Ысык-Көлдө жылына жай мезгилинде окуучулардын да жаны тынбайт. Алар туристтик сезондо тапкан акчасын кем-карчына жумшайт. Азирет Азатбеков беш жылдан бери Кара-Ой айылында иштейт. Ал эс алуучуларга күндөн коргоочу чатырды орнотуп берет.
Эл аралык каттамдар токтоп, чек аралардын жабылышы "Дордой" базарынын соодасына терс таасирин тийгизүүдө.
Дүйнөлүк уюм 2020-жылы Борбор Азияда буудай тартыш болорун эскертти.
2020-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстанда 64 миллиард сомдук айыл чарба азыктары өндүрүлдү.
Пандемия башталгандан бери мекенине кайтып келген 30 миңдей кыргызстандык мигранттын басымдуу бөлүгү ишсиз калды.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы беш миллиард долларга жакындап калды.
Дүйнөлүк банк Кыргызстанда быйыл жардылар жарым миллион кишиге көбөйөрүн билдирди.
Дүйнөдө коронавирус кризиси өкүм сүрүп жатканда, эң ири технологиялык компаниялардын кирешеси көбөйгөнү аныкталды.
Учурда Ат-Башы районунда балчылардын иши кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандын чар тарабынан келген балчылар Ат-Башынын тоолорун этектей бал челектерин тизип алышты.
Кыргызстан эл аралык каржы институттарынан 742 миллион доллар жардам алат.
Премьер-министр Кубатбек Бороновдун «кайсы бир фармкомпания дарыларды атайын сатпай, кампасында катып жаткан» деген билдирүүсү калп болуп чыкты.
Арстанбаптык ардагер Рахманалы Базаров өз алдынча балык чарбасын түптөп, туристтик аймакка келген эс алуучуларга кызмат көрсөтүп келет.
Дагы жүктөңүз