Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:07

Өзбекстан башка өлкөнүн миграциялык мыйзамын бузган жарандарына чет жакка чыгуу үчүн паспорт бербейт


Орусиядагы өзбек мигранттары. Архивдик иллюстрация.
Орусиядагы өзбек мигранттары. Архивдик иллюстрация.

Башка өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарын бузган же мыйзамда каралгандан узак жүргөнү үчүн депортацияланган өзбек жарандарына эки жыл бою чет жакка чыгуу үчүн паспорт берилбейт. Кошуна өлкөнүн Миграция агенттиги маалымдагандай, мындай чара өкмөттүн 13-майдагы токтомунда каралган.

Жаңы чектөө визада каралган мөөнөттү ашырып жиберген, чет мамлекетте мыйзамсыз жүргөн же ал жактын миграциялык мыйзамдарын бузгандан кийин депортацияланган жарандарга тийиштүү. Андан тышкары, документте айтылгандай, кыймыл аракеттери Өзбекстандын эл аралык аброюна шек келтирген жарандар паспорт ала албайт.

Буга чейин чет өлкөлөргө чыгуу үчүн паспортту мамлекеттик купуя маалыматтар менен иштеген, кылмыш иши каралып жаткан, административдик көзөмөлгө алынган, алимент төлөбөгөн, аскерге баруудан качкан же башка мамлекеттердин мыйзамдарын бузган жарандарга берүүгө тыюу салынган.

Депортацияланган мигранттар бир жыл өнүккөн өлкөлөрдө ишке орношуу программасына катыша албайт.

Быйыл 1-февралда Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин же орус жарандыгы жоктордун көзөмөл реестри ишке кирген.

Өткөн жылы ал өлкөдөн "миграциялык эрежелерди бузду" деп 80 миңден ашуун келгин чыгарылган, алардын 23 миңи Москва шаарындагы жана Москва облусундагы соттордун чечими менен депортацияланган.

Жыл башында Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой өлкөдө 6 миллион 174 миң чет элдик жаран бар экенин билдирген. Алардын көбү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Беларуска туура келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG