Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:57

"Талибандын" тажаал чабуулдары


Ооганстандагы чех жоокери.
Ооганстандагы чех жоокери.

22-октябрда НАТОнун Ооганстандагы бир жоокери кол салуудан курман болду.

Мындан төрт күн мурда жасалган кол салуудан НАТОнун генералы да жаракат алган. Аны ооган армиясынын кийимин кийген адамдар жасаганы менен, жоопкерчиликти "Талибан" мойнуна алды. Бул кол салуулар Ооганстандагы парламенттик шайлоонун алдында жана ал бүткөндөн кийин болду.

НАТОнун Ооганстандагы “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын мүчөсү, чехиялык жоокер Герат провинциясында болгон кол салууда курман болду. Кабулда жайгашкан НАТОнун баш кеңсеси тараткан билдирүүдө “алдын ала маалыматтарга караганда, 22-октябрдагы кол салуу ооган коопсуздук күчтөрүнүн мүчөсү тарабынан жасалганын көрсөтүүдө” деп айтылат. Окуядан жаракат алган эки жоокер да чехиялыктар болгон. Алар Баграмдагы госпиталга жеткирилген жана өмүрүнө коркунуч жок экени кабарланды.

Электрондук почта аркылуу таратылган билдирүүдө кол салуу үчүн “Талибан” жоопкерчилик алды.

Бул ооган коопсуздук кызматкерлери өздөрү менен бирге иштешип келе жаткан эл аралык коалициялык күчтөргө каршы ок аткан акыркы окуялардын бири.

Ооганстан.
Ооганстан.

Мындан төрт күн мурда да, 18-октябрда ооган аскеринин кийимин кийген адам Кандагарда жергиликтүү жана НАТОнун аскер адамдары чогулган учурда ок аткан. Анын кесепетинен үч ооган ооган коопсуздук кызматкери, анын ичинде белдүү генерал, Канадагар провинциясынын полиция башчысы Абдул Разак да көз жумган. Окуядан 13 адам жаракат алса, алардын арасында америкалык генерал Жеффи Смайли да бар.

Ооганстандын армиясынын штабынын башчысы, генерал Мухаммад Шариф Яфтали буларга токтолду:

- Кол салуу жыйындар залынын сыртында болду. Аны Кандагардын губернаторунун жансакчысы, Гудбиддин аттуу адам жасады. Окуя адамдар чакан тик учак конгон аянтчага чыккан кезде болду. Ал биринчи кезекте генерал Абдул Разакты бутага алган.

18-октябрдагы бул кол салуу болгон учурдагы жыйынга НАТО күчтөрүнүн кол башчысы, америкалык генерал Скотт Миллер да катышкан. Окуядан ал жабыркаган эмес:

- Менин баамымда, мен бутага алынган жокмун. Бул тар жерде болду. Бирок мени бутага алышкан деп ойлобойм.

Скотт Миллер.
Скотт Миллер.

НАТО күчтөрүнүн кол башчысы бул окуяга карабастан, ооган коопсуздук күчтөрүн колдоо уланат деп билдирди:

- Биз колдообузду уланта беребиз.​ Сиздер Кандагардагы бул кайгылуу окуяга карабастан, шайлоону өткөрүү үчүн жасаган аракеттеринен улам өз коопсуздук күчтөрүңүздөр, алардын даярдыгы менен сыймыктансаңыз болот.

Эки кол салууга тең жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы алуда. Бул кол салуулар Ооганстандагы парламенттик шайлоонун алдында жана ал бүткөндөн кийин болду. 20-21-октябрда өткөн шайлоо учурунда радикал исламчылар жалпысынан 200гө жакын чабуул уюштурушкан. Алардын кесепетинен 50 киши каза таап, 200дөн ашык адам жарадар болгон. Ооган өкмөтү “Талибанды” куралын таштап, бул жолку шайлоого катышууга быйыл бир канча ирет чакырган. Бирок куралдуу топ ага кулак салган эмес.

Президент Ашраф Гани элге кайрылуусунда шайлоого жарандардын жандуу катышуусу алардын “шайлоочулардын күчү менен жоону жеңебиз" деген ынтаасын көрсөткөнүн белгиледи. Парламенттик шайлоого добуш берүүгө укуктуу 9 миллион жарандын 4 миллионго жакыны катышты.

Ооганстандагы шайлоодогу добуш берүү.
Ооганстандагы шайлоодогу добуш берүү.

Ооганстандын шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы 10-ноябрда белгилүү болорун, ал эми расмий жыйынтык декабрда чыгарыларын маалымдады. Ооганстандын парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2565 талапкер ат салышты. Талапкерлердин 400дөн ашууну аялдар болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG