Акча алмаштыруучу жайлардын ишин токтотууга багытталган мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Демилгечи депутаттар акча алмаштыруучулар валютанын курсун олку-солку кылат деген жүйөөнү келтирүүдө. Бирок акча алмаштыруучулар буга макул эмес. Кабарчыбыз Касым Рахманкулов "Альянс" акча алмаштырууча жа
9-10-апрель күндөрү кар жаап, үшүк жүргөнү дыйкандарды бир топ чыгымга учуратты. Эрте айдалган жазгы эгиндер жана гүлүн төгүп, мөмө байлап калган бактарды үшүк алып, чыгымдарды эсептөө боюнча жер-жерлерде комиссия түзүлдү.
Кыргызстанда өзгөчө абалдын кесепетин азайтуу жолдору талкууланып жатат.
Гүлзар Абдраимова медициналык беткап өндүрүүчү жабдууну Кыргызстанга он жыл мурда алып келген. Убагында уруксат кагаздары берилбей, иштебей калган. Коронавирус коркунучу күчөгөндө ишкерге өкмөт өзү кайрылган.
Дүйнөнү каптап жаткан COVID-19 вирусу өнүккөн ири державаларды ала салдырып жатат. Учурда ар бир мамлекет бул илдеттин кесепетинен экономикасын сактап калуу, элин социалдык жактан коргоп калуу үчүн түрдүү аракеттерди көрүп жатат. Коронавирус кыргыз экономикасына кандай таасир этет?
Жалал-Абадда жазгы талаа иштери карантинге карабай өз нугунда жүрүүдө. Аймакта учурда жазгы айдап себүү 39% аткарылды. Пахта жана дан эгиндеринен сырткары быйыл дыйкандар жашылча өстүрүүгө да кызыгып жатат.
Жогорку Кеңеш сырттан ташылган буудайды, өлкөдө өндүрүлгөн унду кошумча нарк салыгынан бошотуу укуктарын өкмөткө берди.
2020-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүш болорунан үмүт кылбай эле койгон оң.
Карантин учурунда онлайн кызмат көрсөтүп жаткан ишкерлер көбөйдү. Алар кардарлардын үйлөрүнө азык-түлүк, дары-дармек жана гигиеналык каражаттарды жеткирип жатат. Бирок Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери жеткирип берүү кызматынын иши оорлоду. Адистер мындай абал жарандардын экономикалык сабаттуулугун текшере турганын белгилеп, коомчулукту акчаны үнөмдөөгө чакырышат.
Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алыш үчүн Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланды. Алардын катарында Ош шаары да бар.
Коронавирус коркунучу насыя менен иштегендерге өзгөчө сезиле баштады.
Көпчүлүк чакан ишканалар жумушчуларын акы төлөнбөгөн эс алууга жиберүүгө мажбур болушту.
Дагы жүктөңүз