Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Рамадини алуу Ирак армиясы үчүн чоң сыноо


Ирактын коопсуздук күчтөрү. 24-май, 2015
Ирактын коопсуздук күчтөрү. 24-май, 2015

Иракта өкмөттүк күчтөр “Ислам мамлекети” тобунун колундагы Рамади шаарын алуу үчүн алга жылганы кабарланууда. Ирактын эң ири провинциясынын борборун согушкерлер 17-майдан бери ээлеп турушат.

Бул аралыкта АКШ коргоо министри Ирактын куралдуу күчтөрүнүн дарегине кескин сын айтып, бирок анын ырастоолорун ирак премьери жана Ирандын аскерий колбашчысы четке какты.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү Рамади шаарын көздөй шийит кошуундарынын жана суннит согушкерлеринин колдоосу астында жыла алышты.

Сунниттердин жергиликтүү уруу башчылары билдиришкендей, бириккен күчтөр азыр Рамадиден 10 чакырымдай чыгыш тарапта жайгашкан Хусайба ал-Шарикия шаарчасын ээлеп турушат жана “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин андан ары да сүрүүнү улантууну мерчемдеп жатышат.

17-майда Ирактын эң ири провинциясы – Анбардын борбору Рамади шаарын “Ислам мамлекети” тобунун ээлеши өкмөттүк күчтөрү үчүн чоң жоготуу болгон эле.

АКШ Коргоо министри Эштон Картер СNN телеканалы менен соңку маегинде Рамадинин согушкерлер колуна өтүп кеткени үчүн Ирактын куралдуу күчтөрүн сынга алды:

Эштон Картер
Эштон Картер

- Рамадидеги нерсе Ирак күчтөрүнүн согушууга эрки жоктугунан улам болгондой көрүнүп турат. Алар сан жагынан аздык кылган эмес эле. Иш жүзүндө каршы тараптан бир топко көп болчу. Бирок алар уруша албастан, жерди таштап кетишкен. Бул жагдай мага, менимче, биздин баарыбызга эле ирактыктардын “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү, өздөрүн коргоо эркинде мандем бардыгын көргөзүүдө. Биз аларды машыктырабыз, биз аларга курал бере алабыз, бирок, албетте биз аларга күрөшүү эркин бере албайбыз да.

Маалыматтарга караганда, Ирак армиясы Рамадиден чегинген кезде АКШ берген аскерий унаалардын бир нечесин, анын ичинде танкттарды да таштай качышкан. Пентагон башчысынынын жогорудагы сөздөрүнө бүгүн Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади реакция жасады. Ал-Абади Эштон Картердин айткандарына таң калып жатканын, ага туура эмес маалымат берилди деген ишенимде турганын белгиледи.

Бул аралыкта Ирандын Революциялык гвардиясынын башчысы, генерал Кассем Сулеймани Рамадинин “Ислам мамлекети” тобу тарабынан ээленишине АКШ өзү жол бергенин айтып чыкты. Генералдын бул сөздөрүн ирандык “Жаван” гезити бүгүнкү санында жарыялады.

Ирандын элиталык аскер бөлүгүнүн командачысы АКШны экстремисттердин Рамадиге чабуулун токтотуу үчүн “эч нерсе” кылган жок деп күнөөлөгөн.

Учурда Рамадини кайра алууга камданып жаткан Ирактын күчтөрү күтүлүп жаткан чабуулда Иран колдогон шийит кошуундарынын жардамына таянууда.

Ирактык саясий талдоочу Ахмед ал-Абиаддын пикиринде, Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн ийгилиги ага тартылган тараптардын кызматташтыгына жараша болот:

- Эгер Ирактагы төрт күч координацияны жакшылап жүргүзө албаса, согуш узакка созулат. Мен айтып жаткандардын биринчиси - Ирактын коопсуздук күчтөрү, экинчиси - шийит кошуундары, үчүнчүсү - суннит уруулары, төртүнчүсү - эл аралык коалиция. Эгер координацияда булардын бири эле проблема жаратса, уруш узакка созулат. Учурдагы талаш маселелер да саясий пикир келишпестиктин жана туруксуз кырдаалдын негизги себеби. Мына ушундай кырдаал, менимче, эсктремисттер Рамадини басып алышына мүмкүндүк берди.

"Ислам мамлекети" тобу басып алган Рамади шаарынан качып чыккандар.
"Ислам мамлекети" тобу басып алган Рамади шаарынан качып чыккандар.

“Ислам мамлекети” тобу кечээ Ирак менен Сириянын чек арасындагы өткөөл бекетти да толугу менен ээлеп алган.

Ал-Уалид чек ара бекетинин эки тарабынын тең ээлениши менен “Ислам мамлекети” тобу Сирия менен Ирактын Анбар провинциясы ортосундагы эки чоң жолду тең көзөмөлдөөдө. Өткөн аптада халифатчылар Сириянын Палмира шаарын да ээлеген эле.

Бул өлкөдөгү согушка кылдат байкоо салып келе жаткан уюм – Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы бүгүн билдиргендей, 16-майдан бери Палмирада 200дөн ашуун кишинин, анын ичинде жаш балдардын өмүрү кыйылган.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын эсебинде, “Ислам мамлекети” тобу ошондой эле Палмирадан жана анын айланасынан аскерлерди, өкмөт тараптагы согушкерлерди, алар өкмөттү колдойт деп айыптагандарды кошкондо 600дөй кишини колго түшүрүшкөн.

Бүгүн Сириянын аскерий учактары Палмирага абадан сокку уруп, аскерий объектилерди, шаардын ооруканасын бутага алганы кабарланууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG