Карантин учурунда онлайн кызмат көрсөтүп жаткан ишкерлер көбөйдү. Алар кардарлардын үйлөрүнө азык-түлүк, дары-дармек жана гигиеналык каражаттарды жеткирип жатат. Бирок Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери жеткирип берүү кызматынын иши оорлоду. Адистер мындай абал жарандардын экономикалык сабаттуулугун текшере турганын белгилеп, коомчулукту акчаны үнөмдөөгө чакырышат.
Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алыш үчүн Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланды. Алардын катарында Ош шаары да бар.
Коронавирус коркунучу насыя менен иштегендерге өзгөчө сезиле баштады.
Көпчүлүк чакан ишканалар жумушчуларын акы төлөнбөгөн эс алууга жиберүүгө мажбур болушту.
Баткенде кургатылган мөмө-жемиштерди экспорттоо жолго коюла баштады. 2017-жылы бул облуста мөмө-жемиштерди таңгактап, кайра иштете турган чакан ишкана ачылган. Учурда анын продукциялары АКШ, Орусия, Түркияга чейин экспорттолуп жатат.
Ошто коомдук автоунаалар токтоп, базарлар жабылды. Мэрия муну короновирустун алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү. Шаар аймагында буга чейин ачылган ун сатуучу жайлар да убактылуу ишин токтотту. Ош шаарынын жетекчилиги тургундарга унду үйүнө жеткирип берүүнү пландоодо.
Өлкөдө коронавирус жуккан жаңы үч киши аныкталды. Алар да Сауд Арабиясына умрага барып келген.
Кыргызстандын Улуттук банкы коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу коммерциялык банктарга ишкерлер алган насыяларды төлөө мөөнөтүн узартуу сунушун берүүдө.
Кыргызстандын Финансы министрлиги 2020-жылдын бюджети 15% аткарылбай калышы мүмкүн экенин билдирди.
Кыргызстанда эл эки күндөн бери азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Буга коронавирус коркунучуна байланыштуу "чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болот экен" деген маалыматтар себеп болгон.
Жалал-Абадда мүшөгү эки миң сомдон сатылып жаткан ун укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин катуу текшерүүсүнөн кийин гана мурдагыдай баа менен сатыла баштады.
Кыргызстанда товар экспорттоодо жеңил өнөр жайы жолго салынган тармактардын катарында. Бирок кийим-кече тигүүгө чийки заттын 80-90% жана фурнитуранын бир топ бөлүгү Кытайдан ташылып келет. Жалаң эле жеңил өнөр жайы эмес, бир топ товарлардан импортко көз каранды Кыргызстанда Кытай менен чек аранын жа
Дагы жүктөңүз