Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

Кечки радио эфир | 20.02.2025 | Жер кодекси: нааразы болгон жарандарга президент жооп берди


Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча соңку талкуу тууралуу пикирин билдирди. Анда президент менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлктөр кол тийгис экенин билдирген. Жапаров жеке менчик жерлер жергиликтүү бийлик тарабынан текшерилип турушу керектигин айтып, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырды. 20-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында кырктай адам чогулуп, президент Садыр Жапаровду Жер кодексине байланыштуу парламентте кабыл алынган жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Алар аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтып, президентке кайрылуу жазылган кагазга кол койгондон кийин тарашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG