кеткенине да даттанган ишкерлер бар.

“Бир пост менен маселе чечилбейт”

Арийне, соңку учурларда инвесторлорду алдап же опузалап акчасын алып алган кеминде төрт-беш факты ачыкка чыкты. Маселен, 25-сентябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) инвесторлордон опузалап акча талап кылган деген шек менен үч адам кармалганын маалымдады.

Анда айтылгандай, министрликтин Тергөө кызматына (Х.С.) чет элдик жаран арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын 22-августунан 16-сентябрына чейин шектүү (Н.Т.) ок атуучу курал менен коркутуп, чет өлкөлүк үч адамды ага каршы арыз жазууга мажбур кылганын айткан. Президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардын ар биринен 150 миң сомдон алган деп "жалаа жаап жатканын" жазган.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда шектүү жабырлануучуну каматам деп жогорку кызматтагы адамдардын атын атап коркутуп, укук коргоо органдары ага каршы материалдарды жана арыздарды чогултуп жатканын билдирген.

Инвесторлорду опузалоого шектелип кармалган шектүүлөр.
Инвесторлорду опузалоого шектелип кармалган шектүүлөр.

17-сентябрда шектүү арыз жазган адамдан 200 миң доллар талап кылганы, ошол эле күнү анын үйүн тинткенде “BMW X7” үлгүсүндөгү автоунаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңгизаты, темир кастет жана 11 патрон табылганы кабарланган.

22, 26 жаштагы жана 45 жаштардагы үч (бирөө чет өлкөнүн жараны) шектүү кармалып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камалышкан.

Буга тушташ эле президент Садыр Жапаровдун ошол учурдагы басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев инвесторлордон опузалап көп суммада акча талап кылган шектүү "жогорку даражалуу чиновниктер менен байланышы бар экенин айтканын" жарыялаган. Султанбаев Жапаровдун “өлкөдө кол тийбестер болбойт” деп айтканын эске салып, “инвесторлорду коркуткандар ким болбосун чара көрүлөрүн” эскерткен.

Мындан көп өтпөй эле кармалган адам ишкер Төлөнбай Нурбаев экени ачыкка чыккан. Нурбаев ага чейинки билдирүүлөрүндө президент Садыр Жапаровдун, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин жана башкалардын атын атап, өлкөгө инвестиция тартып жатканын айтып келген. Башка өлкөлөрдө, Кыргызстанда чет өлкөлүк адамдар менен түшкөн сүрөтүн жарыялап турган. Нурбаев анын ичинде Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушун баштоо аземине катышып, журналисттерге эл аралык ири инвестицияларды тартып жатканы тууралуу сүйлөгөн видеосу тараган.

Ушул жана башка окуялардан кийин президент Садыр Жапаров аталган маселеге жеке кайрылып, эскертүү берип жатканы мындай фактылар кайталанганын айгинелеп тургансыйт. Бирок ошонун өзү да ишкер чөйрөдө талкууларга жем таштады.

Ишкер жана эксперт Манас Саматов “Азаттыкка” берген интервьюсунда мындай ойлору менен бөлүштү:

Манас Саматов
Манас Саматов

“Бул президенттин сөзү эмес. Мындай профилдик маселелерде президент эмес, система иштеш керек болчу. Ал эми президент инвесторлорду, дегеле ишкерлерди талап-тоноого, алдап кетүүгө жол бербеген жана алардын ишине тоскоол болбогон системаны түзүш керек эле. Бардык мамлекеттик органдар, мекемелер, өкмөт, парламент, губернатор, аким, бардык аткаминерлер былк этпегидей, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бир толкунда иштеши зарыл. Бизде ошондой системанын өзү жок болуп жатпайбы. Ошол система жок, аткаминерлердин ар кимиси ар жакка бура тартат, колунан келгени алдайт, тонойт, анан президент өзү ушундай маселелерде кайрылууга аргасыз болуп жатат. Пост жазмай мага окшогон катардагы кишинин иши, биз өзүбүздүн пикирибизди айтып турабыз. Президенттин колунда эбегейсиз бийлик бар. Эгер инвесторлорду алдап, талап-тоногон фактылар көп болуп атса, ошого жол бербей турган система түзсүн. Бир пост менен маселе чечилбейт”.

Акыркы жылдары президент Садыр Жапаров өзү бир катар жеке объектилердин курулуштарына капсула салып, аларды чет элдик инвесторлор кура турганын жар салууда. Анын ичинде ошол эле Ысык-Көлдөгү “Асман” шаары, Бишкектеги эски “Нарын” ресторанынын ордуна курулуп жаткан “Бишкек Сити” комплекси, борбордогу Manas Tower 45 мейманканасы жана башкалар бар. Булардын айрымдарында курулуштар убактылуу токтоп турса, кээлеринде гана иш жүрүп жатат.

Ысык-Көлдө курула турган "Асман" шаарынын эскиздик долбоору.
Ысык-Көлдө курула турган "Асман" шаарынын эскиздик долбоору.

Жалпы жонунан Кыргызстанга келген инвестиция кыскарууда. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанга сырттан 654 млн 621,9 миң доллар түз инвестиция келген. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 31,8% аз.

Ишкерлер жана адистер Кыргызстанга инвесторлордун келбей же азайып жатканынын себебин мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер "үлүш" сураганынан көрөт. Жогорудагы фактылар көрсөткөндөй, буга инвесторлорду алдоо жана тоноо фактылары да кошумча болот экен.

Инвестиция боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Шумкарбек Адилбек уулу мамлекеттик мыйзамдуу механизмдер кынтыксыз иштебеген жерде ортомчулардын таасири күчөп кетерин белгиледи:

Шумкарбек Адилбек уулу
Шумкарбек Адилбек уулу

“Эң биринчи таасири биздин потенциалдуу инвесторлорго тийиши мүмкүн. Экинчи маселе, биздеги мамлекеттик структураларда абдан чоң оору – кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда өз кызыкчылыктарын көздөп, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу маселеси азайбай, тескерисинче күчөп кетиши мүмкүн. Себеби “аа, ортомчулар аркылуу бир органды көзгө илбей койсок болот экен, же бир маселелерди мындай эле, ортомчулар аркылуу чечип алсак болот экен” деп ойлошот да. Ортомчулардын баркын көтөрүп, ошолорго кошомат кылып калышат. Анын баары, тилекке каршы, терс жагына иштей берет. Бул жерде мамлекеттик механизмдер, жакшы маанидеги мамлекеттик бюрократия иштеши керек. Ошондой болсо, ар кандай ортомчулардын баркы да жок болот, алардын кереги да жок болуп калат. Себеби мамлекеттик машина, мамлекеттик механизм иштеп, өз жыйынтыгын бере баштайт”.

Баса, инвестициялык климатка адатта өлкөдөгү саясий кырдаал да чоң таасир этет. Ал эми Кыргызстандын саясаты негизи эле абдан стабилдүү эмес. Дээрлик ар бир бийликтин тушунда негизги оппоненттер камалып, активисттерге иш козголуп, жалпыга маалымдоо каражаттарына, өкмөттүк эмес уюмдарга чабуул жасалып турат.

Азыркы бийликтин тушунда деле парламенттеги ири оппозициялык депутаттарды жана анын сыртындагыларды кошкондо отуздай саясатчы-активисттер кайсы бир позициялары үчүн камалса, дагы отуздай киши социалдык түйүндөрдө пикирин жазганы үчүн гана кармалышты. Өкмөттүк эмес уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу эки мыйзам сунушталып, каралып жатат.

Социалдык тармактарда пикир жазганы үчүн кармалган же жоопко тартылган колдонуучу жана активисттер.
Социалдык тармактарда пикир жазганы үчүн кармалган же жоопко тартылган колдонуучу жана активисттер.

Ишкер жана талдоочу Манас Саматов “мына ушунун баарын көргөн чет элдик инвесторлор Кыргызстанга келерде он жолу ойлонот” деп эсептейт:

“Адам болгондон кийин ар ким ар кандай сүйлөйт. Бири оң сүйлөйт, бири сындап сүйлөйт, бири кычыйт, бири дагы башка. Калың эл болгондон кийин ошондой болот. Демократиялык жол менен бийликке келген адам анын баарына калыс гана карап, адекваттуу гана реакция жасап коюшу керек. Анан сөз эркиндигине толук ачыш керек. Бийликке келген киши ошонун баарын кабылдагыдай акыл-парасаттуу кишилер да, акыры. Анан бир жагынан сөз эркиндигин кысмакка алып эле, экинчи жагынан “бизде инвестициялык климат мыкты”, “баарына ачыкпыз”, “бизге келип инвестиция салгыла” дей бергенден пайда чыгабы? Ар бир ишкер адамы өзүн эркин сезиши керек. Анүчүн рынок да эркин болушу керек. Рынок деген бул сатып алуучу, ар бир жашоочу. Ошондуктан эркиндик - бул бардык тармактын, анын ичинде ишкерчилик менен инвестициялык климаттын да пайдубалдарынын бири. Аны камсыз кылмайынча инвесторлор бизге көчүп келет деген болбогон сөз. Башка маселе, салык саясаты да адилеттүү болушу керек. Мына “казынаны көбөйтөбүз” деген ураан менен көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) жана башка нерселерди күргүштөтүп киргизип жатат. Каршылык билдирсе кайра урушуп, киреше бар жерден да, жок жерден да, салыкты мойнуна илип жатат. Мындай абал уланып, адилетсиз салык саясаты жарала берсе инвесторлор деле келбейт”.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мурдараак Кыргызстандын аймактарында ар кандай этаптарда 2 млрд 190 млн 927 миң долларды түзгөн 140 долбоор ишке ашырылып жатканын билдирген. Долбоорлордун каржылоо булактары катары аймактарды өнүктүрүү фонддору, тике жана ички инвестициялар эсептелет. Анын ичинен 117 долбоор өндүрүш тармагында, 11 долбоор энергетика тармагында, 12 долбоор айыл чарба тармагында болгон. Акыркы беш жылда Улуттук агенттик 165,7 млн долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырганы кабарланган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG