Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Трамп Сириянын утурумдук президенти Ахмед аш-Шараа менен жолукту


АКШнын президенти Дональд Трамп жана Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараа. Эр-Рияд, 14-май 2025-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараа. Эр-Рияд, 14-май 2025-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Эр-Риядда Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараа менен жолукту. Анын алдыңкы күнү америкалык лидер Сирияга киргизилген санкциялар алынарын жарыялаган.

Трамп чектөөчү чаралар маанилүү функцияны аткарганын, эми өлкөнүн алдыга жылуусу үчүн убакыт келгенин белгиледи жана чечим Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана түрк президенти Режеп Таип Эрдоган менен талкуулангандан кийин кабыл алынганын билдирди.

Санкциялар качан алынары айтылган жок. Трамп үстүбүздөгү аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Сириянын башкы дипломаты Асаад аш-Шабани менен кездешерин кошумчалады.

Сирияны 25 жылдай башкарып, былтыр декабрда бийликтен кулатылган Башар Асаддын тушунда Вашингтон Дамаскиге каршы катаң санкцияларды киргизген. Жыйынтыгында өлкө глобалдык финансылык системадан кесилип калган, чет өлкөлөрдөн инвестиция салынбай, соода үзгүлтүккө учураган. Бул өз кезегинде 13 жылга созулган жарандык согуштан кийинки калыбына келтирүү аракеттерине тоскоолдук түзүп келди.

Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед аш-Шараа ушул жылдын башында убактылуу президент болуп дайындалган. Ал бийликке келгенден бери эл аралык санкцияларды алууга чакырып келатат.

Мурда "Нусра фронту" деп аталып келген "Хайат Тахрир аш-Шам" АКШ, Орусия жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылган. 2016-жылга чейин топ "Ал-Кайида" террордук уюмунун Сириядагы канаты болчу. Кийин ал-кайидачылардан кол үзгөн.

Израил аш-Шарааны жихадчы деп сыпаттап Батыштын аны менен мамиле түзүүсүнө каршы болуп келген.

Асад былтыр 8-декабрда козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, Москвага качкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG