Шахбоз Ахмадовдун айтымында, аны милиция жасабаган кылмышты мойнуна алдыруу үчүн токко урдуруп, ийне сайып, төрт күн бою кыйнаган.
- Мен күнөөмдү мойнума албай койгондо алар мени дубалга такашты. Бир милиционер өз бутун эки бутумдун ортосуна такап, “азыр мерседес болот” деди да менин жыныс органымды тебе баштады. Катуу оорудан эсим ооп кала таштады. Бирок ага карабай, күнөөмдү мойнума алган жокмун. Ошондон кийин алар мага ийне сайышты.
Анын маалымдашынча, укук коргоо органдары быйыл 16-20-июлда төрт күн райондук милициянын бөлүмүндө мыйзамсыз кармашкан:
- Бир убакта милиция кызматкеринин бири "токко урдуруп гана күнөөсүн мойнуна алдырса болот" деп айтты. Алар мени көмкөрөмөн жаткырып, манжаларымды электр тогуна тийгизишти. Андан кийин пол жууган тряпканы колума байлап, скотч менен орошту. Биринчи жолу токко ургузганда мен күнөөм жок экенимди кайталадым. Кийин дагы катуурак тийгизишти. Үчүнчү жолукусунда чыдабай, күнөөнү моюнга алууга макул экенимди билдирдим. Ошондон кийин бир милиционер эгер күнөөмдү моюнга албасам, зордуктап да коюшмактыгын айтты, - деди Шахбоз Ахмадов 27-сентябрда.
Ал кыйноодон кийин “бычак менен уруп, адамга оор залал келтирген” деген күнөөнү моюнга алууга аргасыз болгон. Бул аракет тажик мыйзамдарына ылайык, оор кылмыш жана “атайылап денеге оор залал келтирүү” деген беренеге туура келет.
Бирок укук коргоо органдары Шахбоз Ахмадовду төртүнчү күнү – 20-июлда камактан бошотушкан. Анткени бул кылмышты жасаган адам башка экени аныкталып, ал колго түшүрүлгөн. Жабырлануучу да беттештирүүдө ага кол салган Шахбоз Ахмадов эмес экенин билдирген.
Тажикстандын кыйноого каршы жарандык коалициясы да аны кыйноого алган милиция кызматкерлери боюнча материалдарды топтоп, прокуратурага бергени жатат.
Бул Тажикстандагы укук коргоо органдары күнөөсүз адамды кармаган жана кыйнаган жалгыз гана окуя эмес. Август айында Турсунзаде шаарынын милициясы Дмитрий Каримовдун өлтүрүүгө шектелип камакка алынган Хасан Ёдгоровду бошотту. Ал Турсунзаденин тергөө абагында сегиз айын өткөргөн. Хасан Ёдгоров да Дмитрий Каримовду өлтүргөн адам башка экени аныкталып, ал колго түшүрүлгөндөн кийин бошотулган.
Быйылкы жарым жыл ичинде Башкы прокуратурага укук коргоо органдарынан кыйноо көргөнүн айтып, 37 адам арыз менен кайрылган. Былтыр алты айда тогуз гана адам арызданган. Бирок адам укугун коргоочулар кыйноо көргөн адамдардын ичинен саналуусу гана расмий мекемелерге кайрылышарын айтышат.
БУУнун адам укуктары кеңешинин сентябрь айында болгон Женевадагы 39-сессиясында уюмдун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Борбор Азияда, анын ичинде Тажикстанда да күнөөсү жок адамдарды камакка алган көрүнүштөр, алар кыйноого алынган учурлар бар экенин айтып сындаган.