Казакстандын Түркстан облусунда күйөөсүн өлтүргөн деп шек саналган 34 жаштагы аялдын иши боюнча сот башталды. Аял сотто өзүн коргоо үчүн кылмышка барганын айтты. Сотто ал 14 жыл зомбулукка чыдап жашап жүргөнүн билдирди. Күбө катары жубайлардын жашы жете элек үч баласы көрсөтмө беришти.
Февраль айына карата Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) кыштан чыгууга керектүү көмүрдүн 60%дан ашыгы алынган. Аталган мекеменин адистери бул муктаждыкты жабууга жетерин билдирип жатат.
УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 млрд 98 млн. сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. Алардын катарында Бишкектеги “Бай-Таш” турак жай комплексинин бир бөлүгү, Чүй жана Ош облустарындагы бажылык каттоо жерлери бар.
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) катышууну каалагандарга үлүштүк турак жай курулуш программасынын шартын жарыялады. Анын негизинде мигрант болуп жүргөн кыргызстандыктар дагы арзан ипотекага үй алса болорун билдирди. Азырынча өкмөт бул программаны жүзөгө ашыруу жол-жобосун толук иштеп чыга элек.
Ноокат районунда жашаган каарманыбыз Муслима 47 жашта. Анын күйөөсү экинчи аялга үйлөнүп алганда үй-бүлөсү бузулган. Азыр Муслима курстарда окуп, долбоорлорго катышып, өзүн өнүктүрүп, турмушта запкы жеген аялдарга жардам берсем деген мүдөөсү бар. Кыргызстанда көп аял алуу кылмыш болуп эсептелет.
26-январда камактагы 11 журналисттин жакындары көчөдө маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бийликке кайрылып, журналисттердин күнөөсү жок экенин айтып, үй камагына чыгарууну суранышты. Бишкектеги "Парк отель" мейманкасы алдын ала макулдашылганына карабай маалымат жыйын өткөрүүгө уруксат берген жок.
Үй-бүлөдөгү зомбулукка атайын кызматтын көңүл бура баштаганы "Кыргызстанда кыз-келиндердин көйгөйү улуттук коопсуздук маселесине айландыбы?" деген суроону күн тартибине чыгарды.
2023-жылы Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрү кандай өзгөрдү? “Азаттык” бир нече уюм түзгөн индекстерди талдап көрдү.
Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында быйыл 10 аял өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза тапты. Төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калган. “Азаттык” бир айылдын келиндери туш болгон каргашалуу окуялардын себептерин иликтеди.
Cоциалдык тармактарда карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөнүн байкоого болот. Аларга ылайык, башкаларга бала төрөп берүүгө макул болгон энелер негизинен чет өлкөгө, көбүнесе Грузияга жөнөтүлүүдө.
Дагы жүктөңүз