Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:35

Керри: Украина боюнча чечүүчү учур келди


Путин жана Керри. Сочи, 12-май.
Путин жана Керри. Сочи, 12-май.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Украинадагы аракеттер үчүн чечүүчү учур келгенин айтууда. Ал бул тууралуу кечээ Түркияда НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди.

Мунун алдында 12-майда Сочиде АКШ мамлекеттик катчысы Орусиянын жетекчилиги менен узак сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу.

НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Түркиядагы эки күндүк кеңешмесинде Украинада уланып жаткан кризис, Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук, анын ичинде Сирия менен Ирактагы кырдаал талкууланмакчы.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия үчүн Украинанын чыгышында ок атышууну токтотууну караган макулдашууну аткаруу үчүн чечүүчү учур келгени тууралуу кечээ НАТОнун мына ушул жыйынында билдирген:

- Менимче, НАТОнун мүчөлөрү арасында Минск келишимин сактоодо Орусиянын жана жикчилдердин аракеттериндеги чечүүчү учур келди деген бекем орток пикир болду. Биз Минск келишими толук аткарылуусуна күбө болушубуз керек. Мен биз Орусияга каршы санкцияларды кармоого артыкчылык бербешибизди бул жердегилердин баары түшүнөт деп ойлойм. Бирок санкциялар Украинада баары каалаган тынчтыкты камсыздоо аракети катары турат. Азыр бул жердеги жаңжалда аныктыкты жана чечимди көздөй жол табуу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүк бар. Биз президент Путин, Орусия, жикчилдер баары чогулуп, Украина өкмөтү менен муну ишке ашыруу үстүндө иштейт деп абдан үмүттөнөбүз.

АКШ мамлекеттик катчысы бул сөздөрдү 12-майда Сочиде Орусиянын жетекчилиги менен бир нече сааттык сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң айтып жатат. Анда украин кризиси күн тартибиндеги эң башкы маселе болгон.

Президент Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен өткөн сүйлөшүүлөрдү Керри кечээ “ачык талкуу” катары сыпаттап, эгер быйыл февралда жетишилген Минск келишиминин шарттары толук аткарылса, Орусияга каршы киргизилген санкциялар жоюларын да айткан эле:

​- Бул макулдашуулар толугу менен аткарылуусу керек. Бул канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы. Мен жериндеги кырдаал боюнча терең тынчсыздануумду билдирдим. Эгер Минск келишими толугу менен аткарылса, АКШ менен Еврошаркеттин санкциялары алына баштары анык.

Украинанын чыгышында ок атышууну токтотууну жана Донецк, Луганск облустарынын бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн орусиячыл жикчилдер менен Киевдеги борбордук өкмөттүн мындан аркы алака-катышын караган келишимдин шарттары азыр утур-утур бузулуп жатат.

Сочидеги сүйлөшүүлөр. 12-май, 2015-жыл.
Сочидеги сүйлөшүүлөр. 12-май, 2015-жыл.

Башкача айтканда аралыктан атышуулар али уланууда. Келишимдин саясий бөлүгүн аткарууга тараптар али такыр эле кирише элек.

Орус тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков Путин менен Керринин сүйлөшүүсү жакшы маанайда өткөнүн, бирок олуттуу бурулуш алып келбегенин белгиледи.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын комментарийлеп жатып, буларга токтолду:

- Украин кризисинин генезиси жана анын азыркы өнүгүшүн баалоо жагынан АКШ менен Орусия ортосунда белгилүү бир пикир келишпестик бар. Бирок биз бул проблеманы Минск макулдашууларын толук жана ар тараптуу аткаруу аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарыл экендигинде бир болдук. Биз сүйлөшүүлөрдө баалоолорубуз боюнча көп жагынан келише алган жокпуз. Бирок бүгүнкү жолугушуулар бири-бирибизди жакшы түшүнүүгө мүмкүндүк берди.

АКШдагы Жорж Мейсон университетинин профессору Марк Катц “Азаттыктын” орус кызматы менен менен маегинде Керринин Орусиядагы сүйлөшүүлөрүн тараптардын диалогго даярдыгынын жышааны катары баалады. Саясат таануучунун пикиринде, объективдүү айтканда кызматташтыкка АКШда да, Орусияда да кызыкчылык бар.

Америкалык “Уолл Стрит Жорнэл” басылмасы болсо көз караштардагы олуттуу ажырымга карабай, Сочидеги сүйлөшүүлөр жумшак риторика менен коштолгонуна көңүл бурду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG