Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:12

ӨКМ тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 11-майда шашылыш билдирүү таратып, айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Мекеменин маалыматында 11-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жана 12-майда Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги айыл-кыштактарында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экени белгиленди.

"Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 номерине чалып билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат!", - деп айтылды ӨКМдин маалыматында.

Жаз айларында Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүп, адамдар жабыркаган, жергиликтүү тургундардын мүлкү жарактан чыккан окуялар катталган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG