Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Алымбек менен Курманжан датканын балдары кабылган куугунтук


Режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка" тарыхый көркөм тасмасынан алынган сүрөт.
Режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка" тарыхый көркөм тасмасынан алынган сүрөт.

Белгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датка тууралуу ондогон эмгектер жазылып, кыргыз акын-жазуучулары роман, поэмаларды арнашкан. Документалдуу жана көркөм тасмалар да тартылды.

Орусиянын оторчулук доорунда, совет мезгилинде алардын балдары, неберелерине кандай мамиле болду? Дарга асылган Камчыбек Алымбек уулунун иши боюнча архивде эмне материалдар бар? "Куугунтук курмандыктары" подкастында 1930-жылдардын орто чениндеги сталиндик репрессияда атууга кеткен неберелеринин таржымалын тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов менен талкуулайбыз.

- Саламатсызбы! Алымбек датка менен Курманжан датканын өмүр жолу, тагдыры оңой болбогонун билебиз. Кыргыз элинде аңыз болуп айтылган Курманжан датканын дарга асылып жаткан уулуна карай айткан “Ажалга тике кара!” деген сөзү эле чоң трагедия, тарыхый эс тутум эмеспи. Бүгүн сиз менен Алымбек датканын кичүү уулу Камчыбек тууралуу сөз кылсак. Архив материалдарда анын дарга асылганы, сот иштери тууралуу кандай маалыматтар сакталып калган?

- Сиздер бүгүн абдан маанилүү теманы козгоп жатасыздар. Бул “Камчыбектин ишине” чейин Алымбек датканын уулдары тууралуу эки ооз сөз айта кетели. Кадимки Алымбек датка менен анын жубайы Курманжан датканын беш уулу болгон: Абдылдабек (1837-1876-жж.), Баатырбек (1839-1885-жж.), Мамытбек (1843-1913-жж.), Асанбек (1849-1909-жж.), кенжеси Камчыбек (1852-1895-жж.). Кокон хандыгынын мезгилинде дагы, Орус империясынын тушунда дагы коомчулукта, жергиликтүү башкаруу системасында алардын орду, ролу чоң болгондугу талашсыз. Бир эле мисал келтирели. Генерал Черняев менен болгон согушта бакма уулу Оштун беги Жаркынбай каза болгон. Ошондон кийин 1865-жылы Алымбек датканын тун уулу Абдылдабек Ош вилаетинин беги жана Оштун саркери болгон. Саркер - ошол убакта хандын пайдасы үчүн салык топтоочу кызмат адамы. Демек, Кокон хандыгынын мезгилинде мамлекеттик кызматта негизинен Абдылдабек жүргөнү тарыхый чындык. Ал эми Орус империясы каратып алгандан кийин баласы Баатырбек Ош уездине караштуу Булак-Башы волостун (болуштугун), Маамытбек - Гүлчө, Асанбек - Ноокат, небереси Карабек Ак-Бура волостун жетектешкен.

Генерал Александр Таубе жана башка генералдардын билдирүүсүнө караганда, "Курманжан датканын балдарынын төртөө Ош уездинин болуштук кызматын" аткарышкан. Бул Орус империясы оторчулук саясаты жүргүзүп жаткан мезгилде Алымбек датка менен Курманжан датканын балдары белгилүү ролду ойноп, алар менен эсептешүүгө орус бийлиги мажбур болгондугунун далили.

Экинчи жагынан, эмне үчүн орус бийлиги оруска каршы күрөшкөн Абдылдабектин туугандарын, анын энесин өзүнө тартып жатат? Бул жерде геосаясий, экономикалык фактор бар. Кытайдан келген аткезчилик товарларды тескеп, Кокон хандыгынын тушунда Жибек жолунун Алай - Ош бөлүгүн көзөмөлдөп, тиешелүү кызматты көрсөткүп келген таасирдүү адамдар орус бийлигине да керек болгон. Ошондуктан Алымбек датканын уулдарына ар түрдүү кызматтарды берген.

Абдылдабек көтөрүлүш жеңилгенден кийин бөтөн мамлекетке баш ийгиси келбей, ооганга кетип, ошол жакта кайтыш болгонун билесиздер. Абылдабек өлгөндөн кийин Ош бийлигинде абдан таасирдүү адамдардын бири – алардын энеси Курманжан датка болгон.

Подкастты бул жерден угуңуз:

Курманжан датка орус бийлигинен качууга дагы, кутулууга дагы мүмкүн эмес экендигин билгенден кийин коомдук, саясий, экономикалык геосаясий абалды туура түшүнүп, орустарга баш ийип, кызмат кылууга макулдугун берген.

Орус бийлиги Курманжан датка жана анын уулдары менен тыгыз байланышта болуп келген. Ушундай жакшы эле болуп келаткан убакта 1894-жылы жаз-жай айларында чуулгандуу бир окуя болду. Алайда, Эркечтамга жакын жердеги бажыканадан Боровков деген жетекчиси менен үч жандоочусу, жалпы төрт бажычы дайынсыз жоголот.

Ош-Эркечтам жолу. 2012-жылдын июль айы
Ош-Эркечтам жолу. 2012-жылдын июль айы

Орус бийлиги дээрлик жарым жылдан ашыгыраак эмне болгонун билбей, акыры атайын иш козголуп ("Об убийстве таможенного объездчика Боровкова и трех стражников в Ошском уезде"), ал “Камчыбек Алымбек уулунун иши” деп аталган. “Орус бажычысын өлтүрөт деген эмне?” деп, кандай гана даражада болбосун катуу жазалоо керек деген чечим кабыл алынат. Ушунун натыйжасында Камчыбектин иши башталган.

Ал эми иштин өңүтү эмнеде болгон? 1894-жылы болгон окуяга Камчыбек Алымбек уулу өзү катышкан эмес. Анын аялы Асел айым баш болуп, жанжигити Акбалбан болуп, журт которуп жаткан кезде, бажычыларга “булардын көчүндө океандан аткезчилик менен алып келинген кымбат баалуу асыл таш - шуру бар” деген кабар түшөт. Бийлигине мас болгонбу же атайылап кылганбы, бажычылардын бири Аселдин чачпагында байланып турган сандыктын ачкычын эки карыштай чачы менен кошо кесип алат. Иштин баары ошондон башталат. Анан бажычалар бардык көчтү текшерип, айтылган кымбат баалуу буюм табылбагандан кийин аттанып кете беришет. Карасаңыз, ошол кылган иши үчүн кечирим дагы сураган эмес. Кыргызда кыздын, дегеле аялзаттын чачы кесилгени өтө жаман иш болуп эсептелинген.

Алымбек Асан бий уулунун (1799-1862) шарттуу сүрөтү.
Алымбек Асан бий уулунун (1799-1862) шарттуу сүрөтү.

Акбалбан алгач Абдылдабектин колунда жүргөн. Кийинчерээк билимдүү, соода-сатык, мамлекеттер ортосундагы карым-катнаштар жөнүндө кабары бар адам катары Камчыбекке жан жигит болуп калган. Намыс үчүн деп, баягы төрт бажычыны өлтүрүп, тоо арасында ташка корумдап ташташат. Камчыбек келгенде, ошондой иш болгонун баяндашат. Алардын сөөгү бир жылдан кийин табылып жатпайбы.

Жазуучу Төлөгөн Касымбековдун чыгармасында көркөмдөлүп жазылган, бирок тарыхый чындыгы бар. Архивдик документтерде “төрт бажычы Алымбек датка менен Курманжан датканын кенже уулу Камчыбек датканын буйругу менен өлтүрүлдү” деп иш ачылып жатат. Чындыгында Камчыбек өзү түздөн-түз катышкан эмес.

Тергөө иши дээрлик бир жылга созулат. Тергөө ишине “орус бажычысын өлтүрдү” деп ошол убактагы Оштун уезд башчысы подполковник Л.Б.Громбчевский катуу ызы-чууну көтөргөн. Анан ал Фергана облусунун аскер-губернатору Повало-Шыйковскийге, Түркстан генерал-губернатору А.Б.Вревскийге кайрылып, Курманжан датка урук-тууганы менен көчө качышы мүмкүн деп каттарды жазган.

“Буларды башкаларга сабак болушу үчүн катуу жазалаш керек” деген идеяны көтөргөн адамдардын бири уезддин башчысы Громбчевский эле. Андан дагы ашып өтүп, “буларды жөн эле жазалабастан, аскердик сотко берип, трибуналдын чечими менен өлүм жазасына тартуу керек” деп айткан Фергана облусунун аскер-губернатору Повало-Шыйковский.

Мына ушулардын демилгеси жана аскер сотунун чечими менен Алымбек датканын уулу Камчыбек бир топ адамдар менен өлүм жазасына тартылат. Дал ушул адамдарга - уезд башчысы Громбчевскийге, Фергана облусунун губернатору Повало-Шыйковскийге, Түркстан генерал-губернатору барон Вревскийге Курманжан датка өзү нече жолу кайрылып, көмөк сураган. Курманжан датка баласы өлүм жазасына тартылат деп эч ойлобосо керек. Бирок анын кадыр-баркына карабастан аскер соту өз ишин кылган.

- Камчыбек Алымбек уулу менен чогуу канча киши кармалган? Тергөө, соттун иши тууралуу архивдик материалдар барбы?

- Бар. Архивдик материалдар боюнча өлүм жазасына тартылган, сүргүнгө айдалган, акталган адамдарды карасак, бардыгы болуп 26 адам сот жообуна тартылган.

- Орус бажычыларынын өлүмү боюнча кылмыш ишине байланыштуубу?

- Ооба, Боровков баш болгон бажычыларды өлтүрүү боюнча жоопко тартылгандардын саны 26. Бул документтер архивде бар. 1895-жылы 3-мартта саат 11де соттун чечими окулган. Тогуз адам өлүм жазасына тартылган. Анын ичинде Камчыбек жана Акбалбан экөө да бар. Тилекке каршы, архивдик документтерде калган жетөөнүн аттары аталбаптыр. Олуттуу, абройлуу, адамдын урпагы деп Камчыбек анын жанжигити Акбалбанды айтса керек.

Азыркы Ош шаарынан так ортосунда жайгашкан Навои паркынын ордунда мал базары болгон. Ошол мал базардын жылкы базар бөлүгүндө элди топтоп туруп, Камчыбек менен Акбалбан экөөнү гана элдин көзүнчө дарга аскан. Андан башка алты адам Сибирге сүргүнгө айдалган. Алардын үчөө – Алымбек датканын урпактары: уулдары Маамытбек, Асанбек, небереси Мырзапаяз (Абдылдабектин уулу). Жашы жете элек бала болсо дагы баары бир катыштыгы бар деп сүргүнгө айдалган. Менин жеке пикирим боюнча, небересин кошкон себеби орус бийлиги Абдылдабектен ала албай калган өчүн алуу үчүн ушундай кылган окшойт. Орус мыйзамында деле жаш баланы сүргүнгө айдаганга болбойт. Жаш балдарды сот жообуна тарткан учурлар Кеңеш доорунда гана кездешкен.

Булардан башка алты адам акталганы айтылат. Бирок муну менен эле сот иши бүтүп калган эмес. Мындан кийин дээрлик 3-4 жыл аралыгында Курманжан датка сүргүнгө кеткен Маамытбек, Асанбек, небереси Мырзапаязды мекенине кайтаруу үчүн орус бийлигине улам-улам кайрылган. Аларды актоо маселесин коюп жүрүп, акыры өз мүдөөсүнө жеткен. Курманжан датканын кайрылуусун Түркстан генерал-губернатору А.Б.Врёвский, мурда Ош уездинин башчысы болгон генерал-майор Ионов жана башка бир топ орустун Түркстан крайындагы аттуу-баштуу төбөлдөрү киришип, акыры ошол неберлерин бошотуп бергендиги дагы тарыхый чындык. Булар жөнүндө архивдик материалдар бар.

- Бул өз доорунун өтө чуулгандуу окуясы болсо керек. Өзгөчө Фергана өрөөнүндө катуу талкууланган чыгар. Ошол кырдаалды сүрөттөгөн орус бийлигинин өкүлдөрүнүн, мисалы, Фергана аскер-губернаторунун кат алышуулары барбы? Алар кырдаалды кандай баалашкан? Жергиликтүү элдин реакциясы кандай болгон?

- Ошол убакта жергиликтүү бийлик тарабынан жасалган иштер абдан чоң резонанс жараткан. Эл арасында сөз бар го. "Камчыбекти түрмөдөн куткарып кетели! Кол салып, Алайдын тоолорун аралатып кетели!” деген сунуштар менен Курманжан даткага барышкан деген аңыз кептер бар. Бирок бошотуу мүмкүн болгону менен, андан кийинки жообу кыйын болорун, ошонун артынан көп адамдын жаны кыйыларын эске алган Курманжан датка ага макул болгон эмес.

Орус бийлигинин арасында деле мындай жазага баары макул боло берген эмес. Санкт-Петербургдан келген саякатчылар, ошол убакта келип бул жакта кызмат кылып калган орус төбөлдөрүнүн арасында катаал жазага жол бербеш керек дегендер болгон. Албетте, жергиликтүү бийликтин өкүлү катары “катуу жазалаш керек, бирок өлүм жазасы ашыкча” деген пикир айткан орустар да болгон. Муну тастыктаган архивдик материалдар бар.

Резонанс жаратты деп жатпайбызбы. Орто Азия чөлкөмүндөгү элдерге “эгерде орус бийлигинин өкүлүнө кол салсаңар, өлтүрсөңөр, кудум ушундай жазаланасыңар; орус мыйзамдарында кылган кызматына, ээлеген даражасына, ордуна карабай ушундай катуу жаза каралган” деген таризде атайын көрсөтмө жараян болгондугу талашсыз.

Орус бийликтеринен бир топ чиновниктер өлүм жазасына көбүрөөк адам тартылып калганын, анүстүнө дал ошол Курманжан датка менен Алымбек датканын урпактарынын Сибирге сүргүнгө айдалып, катуу жазалангандыгын борбордук бийликтерге чейин билдирип отуруп, акыры аларды бошотуп алган.

Финляндиянын болочоктогу президенти Карл Густав Эмил Маннергейм (оң четте) жана француз чыгыш таануучусу Пол Пеллио (сол четте) Курманжан датканын өргөөсүндө. Датка айымдын жанында - небереси. 1906-жыл.
Финляндиянын болочоктогу президенти Карл Густав Эмил Маннергейм (оң четте) жана француз чыгыш таануучусу Пол Пеллио (сол четте) Курманжан датканын өргөөсүндө. Датка айымдын жанында - небереси. 1906-жыл.

- “Камчыбектин иши” боюнча тергөө, сот кандай жүргөнү жазылып калганбы? Күбөлөрдүн суралганы?

- Негизинен “тергөө иштери жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгы ушундай болду” деген жазуулар бар. Дагы бир жагдай - Камчыбек өзү кербен сарай деп салдырган жайда абакта жатканы. Ал кербен сарай курулуп бүткөндө апасын чакырып, батасын алат. Азыркы Оштогу тергөө абагы турбайбы, ошол жай. Апасына кыдыртып көрсөткөндө, “абдан жакшы балам, бирок кербен сарайындын дубалы калың, шыбы пас болуп, түрмөгө окшоп калыптыр” деген имиш кеби бар го. Мына ошол куду өзү салдырган, бирок орус бийликтери кербен сарай эмес, түрмө катары колдонгон жайда бир жылдан ашык кармалып турган. Өзү менен кошо Акбалбан, 26 кишинин бардыгы ошол жерде кармалып, тергөө иштери да ошол жерде ишке ашырылган. Күндөлүк тергөөсү кандай болгону жөнүндө архивдик маалыматтар калган эмес.

- Ошол окуялардан кийин Курманжан датканын өзү, балдары коомдук-саясий турмушка аралашуусу кандай болгон?

- Курманжан даткага 1894-жылы "Андреев лентасындагы" алтын медалын берүү жөнүндө уезддин башчысы, облус аскер-губернатору кол коюшуп, императорго жөнөткөн. "Андреев лентасы" - бийлик адамдарына берилүүчү орден. Түркстанда жашаган, деги эле Орусиянын чет жакасында жашап, "Андреев лентасын" алтын медалына татыган биринчи аял да ушул Курманжан датка болгон. Бирок Камчыбектин иши чыгып калгандан кийин орус бийликтери “биз ага алтын медаль берип жатсак, сыйлап, урматтап жатсак, анын баласы минтип орустун бажычыларын өлтүрүп жатса, анда кандай болуп калат?” деп, буйрукту жокко чыгарган. Курманжан датка аны албай калды. Бирок орус бийликтери менен алакасы уланганы чын.

Орус бийликтери дагы туура эле түшүнгөн. Түркстан крайы аркылуу Орус империясынын Кашкардагы консулдугуна баруу менен Орусия-Кытай ортосундагы соода-сатыкты жүргүзүүнүн эң кыска жолу биздин Алай болгон. Алайдан Ошко, Оштон Анжиянга, андан ары темир жол менен кетчү. Ошондуктан баласы дарга асылган ченде деле, сый-урмат уланып келген. Мисалы, 1876-жылы капитан Куропаткин келип, “Алай аскердик-илимий экспедициясы” деп ачканы негизинен Абдылдабектин көтөрүлүшүн басууга багытталган Орус империясынын жазалоочу отряддары болгон. Мына ошол отряд менен Алай аскердик-илимий экспедициясына келген капитан Куропаткин кийинчерээк, 1902-жылы Орус империясынын аскер министри болуп калган. Ал аскер министри болуп турганда Анжиянга келип, Курманжан датканы чакыртып, императордун жеке өтүнүчү менен император берип жиберген бриллиант менен кооздолгон төөнөгүч тартуулаганы маалым.

Камчыбек дарга асылды, Абдылдабек ооган жеринде өлгөнү менен калган үч баласына, неберелерине орустар ар түрдүү деңгээлдеги бийликтерди берип, өздөрүнө тартып, алар менен жакшы ымала курууга аракет кылган. Андан башка Курманжан датка өмүрү өткүчө Орус империясынан атайын пенсия алып турган. Архивдик маалыматтарда күмүшү менен 300 рубль деп турат. Бул бир жыл үчүн абдан чоң акча болгон. Анткени ошол убакта жакшы саан уй торпогу менен 1,5-2 күмүш рубль турган.

- Орус падышачылыгы кулагандан кийин совет мезгилинде дагы Алымбек датканын неберелери, биз сөз кылган Камчыбектин уулу Кадырбек, Карабектин уулу Жамшитбек дагы атылып кеткени белгилүү.

- 1990-жылы Курманжан датканын 180 жылдык мааракеси өтүп жаткан кезде “Бир сүрөттүн баяны” деген макала жаздым эле. Ошондо Фергана фронтунун башчысы Соколовский болуп, ошол убакта Түркстан АССРнин өкмөт башчысы К.Атабаев жана башкалар чогулуп, Кадырбек Камчыбек уулуна тапшырма берип жаткан сүрөтүн архивден таап чыккам.

Сүрөттө: Солдон биринчи Соколовский Василий Данилович, экинчи Жамшитбек Карабеков - Ош уездик админстративдик бөлүмүнүн жана ыктыярдуу элдик милициянын башчысы, оңдо алтынчы катарда олтурган Кадырбек Камчыбеков - Гүлчө райондук ыктыярдуу элдик милиция отрядынын башчысы.
Сүрөттө: Солдон биринчи Соколовский Василий Данилович, экинчи Жамшитбек Карабеков - Ош уездик админстративдик бөлүмүнүн жана ыктыярдуу элдик милициянын башчысы, оңдо алтынчы катарда олтурган Кадырбек Камчыбеков - Гүлчө райондук ыктыярдуу элдик милиция отрядынын башчысы.

Ошол жерде сиз айтып жаткан совет өкмөтүнө Жамшитбек дагы, Кадырбек Камчыбек уулу дагы кызмат кылганы чын. Алгач Төртүнүчүлөр отрядынын өзгөчө бөлүмүндө болгон. Андан кийин Басмачылыкка каршы күрөшүүдө чоң кызмат кылганы маалым.

“Кадырбек Камчыбек уулу басмачылыкта өзгөчө эрдиктери үчүн Кызыл жылдыз ордени менен сыйланган” деген бир аз туура эмес дагы маалымат бар. Чынында бул орденди басмачылыкка каршы күрөшүүдөгү эрдиги үчүн эмес, дагы бир башка вазийпаны аткаргандан кийин алган. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдары Кашкарда илгерки Орус империясынын консулдугу болгон. Генералдык консулдукту жандандыруу, аны совет өкмөтүнө өткөрүү боюнча элчилик миссия жөнөтүү боюнча вазийпасы коюлат. “Кантип кетиребиз? Кандай жол менен барат?” дегенде Москвада отургандардын дөө-шаалардын бардыгы жолдорду талдап көрүп, эң жакыны Москвадан Ташкенге, Ташкенден Анжиянга, Анжияндан Ошко, андан ары Эркечтам аркылуу Кашкарга кыска мөөнөттө өтсө болот экен деп ушул жолду тандашат. Жанагы сүрөттүн баяны ушундай.

“Мейли, элчилик миссия Анжиянга келсин. Анжияндан ары кантип алып кетебиз?” дегенде, Түркстан дөө-шааларынын бири “Ошол жердеги жергиликтүү төбөлдөрдөн, аттуу, баштуу адамдардан таап, алар аркылуу өткөрүш керек” деген сунушун айтканда, төртүнчү бөлүмдө иштеп жүргөн Кадырбекти эстешип, чакырып, тапшырышкан. Оштон Эркечтамга чейин бир дагы ок чыгарттырбастан, элчилик миссиянын бирөөсүнө же минген унааларына, жүктөрүнө зыян келтирбестен өткөрүп бергендиги совет өкмөтү тарабынан жогору бааланган. Бирок баары бир таптык көз караш болуп жатпайбы. "Феодалдын баласы совет өкмөтүнө каршы турду" деп кызыл террордун убагында ал апааттан буйтап өтө албай калышты. Кызыл террордун курмандыгы болуп, репрессияланып кетти.

Андан кийинки убактарда деле урпактарынын көпчүлүгү кысымга туш болушту. Бул тууралуу Курманжан датка менен Алымбек датканын азыркы урпактары айтып беришер. “Кысымга кабылганбыз” деп, даттанганын көп эле угуп жүрөбүз. Кантсе да Орус падышачылыгынын, Кокон бийликтеринде Алымбек датканын урпактарынын кызматы абдан зор болгондугун баса белгилешибиз керек. Эл үчүн, жер үчүн, элди ынтымагы, биримдиги, элди оторчулук саясаттын, империялык амбициялуу саясаттын курмандыгынан сактоо жагынан дагы чоң иш кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG