Маданият, маалымат жана туризм министрлиги быйыл туризм тармагы 80% солгундай турганын билдирди. Аталган статистиканын кесепетин көлдүктөр сезе баштады. Азыр аймакта эч алуучулар жокко эсе. Коронавирус пандемиясы болбогондо чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кар кетери менен келе баштамак.
Кытайдан жүк ташыган айрым айдоочулар «бажы бекетинде бирдей мамиле болбой жатат» деп нааразы.
Өлкөдө өзгөчө абал жарыялангандан кийин көпчүлүк ишкер аялдардын өндүргөн товары сатылбай, үйдө отуруп калган.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган автоунаалардын саны 300дөн ашты. Айдоочулар чек арадагы көйгөйдүн чечилишин талап кылууда. Алардын ичинде бир нече суткалап кезек күткөндөр бар.
Асел Султанованын үйүндө өз колу менен өстүргөн гүлдүн 50дөн ашык түрү бар. Гүлгө кызыккан айым Кытайдан, Ташкенттен, Европа өлкөлөрүнөн өзүнө жагып калган гүлдөрдүн уругун алдырат.
Ысык-Көлдө жашаган Владимир Литвиненко туризмди өнүктүрүүнүн жаңы жолун тапты. Ал пирамидага окшош мейманкананын макетин жасап чыкты.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол бойлой күйүүчү май саткандардын саны көбөйдү. Мыйзамсыз сатылып жаткан бензиндин баасы май куюучу жайлардан алда канча арзан. Бул көрүнүш айдоочуларга жакканы менен мамлекеттин бюджетине ири өлчөмдөгү зыян келип жатканы айтылууда. Күйүүчү май аткезчилигинин айы
Баткендин алыскы тоолуу Кайыңды айылында дыйкандар өгүз таптап, жер айдоого салышат. Айылдагы жалгыз трактордун көзүн карабай, ар кандай жер шартына өгүз ыңгайлуу. Жаз жарышта айылдагы ар бир экинчи үй эски ыкма менен жер айдайт.
Тажик кызы Соня тагдырдын буйругу менен Сибирге 1990-жылдары келген. Ал адегенде соода-сатык менен алектенип, кийин Иркутск облусунда чарбачылыкка өткөн. Фермер жылына ондогон мигрантты иш менен камсыз кылчу.
Кыргызстанда 21-майдан тартып соода борборлору, автоунаа базарлары менен мал базарлар, мейманканалар жана калкты тейлөө борборлору иштей баштады.
Өзбекстандык ишкер Санжар Максудов Ташкентте кыргыз ашканасын иштетет. «Манас» деп аталган ресторанда беш бармак баш болгон кыргыз даамдарынан сырткары театрлаштырылган спектаклдерди да көрүүгө болот. Өзбек ишкери кыргыз ашканасын кантип чет өлкөдө популярдуу кылса болоорун айтып берди.
Ысык-Көлдө жайкы эс алуу мезгилине даярдык быйыл жок. Коронавируска байланыштуу көл жээгиндеги конок үйлөрү жана пансионаттар азыр иштебей турат. Алардын арасында насыя алып, курулуш иштерин жүргүзгөндөрү да бар. Эми насыяны төлөө маселеси күч. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде ас алууга былтыркы
Дагы жүктөңүз