Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:53

Экономика

Sorry! No content for 4 Ноябрь. See content from before

жекшемби 3 Ноябрь 2024

Календарь
2024-ж., Ноябрь
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
28 29 30 31 1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 1
Коллаж
Коллаж

Кыргыз өкмөтү кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизди. Эми так туристтик программасы болгон бештен 25ке чейин кишиден турган топ Кыргызстанга 21 күнгө чейин визасыз келе алат. Өкмөт муну туризмди өнүктүрүү аракети деп түшүндүрдү. Туристтерди ыңгайсыз кылган көйгөйлөр бардыгын айткандар да бар.

Кытайлык туристтерге жеңилдик берүүнүн максаты кандай?

Министрлер кабинети 28-октябрда чыгарган токтомго ылайык, визасыз шартта Кыргызстанга келе турган туристтик топ кеминде беш, 25тен ашпаган кишиден турушу керек.

Алардын туристтик программасы алдын ала бекитилип, кайтуучу авиабилети бар болуусу шарт.

“Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин, туристтерге 21 күн өткөн соң кайра визасыз кирүүгө укук берилет. Кытайдан келген туристтик топтор үчүн визасыз режимдин киргизилиши Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, туристтердин агымын көбөйтүүгө жана өз ара пайдалуу негизде экономикалык байланышты өнүктүрүүгө багытталган”, - деп айтылат Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында.

Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз өкмөтүнүн мындай чечими тууралуу “Кытай – Борбордук Азия” кызматташтык форумунда айткан. Бишкектин мындай кадамы өлкөнүн туризмине оң жыйынтык берерин белгилеген.

  • Бул чечим Кытайдан Кыргызстанга келе турган туристтерге бир топ жеңилдиктерди берет. Анткени азыркы талап боюнча кытайлык жаран АКШнын, Британиянын жана Түндүк Ирландиянын, узак мөөнөттүү Шенген визасы болгон шартта гана жети күнгө чейин визасыз шартта жүрө алат. Бир апта жүрүп чыгып кеткенден 21 күндөн соң кайра эле ушундай шартта Кыргызстанга келүүгө уруксат бар.
  • Ал эми Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары кайра кеткенге авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз Кыргызстанда жүрө алышат.

"Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров мындай чечимдерди кабыл алып, болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно берүү керек деген пикирде.

“Бишкекпи же башка аймак болобу, бир убакта канча конокту кабыл ала алат? Ошого маани беришибиз керек. Жалпысынан алганда жакшы эле чечим. Мындай өзгөрүүлөрдү пилоттук түрдө иштетип көргөндө абал даана билинет. Бизде туризмге байланышкан негизги маселе инфратүзүмдөрдө – аэропорт, жол, логистика, коопсуздук жана көрсөтүлгөн кызматтар. Бул маселелер чечилбей, жасалып жаткан жарнамалар антирекламага айланып кетпеши керек”, - деди Абакиров.

Кыргызстан менен Кытай кызматташкан туризмден тышкары бир катар экономикалык долбоорлор, алардын башында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу турат. Мындан тышкары Чүй облусундагы 700 гектар жерге Кытай менен биргелешкен соода-логистикалык борбору курулганы жатат.

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясий серепчи Бакытбек Жумагулов визасыз режимди эки өлкөнүн чоң экономикалык кызматташтыгынын бир бөлүгү катары карап, бул сыяктуу багыттарда алаканы бекемдөө керектигин айтууда.

“Көп аспектинин бири катары визасыз режим боюнча да кошуна өлкө менен алаканы бекемдешибиз керек. Мында соода-экономикалык кызыкчылыктар эске алынышы керек. Казакстан Кытай менен кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып алды. Өзбекстан да чоң долбоорлорду ишке ашырып жатат. Ушундай процесстер жүрүп жатканда биз артта калып кетпешибиз керек”.

Жумагулов Кыргызстанда кытайлык компаниялардын ишине жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгы, айрым долбоорлордун ишке ашуусуна терс маанайы тууралуу сөз кылып, бийлик мындайда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин кошумчалады.

"Кыргызстанда калып калышат деп чочулагандар бар"

Саясат таануучу Чынара Эсенгул бийлик мындай чечимге удаа эле коомчулуктагы түшүнүктөрдү эске алышы керек деген ойдо.

“Буга чейин кытайлык инвесторлордун катышуусундагы долбоорлор да жергиликтүүлөрдүн нааразылыгын пайда кылган учурлар болгон. Жеңилдиктин арты менен бизге кирип келип, бул жакта калып калышат деп чочулаган жарандар да бар. Бул маселени да унутта калтырбаш керек”.

Чынара Эсенгул айткандай коомдо кытайлык жарандар кайра кетпей коюшу мүмкүн деп кооптонгондор арбын. Мындай пикирлерди социалдык тармактардын колдонуучулары да жазып жатышат.

Өкмөт Кыргызстанга келе турган туристтердин кайра кайта турган авиабилети да болот деп ишендирүүдө. Аны көзөмөлдөө тартиби тууралуу маалымат берген жок.

Кытайдын Кыргызстандагы долбоорлору

2019-жылы Ат-Башы районундагы “Нарын” эркин экономикалык аймагынын жерине кытайлык компаниянын инвестициясы менен логистикалык борбор салына турган болгон. Кийин жергиликтүү жашоочулардын акцияларынан кийин долбоор ишке ашпай калган.

Кыргызстанга 2023-жылы Кыргызстанга 8,5 миллиондой турист келгенин Экономика жана коммерция министрлиги Статистика комитетине таянып билдирген.

Статкомдун башка билдирүүсүнө ылайык, былтыр келген туристтердин 61,4% Өзбекстандан, 27,3% Казакстандан жана 7,3% Орусиядан келгендер. Ал эми Кытайдан келген туристтер 0,8% жеткен.

Кыргызстанга келген туристтерди кабыл алып иштеген ишкер Абдулвахид Мухидинов келген туристтерди нааразы кылган бир катар көйгөйлөрдү санады.

“Туристтик компаниялар кооз жерлерди тартып, жарнамалаганыбыз үчүн алар өлкөгө келгенде ошол жерлерге барышат. Ал жерлерге баруучу жолдун каралбай калганы жана интернеттин жоктугу соңку учурда көп айтылган сындар болуп калды. Мындан тышкары тейлөөчү жайларда тил билген, туристке өзгөчө мамиле кылган адистердин жетишсиздиги да бир көйгөй”, - деди Мухидин уулу.

Кытай Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп таанып, 1992-жылдын 5-январында эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн. 1992-жылдын май айында Бээжин Бишкекте өзүнүн элчилигин ачкан. 1993-жылдын августунда Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Бээжинде негизделип, иштей баштаган.

Кыргызстанда учурда 67 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт.

Мамлекетке алынган "Кызыл-Кыя машина куруу заводу". УКМК тараткан сүрөт. 19-сентябрь.
Мамлекетке алынган "Кызыл-Кыя машина куруу заводу". УКМК тараткан сүрөт. 19-сентябрь.

Кезинде мыйзамсыз жолдор менен жеке колго өтүп кеткен деген кине менен өлкөнүн ар кай тарабынан ондогон кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылууда.

Бул иште Улуттук коопсуздук комитети өзгөчө активдүүлүк менен аракет кылууда. Мамлекетке алынган мүлктөрдүн укуктук маселеси кандай чечилүүдө жана алардын кийинки тагдыры кандай болуп жатат?

Бишкектеги “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларынын аймагында жайгашкан “Оберон” базарын мамлекетке алып коюу жеке менчик укугу тууралуу талкууну күчөттү. Мүлкүн алдыргандардын көпчүлүгү мыйзам менен маселеси барбы же атайын кызматтын сүрүнөн коркуп жатышабы – үн катпай келет.

Бир гана 8 гектар аянттагы базарын алдырган Байболовдор бийликтин бул ишин буйлаланган соттор аркылуу тартып алуу катары ачык сыпаттап чыгышты.

Мунун алдынан эле "Кут", "Нурзаман", "Аалам Строй" баштаган бир катар курулуш компанияларынан 1,5 миңдей батир мамлекетке алынганы жарыяланган.

Бийлик жеке менчиктеги канча мүлктү мамлекетке кайтарып алды? Кетип жаткандагы түнөргөн укуктук маселеси кайра келип жатканда кандай болууда? Күмөндүү мүлктөрдү алып коюу текши жүрүп жатабы же бул жерде да тандамал саясат болуудабы? Мындай иш-аракеттердин өлкөнүн укуктук талаасына жана инвестициялык климатына таасири кандай болмокчу?

Билек түрүнө киришкен УКМК

Мүлктөрдү жеке колдон мамлекеттин балансына кайтарып алуу иштери январь айында бирин-серин башталып, август айында өзгөчө күчөгөндөй.

2023-жыл аяктап жатканда Камчыбек Ташиев Фейсбукка “өлкөдө криминал менен күрөш аяктап калганын” жазган. Ал башында кримтөбөл Камчы Көлбаевге кылмыштуу ишин токтотуу эскертилгенин, бирок ал көнгөн ишин мурункудай уланта бергенин белгилеген. “Жыйынтыгында бир топ жарандарыбыздын мүлктөрүн тартып алганы, керек болсо мамлекеттик ишканаларды мыйзамсыз менчиктеп, кээ бирлерине үлүшкө олтуруп алганы, чет өлкөлүк инвесторлордон ири суммадагы үлүш алып жүргөнү, ири ишканалардан ай сайын “отметка” алып тургандыгы аныкталды”, - деп жазган Ташиев.

Ошонун артынан эле, 2-январь күнү Сузакта укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жолукканда “коррупцияга каршы күрөш уланарын” жарыялаган.

Камчыбек Ташиев 14-июнда Кара-Суу районундагы мечиттин ачылышына катышкандан кийин, эл менен жолугуп жатып кезинде жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен мүлктөрдүн бардыгы мамлекетке кайра кайтарыларын билдирген.

“Мурдагы башаламан заманда көптөгөн ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алышып же болбосо эптеп-септеп, коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, көптөрү бай болуп жүрүшпөйбү. Ошолордун баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Жүз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам же беш адам басып алып отурат. Алардын бардыгын кайтарышыбыз керек. Мисалы, азыр Жалал-Абадда үч чоң базаны кайтарып алдык. Бир автобазаны кайтардык, ал жерде төрт гектар экен, эки мектеп сала турган болуп жатабыз. Дагы бир чоң базаны кайтардык. Ал жерге ипотекалык компанияга үй салып бере турган болуп жатабыз. Анан, Тумановдордон дагы бир чоң жүк автобазаны кайтардык, ал жерди дагы шаарга кайтардык. Булардын баарын 30 жылдан бери ээлеп алып, бай болуп жүрүшөт”, - деген Камчыбек Ташиев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин маалыматында, 2023-жылы 720 курулуп бүтө элек батир жана 28 жер тилкеси мамлекетке алынган. Батирлер атайын операцияда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык экени жарыяланган. Башка мүлктөр кимдерден алынганы жана баасы канча экени белгисиз.

Тартып алуубу же адилеттикти калыбына келтирүүбү?

Жакынкы тарыхта мүлктү бизнестин колунан мамлекетке алып коюу иши 2023-жылы “Аю” холдингине таандык арак заводун жана дагы бир катар өндүрүштүк мүлктөрүн өткөрүп алгандан башталган десек да болот. Ал кезде компания ишканаларды өз ыктыяры менен берип жатканын жар салган. Бирок буга ишенгендер аз болгон. Андан кийин да атайын кызматтын кылтагына илинип, абакка кирип, кийин бизнестеги мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп бергенин жар салып, чыгып кеткендер көп эле болду.

2024-жылдын башынан бери ар кандай мүлктөрдү мамлекетке кайтаргандыгы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 80ден ашуун, Башкы прокуратура 2-3 жолу маалымат таркаткан. Көпчүлүгүндө бирден-экиден мүлк тууралуу сөз болсо, айрым билдирүүлөр ондон ашуун мүлктүн тизмесинен турат. Атайын кызмат таркаткан маалыматтар боюнча, мамлекетке алынган жүздөн ашуун мүлктөрдүн жалпы баасы 40 млрд сом жана 56 млн доллар. Буга дагы бир катар ири өндүрүштүк жана турак жай имараттары менен компаниялардын акцияларынын баасы кирген эмес. Билдирүүлөрдүн дээрлик баарында мүлк ээлери аларды кийин курган имараттары жана бизнестери менен кошо “өз ыктыяры менен мамлекетке кайтаргандыгы” белгиленген.

Камчыбек Ташиев апрель айында “Жетинчи каналга” берген маегинде коррупция менен күрөшүүдөн 100 млрд сомдук накталай жана мүлк түрүндөгү капитал алынып жатканын билдирген.

“Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт”, - деген Ташиев.

Ал эми финансы министри Алмаз Бакетаевдин 29-октябрда Жогорку Кеңеште берген маалыматы боюнча, 46 млрд сом акчалай, калганы мүлк түрүндө алынган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жетекчисинин орун басары Кубанычбек Жаниев алынган мүлктөрдүн 21 млрд сому мамлекетке, калганы муниципалдык менчикке өткөнүн билдирди.

Саясатчы Өмүрбек Суваналиев “ПолитКлиника” медиасынын суроолоруна жооп берип жатып, атайын кызмат шектүү делген мүлктөрдү азыркы ээлеринен мажбурлоо жолу менен алып жатат деген пикирин бөлүшкөн:

“Ой, тигини алып коюптур, муну кустуруп коюптур, анан түрмөгө отуруп алып тигини ыктыяры менен берип коюптур” дегенде күлкүм келет да. Түрмөдө отуруп ыктыярдуу бербейт да. Ишкерлердин ыктыярдуу бергени – бул меценаттык, той-топурларга, облустарга барып өздөрү эле берет. Түрмөгө отуруп алып “мен кайтарып бердим, тиги-бу” деген – бул чоң кыйноо да. Эл аралык укук боюнча бул кишин мажбурлоого жатат”.

Мамлекетке алынган мүлктөрдүн көпчүлүгү кылмыштуу чөйрөнү каржылоого катышкан деген айыптоолорго байланыштуу. Муну менен катар бир катар мүлктөр 1990- 2000-жылдары мыйзамсыз жолдор менен менчиктештирилгендиги да айтылат.

Алардын ичинде өлкөнүн чар тарабындагы кымбат баалуу өндүрүштүк, туристтик жана айыл чарба жерлери бар. Маселен, Ысык-Көлдө, Чүй менен Нарында ондогон жер тилкелери туристтик объектилери менен кошо мамлекетке алынган.

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев мурда жеке колго өтүп кеткен мүлктөрдүн мыйзамсыздыгы далилденсе, аны мамлекетке кайтарып алууну адилеттүүлүктү калыбына келтирүү деп кабылдоо керектигин айтты:

“Эгерде мүлк мыйзамсыз алынган деп чын эле мыйзам чегинде далилденсе, ал мүлктү алып коюу же кайрадан менчиктештирүүдөн өткөрүү же болбосо мамлекет тарабынан кандайдыр бир кошумча чара көрүү - бул адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болуп эсептелинет. Менин билишим боюнча, кээ бир нерселер боюнча сот чечимдери да бар. Кээ бир жерде тергөө иштери жүрүп жатат. Анан, биздин Укук, Административдик жана Кылмыш кодекси боюнча сотко жеткирбей, сотко чейин кандайдыр бир иш-аракеттерди алып баруу, сотко чейин маселе чечүү деген беренелер, механизмдер бар. Ошондой иш ыкмаларын колдонсо же сотко жеткирип, соттун чечими менен жасаса (ошол эле мыйзам беренелери боюнча), анда баары мыйзам чегинде болуп жатат деп эсептесе болот”.

Мамлекетке өткөн мүлктөрдүн кийинки тагдыры кандай болууда?

Мамлекетке алынган мүлктөрдүн көпчүлүгү Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарында жана Бишкек шаарында жайгашкан. Маселен, алардын ичинен эң кымбат бааланганы "Кызыл-Кыя" машина куруу заводу" ААКы 22,89 га жери менен 4 млрд 75 млн сомго жакын, Кемин районундагы 353,3 га өндүрүштүк жер тилкеси 4 млрд сом жана “Дордой”, “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” базарынын 8 га жер тилкеси 3,9 млрд сомду чапчыйт. Оштогу “Ак-Була Араван пахта заводу”, экс-бажычы Райымбек Матраимовдун Бишкектеги, Оштогу мүлктөрү, “Кум-Шагыл” фирмасынын Бишкектин жака белиндеги өндүрүштүк жер тилкеси өңдүү мүлктөр да миллиарддап бааланат.

Атайын кызмат мамлекетке алып жаткан мүлктөрдүн басымдуу көпчүлүгү мурунку бажычы, коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов менен маркум кримтөбөл Камчыбек Көлбаевге таандык. Мындан тышкары, мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, экс-депутат Шайлообек Атазов, мурунку облус-шаар башчылары, укук коргоо органдарынын жетекчилери сыяктуулар да бар.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев жергиликтүү менчикке кайтарылган мүлктөрдү документтик түрдө тариздөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

“Шаардык кеңештин токтомунун негизинде Мамлекеттик мүлк фондунан бизге беш мүлк өткөн. Анын экөөсү “Динамо” күрөш залынын жери, имараттары менен, бирөөсү “Эрем” жер аянты менен, бирөөсү ошонун жанындагы футболдук талаа, бешинчиси шаардык билим берүү башкармалыгынын тушундагы эки кабаттуу имарат. Алар мурун кандай иштеп келген болсо, ошондой эле иштей берет. Мисалы, “Эремди” иштеткендер иштетип атышат. Биз келечекте жетекчиликтин тапшырмасынын негизинде иш алып барабыз. Азырынча бирөөсүнө дагы ижара келишими түзүлө элек. Бул маселе сөзсүз токтом чыккан күндөн баштап ижара шартында көрсөтүлөт. Азыр Мүлк фонду менен өткөрүп алуу актылары калган, ошол бүтүп жатат. Өткөрүп алуу процесси гана жүрүп жатат. Ижарага берүү процесси өткөрүп алуу толук бүткөндөн кийин башталат”.

Улуттук коопсуздук комитети таркаткан маалыматтарга карасак, мамлекетке алынган мүлктөрдүн көпчүлүгүн жер тилкелери, батирлер, турак жай эмес имараттар, өндүрүштүк жайлар, автобазалар түзөт. Мындан тышкары, мурунку бала бакчалар менен социалдык багыттагы имараттар да бар.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат катчысы Назгүл Жамгырчиева атайын кызмат муниципалдык менчикке кайтарып берген мурунку бала бакчанын имаратын оңдоп-түзөп, кайра өз багыты боюнча ишке киргизишкенин билдирди:

“Эгерде мэрияга УКМК тарабынан болобу, сот аркылуу болобу кайтарылган социалдык объектилер бар болсо, алар сөзсүз түрдө [баланска] киргизилет, анан реконструкцияга берилет жана кайра өзүнүн профилдик багыты боюнча иштейт. Менин билишимче, УКМКнын линиясы боюнча Чыгыш-5 кичирайонундагы Prado деген мурда сауна жана спорт клубу болуп жүргөн акимчиликтин артындагы бала бакча экен. Ошону жазында кайтарып берди окшойт. Жайында оңдоп-түзөө иштери болду, төрт-беш ай реставрация кылып, анан сентябрда ишке киргизишти”.

Мамлекеттин балансына алынган мүлктөрдүн көпчүлүгүнүн кийинки тагдыры белгисиз бойдон турат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги азыркы учурда бул боюнча маалымат берилбей турганын билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин таркаткан маалыматтарына таянсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында мамлекетке алынган жер тилкелеринин айрымдарына ипотекалык турак жайлар курулуп жатат. Президенттин Иш башкармалыгы Бишкектеги 93 жылдык ижара келишими менен алган компания өз милдеттерин аткарган жок деген себеп менен 23 гектар жердеги “Фламинго” оюн-зоок паркын кайра кайтарып алганын кабарлады. Мекеме анын ордуна республикалык маанидеги конгресс-холл куруларын жарыялады.

Агенттиктин расмий сайтындагы маалыматтарды талдап көрсөк, 2024-жылдын башынан бери Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 39 мүлктү аукцион аркылуу сатыкка чыгарганы аныкталат. Алардын алтоо автоунаа, калганы батирлер, турак эмес имараттар, жер тилкелери жана компаниялардын акциялары болгон.

Аукциондогу мүлктөрдүн жалпы баасы 5,2 млрд сомдон ашат. Буга көлбаевдик кылмыштуу топторго таандык делген Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” акционердик коомунун, Ысык-Көлдөгү “Ак-Марал” эс алуу комплексинин акцияларынын, “Зодиак” ден соолукту чыңдоо борборунун жана Матраимовдордун Бишкектеги “Эгиз мунарадагы” батирлеринин баасы кирген эмес. Расмий маалыматтарда алардын баалары башкалар сыяктуу аталган эмес.

Сатыкка чыгарылган мүлктөрдүн ичинен эң кымбаты 1,7 млрд сомдон ашат. Райымбек Матраимовдон алынган кыймылсыз мүлктөр менен Аскарбек Шадиевден алынып, кийин кайра сатылган “Баткен-Комфорт” базарынын 2,9 га жер тилкеси да жүз миллиондогон сомду чапчыйт. Бишкек шаарынын чок ортосундагы “Ай-Пери” соода борборунун акциялары дагы деле сатыкта турат.

"Мүлктү тартып алуу укуктук маселени жаратып, инвестициялык климатты бузат"

Инвестиция боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу укук коргоо органдарынын бул жаатта аткарып жаткан иштери ашкере кетип жаткандыктан, инвестициялык климатка терс таасир кылышы мүмкүн деп эсептейт:

“Тереңирээк текшерип келгенде эле, алар өз каалоосу менен өткөрүп берип жатат. Же ошол мүлктү менчиктештиргенге макулдук берген же менчиктештирген мамлекеттик орган туура эмес менчиктештиргени билинип калып жатат. Бул биздин болочок инвесторлорго жакшы эмес сигнал болуп эсептелет деп ишенем. Себеби болочок инвесторлор жок дегенде мамлекеттик мүлк менен иш алып барбай эле коёлу деген тыянакка келет болуш керек деп ойлойм. Алар деле ойлошот да, эгерде мурда ушундай жол менен берилсе, анан анын туура эмес берилгенин далилдеп кайра тартып алса, кайрадан кайталанбайт деген ыктымалдык барбы? Ошондуктан болочок инесторлордо күмөн сөзсүз түрдө болот деп ойлойм. “Аа, мамлекеттик мүлк менен иштешпей эле коёлу же албай эле коёлу” деген ой, ушундай күмөн пайда болот”.

Коомчулукта атайын кызматтын жеке менчикке кеткен мүлктөрдү кайра мамлекетке кайтаруу иштери ачык-айкын болбой, көп түкшүмөлдөрдү жаратып жатканы талкууланып келет. Аларды кезинде кайсы мамлекеттик орган же кызмат адамы, кандай негизде туура эмес бергендиги ачык далилдер менен көрсөтүлсө элде суроо аз болмок деген пикирлер бар. Мындан тышкары, мүлктөрдү мамлекетке тартып алуу, текшерүү баарына тегиз, жапырт жүрбөй, тандалма жол менен жүрүп жатканы, бийликке жакын топтордун мүлктөрү текшерилбей, көз жумду мамиле жасалып жатканы айтылат.

Юрист Клара Сооронкулова “өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарып берди” деген кыска жана туюк билдирүүлөрдүн артында көп күмөндүү иштер бар экенин айтат. Ал ачыктык жок жерде имиштер менен жоромолдор күчөй турганын эскертти:

"Бул жерде “Орто-Сай” базарын соттун чечими мэриянын 1998-жылдагы жерди бөлүп берген токтомун жокко чыгарып жатат. Эми ал кезде муниципалдык жерлерди жеке менчикке өткөрүп бергенге мыйзам жол берип жаткан да. Мисалы, “Дордой”, “Орто-Сай” базарлары ошол себептен пайда болду да. Эми азыр ошол мэриянын токтомдорун жокко чыгарып туруп эле, негизсиз эле жерди алып коюп атышат. Эгерде мэриянын чечими мыйзамсыз болсо, анда мөөнөтү эскирсе дагы жерди берип койгон адамдарды жоопко тартканга аракет кылып, чыгымды ошолордон өндүрүш керек. Менчик ээлери аларды канча пайдаланып жатат, ага канча деген каражаттарын салып атат. Ошондой соттун чечими менен алып коюп атышканы - бир жолу. Экинчи жолу – өз ыктыяры менен “кыргыз элиме” деп жаздырып алып атышат. Канчалык өз эрки менен кетти же буларды мажбурладыбы? Аны менчик ээлери өздөрү айтып чыкпагандан кийин, айтыш кыйын болуп жатат. Бирок ар кандай имиштер көп, кыйнап, “болбосо камайбыз, баарын алып коёбуз, баланчасын бер” деп алып коюп атышат деген. Эгер ошол жагын ойлой турган болсок, ачык көрсөтүш керек “мына, баланча базарды алдык, аны Мүлктү башкаруу агенттигине мамлекеттин балансына өткөрүп бердик” деп. Мейли, өз ыктыяры менен бериптир. Өз ыктыяры менен берди, алдык, мына булар момундай кылып башкарып атат, башкаруу тартиби момундай болот, ал жерге башкара турган атайын орган түздүк” деп ачык иш кылышканда, ошондо ишеним болот эле”.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маектеринин биринде менчиктештирүү ишин көзөмөлдөй албай калганын мурунку президент Аскар Акаевдин биринчи кемчилиги деп атаган. Жапаров “колунда бийлиги бар ачкөз мамлекеттик кызматкерлер элдин мүлкүн талап-тоноп кетишти, иштеп турган завод-фабрикаларды талкалап, станокторун чет өлкөлөргө сатышты” деп айткан.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 1993-жылдан бери 7363 ар кандай багыттагы мүлк менчиктештирилген. Алардын жарымынан көбү калкты турмуш-тиричилик жактан тейлеген, соода жана коомдук тамактануу тармагындагы мүлктөр болуп эсептелет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG