Саммитти утурлай Вашингтондогу Брукингс институтунда сүйлөгөн учурунда АКШ вице-президенти Жо Байден Орусиянын Украинадагы аракеттерин кайрадан сынга алды. Бирок Вашингтон айрым маселелерде Москва менен кызматташтыкты көздөрүн да белгиледи.
Демократиялык партиянын акыл ордосу катары саналган - Брукингс институндагы сөзүндө жана суроо-жооп учурунда вице-президент Жо Байден украин жаңжалы боюнча Вашингтондун турумуна көп деле жаңылык киргизген жок.
Бирок Вашингтондун өнөктөштөрү ал Орусиянын “гибриддик согушу” деп атаган нерсеге каршы турууда сак болушу керек деген көз карашын кайталады.
Вице-президент Жо Байдендин айтымында, адегенде Украинанын чыгышында ок атышууну токтотууну, андан кийин кырдаалды саясий жол менен жөнгө салууну караган Минск келишимин аткаруунун негизги жүгү Орусияда жатат. Келишим аткарылмайынча санкциялык режим кайра каралуусу мүмкүн эмес.
Жо Байден сөзүндө АКШ администрациясы Орусиянын Украина менен Крымдагы аракеттеринен эмне үчүн камтама болгонун дагы бир сыйра түшүндүрдү:
- Орусиянын Украинада былтыр жаздагы агрессиясынан бери 14 ай өттү. Ал Европанын геосаясий ландшафтын радикалдуу өзгөрттү. Бул карама-каршылык тезинен бүтүшүн баары каалайт. Бирок маселе ал кимдин шарты менен бүтөрүндө. Бул Европа континентинин четиндеги эки коңшунун жөн гана аймактык талашы эмес. Бул улуттун өз өнүгүү жолун фундаменталдуу тандоо укугу боюнча принципиалдуу талаш. Украинадагы конфликт, менимче Батыш үчүн, Евробиримдик үчүн, НАТО үчүн да сыноо, - деди АКШ вице-президенти Украинадагы жаңжалдын түпкү маңызы тууралуу.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров буга чейин айткандай Москва менен Вашингтон ортосунда “украин кризисинин генезиси”, башкача айтканда, жаралыш себептери боюнча пикир келишпестик бар.
АКШ кризистин чыгышын Орусиянын Украинадагы аракеттерине байланыштырса, Москва муну тескерисинче, азыркы украин өкмөтүнүн жана аны колдогон Батыштын саясатынан көрөт.
Өзү акыркы бир жылдан бери Москва менен Вашингтондун алака-катышы эң төмөнкү деңгээлге түшүп кетти. Ушул айда мамлекеттик катчы Жон Керринин Сочиге, анын Евразия жана Европа иштери боюнча жардамчысы Виктория Нуланддын Москвага барышын Кремл мамиле оңоло баштаганынын ишарасы катары көргөзүүдө.
Вице-президент Жо Байдендин Брукингс институтундагы сөзү алдында Орусиянын Украина боюнча туруму “агрессивдүү болуп бара жатканын” президент Обама сынга алган болчу.
26-майда Ак үйдө НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг менен кездешкен кезинде Обама Орусияны “жикчилерди колдоону токтотууга, чыгыш Украинадан күчтөрүнүн баарын алып чыгып кетүүгө” кайрадан чакырган.
Москва чыгыш Укринада ыктыярчы орусиялыктар болгону менен аскер күчтөрү жоктугун такай айтып келет.
АКШ вице-президенти Жо Байден өз сөзүндө президент Путинди “прагматик” адам катары сыпаттады.
Бирок Москванын украин кризисине тушташ Европадагы ашынган оңчул жана солчул кыймылдарды колдоп, бул жактагы саясатты өзгөртүү, Евробиримдикти бөлүп-жаруу аракеттеринен майнап чыкпасын кошумчалады:
- Президент Путиндин көз караштарынан улам Европага, атүгүл Орусиянын элине деле миф менен иллюзиядан башка берилүүчү сунуштар абдан эле аз. Өткөнгө кайтууну калп убада кылуу, күчтүү бийликтин жана институттар иштөөсүнүн алмаштыруучусу катары жарандык коомду, башкача ойлонгондорду коркутуу жакшы иш эмес.
Вице-президент Жо Байден бирок АКШ Орусия менен кош тарапты тең кызыкчылыгындагы маселелерде кызматташтыкка баруусу керектигин да кошумчалады:
- Сиздин өлкөнүн, сиздин өнөктөштөрдүн коопсуздугу жана бакубаттуулугу үчүн принципиалдуу маселелерден баш тартууну суранганга чейин кош кызыкчылык бар жерлерде кызматташуу мааниге ээ.
Жо Байден Орусия менен АКШнын кызматташтыгы үчүн маанилүү чөйрөлөрдүн бири Ирандын талаштуу өзөктүк программасын атады. АКШ вице-президентинин Орусия боюнча соңку сөзүнө байкоо салган Гудзон институтунун эксперти Ричард Вайц “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде белгилегендей, айтылгандар негизинен “компромисттик” маанайда болду.