"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
АКШда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыга баштады.
АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине киргизилген өзбекстандык ишкер Гафур Рахимов Эл аралык Олимпиада комитетинин эскертүүсүнө карабай, Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланды.
Өкмөт Асия Бибинин ишин кайра кароого убада бергенден кийин гана өлкөдөгү ашынган исламчылардын башамаламандыкка чейин жеткен нааразылык жүрүштөрү басаңдады. "Башаламандыктарды уюштурду" деп 150дөй адам камакка алынды.
Узап бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.
Орусия Украинанын 322 жаранына жана 68 компаниясына санкция салды. Тийиштүү жарлыкка бейшембиде өкмөт башчы Дмитрий Медведев кол койду.
Келерки жумада АКШнын Ирандын мунай тармагына багытталган санкциясы күчүнө киргени турат.
Пакистандын Жогорку соту "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген" деген айып менен өлүм жазасын күтүп жаткан христиан аялдын өкүмүн жокко чыгарды. Бирок ашынган исламчылардын партиясы жана тарапкерлери Асия Бибинин өкүмүн ишке ашырууну талап кылышууда. Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Тегеранга байланыштуу Вашингтондун кезектеги санкциялары күчүнө кирердин алдында Кытай менен Индия Ирандан мунайын сатып алуудан баш тартпай турганын жарыялады. АКШнын Иранга каршы санкциялардын кезектеги баскычы 5-ноябрда күчүнө киргени турат.
Борбордук Америкадан мигранттардын жаңы агымы келишин утурлай Пентагон ушул аптанын соңунда Мексика менен чек арага 5200 жоокерди жайгаштырып жатат.
Грузин эли 28-октябрда президентти акыркы жолу түз добуш берүү аркылуу шайлады.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.
2018-жыл үчүн Сахаров сыйлыгын Европа парламенти Москванын Крым жарым аралын каратып алышына каршы чыккан, учурда орус абагында жаткан украин режиссеру Олег Сенцовго ыйгарды.
24-октябрда АКШда Демократиялык партиянын жана мурдагы жогорку кызмат адамдарынын үйүнө жарылуучу түзмөктөр жөнөтүлгөнү аныкталды.
22-октябрда НАТОнун Ооганстандагы бир жоокери кол салуудан курман болду.
Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттардын жана качкындардын укугун коргогон адвокат Бахром Хамроевди полиция "адамдарды мыйзамсыз каттоого тургузган" деп айыптап жатат.
Тажикстандын башкы прокуратурасы Хатлон облусунун тургуну Шахбоз Ахмадовду милиция кызматкерлери кыйноого алган окуяны териштире баштады.
Bellingcat жана The Insider иликтөө агенттиктери өзүн жөнөкөй турист катары тааныштырган "Руслан Бошировдун" чыныгы тек-жайын аныктап чыкты.
Германия полициясы "Pussy Riot" тобунун мүчөсү, "Медиазона" басылмасынын негиздөөчүсү, учурда Берлинде ооруканада жаткан Петр Верзиловду жана анын жакындарын кайтарууга алды. Буга алардын артынан шектүү адамдар аңдып жүргөнү тууралуу арызы себеп болгон.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусия президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирияга абадан коргонуу комплекстерин берүү ансыз да согуштан жапа чеккен аймактагы кырдаалды дагы оорлотот деп билдирди. Сүйлөшүү Тель-Авивдин сунушу менен болгон.
Дагы жүктөңүз