Мунун себеби бири-бирине байланыштуу.
Маматусуп Эргешбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашайт. Орусияда миграцияда жүргөн жигит, ненец улутундагы кызга үйлөнгөн. Мекенине кайтып келгенде чакан бизнес кылууну пландап, өзү жашаган Таш-Жар айылында самын чыгара турган чакан цехти ишке киргизди.
“Дордой” базарында 5-июлда катталган өрттөн соодагерлер 100 млн. сомдой чыгым тартканы айтылды. Алар азыркы тапта базардын жетекчилигинен жана өкмөттөн жардам күтүп жатышат.
Жайдын аптаптуу күндөрүнө айрым ата-энелер балдардын убактысын бош кетирбей, алардын жалпы өнүгүүсү үчүн, дүйнө таанымын кеңейтүүгө салым кошчу окуу-курстарын, лагерлерди издеп жаткан учуру.
Баткенде быйыл өрүктүн түшүмү мол болду. Айрым багбандар өрүктү табигый жол менен кургатып экспорттоодо кирешеси арбын болорун айтып, бул ыкманы өрүкзардын мекенинде жайылтууну каалашат.
Ашпозчу Мустафа Оштогу атактуу самсачылардын бири. Анын Ош шаарына кире бериш жолдогу жайгашкан самсаканасынан киши үзүлбөйт. Күн сайын кезек күтмөй.
Талас шаарынын тургуну Орозбүбү Байдөөлөтова бөдөнө багуунун жолун өздөштүрүп жатат. Ал бөдөнөнүн жумурткасын, этин дарылыкка колдонот. Андан артканын сатып, киреше табат.
Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүүдө. Анда экономикалык өнөктөштөр соода-сатыкты күчөтүп, Орусия туш болгон санкцияларды талкуулады. Кечээ саммит алдында ири форум өтүп, анда экономикалык байланыш эле эмес, идеологиялык маселелер жөнүндө сөз болду.
Катуу жааган жамгыр Кара-Суу районунда 580 гектар пахтаны керектен чыгарды. Дыйкандардын көпчүлүгү зыян тартып, ушул тапта эгинди кайрадан эгүүнү ойлонуп жатышат. Кара-Суу районунун Айыл чарба департаменти зыян тарткан дыйкандарга өкмөт тараптан колдоо көрсөтүүгө убада берди.
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон чоң масштабдагы көргөзмө-жармаңке менен башталып, анда өлкөдөгү туризмдин абалы талкууланды. Өкмөт быйыл бул тармакка өзгөчө көңүл буруларын, бул үчүн казынадан жылдагыдан көп каражат бөлүнгөнүн билдирди.
Дагы жүктөңүз