17-майда Ысык-Көлдө быйылкы туристтик сезон расмий ачылды.
Ошто он күндөн бери 100дөн ашуун оор жүк ташуучу машина «Достук» кыргыз-өзбек чек арасынан өтө албай турат. Айдоочулар буга чейин Өзбекстанга эч тоскоолдуксуз цемент ташып жүрүшкөнүн, бул жолку чектөө тууралуу маалымат ала албай жатышканын айтып жатышат.
"Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу ишкерликти жаңы баштаган аялдар жана бул багыттагы тоскоолдуктар тууралуу баарлаштык.
Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды.
“КТ Мобайл” компаниясы кандай болгон күндө да ишке кириши керек. Мындай пикирин бүгүн 18-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Азаттык” радиосуна билдирди.
Премьер-министрдин бажасы кийлигишкен деген доомат боюнча "КТ Мобайл" компаниясынын айланасындагы чатак ырбады.
“КТ Мобайл” компаниясына байланыштуу жаңжал ырбады. “КТ Мобайл чуусунун” саясий кырдаалга тийгизген таасири жана ага аралашкан жетекчилердин жоопкерчили кандай болушу керек?
13-май күнү Ак-Суу районунун 30 чакты тургуну аймактагы «Ак-Суу-Кенч» эс алуу жайын жабууну талап кылып чыкты. Алар эс алуу жайындагы бассейндин суусу Ак-Суу дайрасына куюп жатканына нааразы.
Грузиянын мурдагы президенти Георгий Маргелашвили кызматтан кеткенден кийин үйүн туристтерге ижарага берип киреше табат.
Нарында өз алдынча балык чарбасын уюштуруп алгандар акыркы жылдары көбөйдү. Бирок алар өкмөттүн колдоосуна муктаж. Жер, суу маселеси балыкчылардын чечилбеген көйгөйү бойдон калып келет. Кочкор районунун тургуну Болотбек Бейшенбеков чакан чарбасында форель балыгын багып келет.
"Азаттык+" берүүсү бул жолу Ош базарындагы сатуучулардын жай турмушун чагылдырды.
Кыргызстандык 27 жаштагы Шерзод Гайбуллаев Санкт-Петербургдагы белгилүү ресторандын жетекчиси болуп иштеп жатат.
Дагы жүктөңүз