"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Йозеф Блаттер президенттиктен кетерин жарыялагандан кийин Интерпол ФИФАнын иши боюнча алты адамга издөө салды.
Украинада Одесса облусунун губернаторлугуна дайындалып, украин жарандыгын алган экс- президенттин бул кадамы мекенинде кызуу талкууларды жаратты.
Ирак өкмөтүнүн Рамади шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунан кайра алуу планы Париждеги жыйындын негизги маселеси болду.
АКШда атайын кызматтарга телефон сүйлөшүүлөр боюнча маалыматтарды чогултууга укук берген мыйзам жобосунун мөөнөтү 1-июндан тарта аяктады.
Вашингтондогу Брукингс институтунда сүйлөгөн учурунда АКШ вице-президенти Жо Байден Орусиянын Украинадагы аракеттерин сынга алды. Бирок Вашингтон айрым маселелерде Москва менен кызматташтыкты көздөрүн да белгиледи.
ФИФАнын жогорку даражалуу жети чиновнигин камакка алынышы бул дүйнөлүк уюмдун президенти шайлануучу конгресси алдына туш келди. Ага катар ФИФАнын адамдарына каршы АКШда жана Швейцарияда кылмыш иштери ачылганы белгилүү болду.
Мамлекеттик кеңеш жарыялаган жаңы документте Бээжин эми “ачык деңизди” коргой турганын да ачыктады.
Иранда бүгүн америкалык “Вашингтон Пост” гезитинин журналистинин үстүнөн жабык сот башталды.
Иракта өкмөттүк күчтөр “Ислам мамлекети” тобунун колундагы Рамади шаарын алуу үчүн алга жылганы кабарланууда. Ирактын эң ири провинциясынын борборун согушкерлер 17-майдан бери ээлеп турушат.
Орусияда президент Путин бейөкмөт уюмдар боюнча жаңы мыйзамга кол койду. Эми өлкөдө “ылайыксыз” деп табылган чет өлкөлүк жана эл аралык бейөкмөт уюмдарды сот чечимисиз эле жаап салууга жол ачылат.
ЖККУнун Тажикстанда өткөн машыгуусу Ооганстан түндүгүндө согушкерлер активдешкен учурга туш келди.
Сирияда “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери байыркы Палмира шаарын толук көзөмөлгө алганы ырасталды. Бул аралыкта АКШ Ирактын өкмөтүнө "ИМ" тобунун Рамадидегидей чабуул ыкмасына туруштук берүү үчүн танкка каршы курал жөнөткөнү жатат.
Иракта "Ислам мамлекети” тобунун колуна өтүп кеткен Рамади шаарын кайра бошотуу аракети көрүлүүдө. Өкмөт бул үчүн ыктыярчыларды да жардамга чакырды.
Евробиримдик мигранттарды Жер ортолук деңизи аркылуу аткезчилик жол менен ташыгандарга каршы аскерий чара колдонууну көздөөдө.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Украинадагы аракеттер үчүн чечүүчү учур келгенин айтууда. Ал бул тууралуу кечээ Түркияда НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди.
АКШда кабыл алынып жаткан мыйзам Конгресске дүйнөнүн алты ири державасы Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча түзө турган эл аралык келишимди текшерүүгө укук берүүдө.
Президент Лукашенко Евразия Экономикалык Биримдиги жана Европа Биримдиги ортосундагы Беларус Кытай үчүн плацдарм боло алат деп ырастаганы менен айрым талдоочулар мындан күмөн санашууда. Кытай лидери азыр Минскте расмий сапар менен жүрөт.
Москвада Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге кол коюлду. Бирок өлкө үчүн Биримдиктин эрежелери келишимдер ратификацияланып, чек ара ачылгандан кийин гана иштей баштайт.
Британиядагы шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн Евробиримдиктеги мүчөлүгүнүн келечеги жана Шотландиянын көз карандысыздык маселесин күн тартибине кайрадан чыгаруусу мүмкүн.
Кошмо Штаттар “Ислам мамлекети” тобунун жолбашчыларын таап, кармоого жардам берүүчү маалымат үчүн бир нече миллион доллар сыйлык жарыялады.
Дагы жүктөңүз