Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолуп, тергөө абагында отурган Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланды. Газада Израилдин аскерлери абадан сокку урганда Ал-Маваси лагеринде 40тан ашуун киши набыт болду. Сокулук районунда мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду.
Экономика
шейшемби 10 Сентябрь 2024
Чүйдүн жака белиндеги айылдарда, жайкысын талаа жумуштарында жалданып иштеген бир нече топтор бар. Алардын көпчүлүгү аялдар. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында Сары-Өзөндүн кең талаасында аптапка карабай керелден-кечке жаны тынбай иштеп, жалданма жумуш менен жан баккандар тууралуу айтып беребиз.