“Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдары кулакка тартылып, кыргыз жеринде орун-очок алган азерилер тууралуу айтып беребиз.
Кыргыз бийлиги Бишкектин четиндеги кум-шагыл чыккан карьерди экологиялык нормаларга таянып, ал жерди иштеткен компаниядан өз карамагына алган. Эми өкмөт өзү экологиялык эрежелерди бузуп, күрдөөлдүү өндүрүш түзүүгө киришкенине жергиликтүү тургандар жана экологдор нааразы.
Сталиндик репрессиянын азап-шорун көп тарткан жазуучу Варлам Шаламов өкүмзор бийлик системасынын кандай экенин "Колыма аңгемелеринде" кемелине келтирип ачып берген. Бул ирет чынчыл сүрөткердин ошол жыйнакка кирген "Жаан" аңгемесине токтолобуз.
Өзүн Team Insane Pakistan деп атаган хакердик топ Телеграм-каналына 600 миңден ашуун кыргыз жарандарынын жана компанияларынын жеке маалыматын ачыкка чыгарганын жарыялады. "Азаттык" бул маалыматтын чын-бышыгын иликтеп көрдү.
Венгрияга Кыргызстандан барган үч жүздөн ашык кыргыз мигранты бир күндө заводдон айдалган. Бул өлкөгө иш издөө үчүн келген кыргызстандыктар арасында ишсиз калган учурлар кайталанып келет. “Азаттык” окуялардын чоо-жайын жеринен иликтейт.
OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” медиалары биргелешкен иликтөө жарыялап, Кыргызстандагы мамлекеттик ири курулуштар өлкө башчысы Садыр Жапаров, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жакын адамдарынын компанияларына берилгенин айтып чыкты. Президенттин администрациясы иликтөөнү “манипуляция” деп атап, айтылган маалыматтарды четке какты.
Белгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датка тууралуу ондогон эмгектер жазылып, кыргыз акын-жазуучулары роман, поэмаларды арнашкан. Документалдуу жана көркөм тасмалар да тартылды.
Анна Чапмандан Кадыровдун жакындарына чейин. Орусия, Украина, Казакстандын жана мурдагы СССРдин башка өлкөлөрүнүн элитасынан кимдердин Дубайда кыймылсыз мүлкү бар?
Азап-тозокту башынан кечирип, немис туткунунан, андан кийин Сибирдеги советтик лагерден Ала-Тоого аман-эсен жеткен кыргыздын уулу Сатар Алманбетовдун тагдыры тууралуу тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен маек курабыз.
26-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эрулан Көкүлов Финансылык чалгын кызматынын өкүлү, милиция кызматкерлери менен биргеликте Бишкектеги “Кофе и точка” жайларын текшерүүгө барып, аларды жабууну талап кылышты.
2021-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Балыкчы-Барскоон жолу башталып, үч жылдан кийин ишке берилмек. Долбоор "Кумтөрдөн” каржыланмак. Жолду алгачкы жолу атамекендик компаниялар салмак. 140 чакырымга созулган жол белгиленген мөөнөтүнөн кеминде эки жыл кеч бүтө турганы маалым болду.
Кыргызстанда төрт айыл аймагы менен 13 айылдын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Соңку жылдары Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө жер-суулардын тарыхый аталыштарын кайтаруу аракеттери кайра жанданууда.
Дагы жүктөңүз