"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Өзбекстанда президенттин кызы Гүлнара Каримовага байланышкан кылмыш иштеринде жаңы жагдайлар жаралгандай. Эми белгилүү болгон маалыматтарга караганда, күч түзүмдөрүндө Гүлнаранын иши менен тикелей алектенген кызматкерлер четинен түрмөгө түшө баштады.
Өзбек бийликтери бул аптада Паркент районуна ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн жайгаштырууга барды. Буга райондогу бир нече имараттар жардылары жөнүндөгү эскертүү себеп болгондой.
Саудия падышасы Салмандын бийлик иерархиясындагы ири алмаштыруулары аймактагы кырдаал олку-солку болуп турган учурда жасалды жана тактынын мураскерлери мурдагыдан кыйла жашарды.
АСЕАНдын Малазиядагы саммитинде Бээжиндин талаштуу Түштүк Кытай деңизиндеги аракеттери аймактагы тынчтыкка, коопсуздукка жана стабилдүүлүккө доо кетирип жатканы белгилеген эле.
Беларус президенти Александр Лукашенко Грузияда эки өлкөнүн көз карандысыздык тарыхындагы алгачкы расмий сапар менен болду. Талдоочулар визит негизинен саясий максатта жасалганына көңүл бурушууда.
Вашингтон Орусия Минск келишиминин шарттарын бузуп жатат десе, Москва АКШнын украин аскерлерин машыктыруусу да аталган келишимге каршы келерин билдирди.
Баш прокурорлукту 15 жыл бою ээлеген, бийликтеги таасирлүү жана өлкөдөгү эң бай адамдардын бири катары саналган Рашитжон Кадыров кызматтан алынып, ордуна Ихтиёр Абдуллаев бекиди.
Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги аракеттери жана талаш аралдагы курулуш иштери Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ушул аптадагы саммитинде көтөрүлөт деп күтүлүүдө.
Ушул дем алыш күндөрү Ливиядан жолго чыккан жети жүздөй мигранттын кайыгы оодарылганда, алардын көбү сууга чөгүп кетти деп болжолдонууда.
Украин бийликтери Киевдеги удаа өлтүрүүнү өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөгөн чагым катары мүнөздөштү.
Орусиянын Иранга С -300 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекстерди сатуу боюнча ушул аптадагы чечимин АКШ менен Израил сынга алууда.
Берлиндеги соңку сүйлөшүүлөрдө макулдашылгандай, эми майдан тилкесинен танктар да чыгарылуусу керек. Бул макулдашуу украин армиясы акыркы он күн ичиндеги эң ири жоготууга учураган кезге туш келди.
Кыргызстан быйыл майдан тарта расмий кошулары күтүлүп жаткан Евразия экономикалык союзунда бирдиктүү акча киргизүү мүмкүнчүлүгү канчалык реалдуу?
Вашингтондо америкалык расмий өкүлдөр АКШнын Борбор Азиядагы приоритеттери жана болочок саясаты боюнча түшүндүрмө беришти.
Швейцарияда дүйнөнүн алты ири державасынын жана Ирандын тышкы иштер министрлери жолугууда. Тараптар 31–мартка карата талашты жөнгөрүүгө негиз болуучу келишимге жетишүүсү керек.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Global Witness эл аралык бейөкмөт уюму Максим Бакиевдин Британиядагы турак жайын жана анын баасын аныктады.
Грузияда мурдагы президент Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн парламентте кол топтоого киришкенин жарыялады. 21-мартта Тбилисиде көчөгө он миңдеген адам чыгып, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылган эле.
АКШда Конгресс президент Барак Обаманын администрациясын Украинага курал берүүгө үндөгөн резолюцияны жактырды. Ал сунуш мүнөзүндө жана америкалык өкмөт аны аткарууга милдеттүү эмес.
Орусиянын Түштүк Осетия менен “союздаштык жана интеграция” келишимин Грузия жикчил аймагы аннексияланышына барабар иш катары баалады.
Украинада парламент кечээ кечинде Донбасстын кээ бир райондорунда өзүн-өзү башкаруунун өзгөчө тартиби жөнүндөгү жаңы мыйзамды кабыл алды. Ага катар аларды убактылуу оккупацияланган аймактар деп да тааныды.
Дагы жүктөңүз