Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Иранга каршы санкция: АКШ "досторун" аяйт


Тегерандын Бахаристан аянтындагы ракеталардын жана жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин сүрөттөрү. 27-сентябрь, 2017-жыл.
Тегерандын Бахаристан аянтындагы ракеталардын жана жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин сүрөттөрү. 27-сентябрь, 2017-жыл.

Келерки жумада АКШнын Ирандын мунай тармагына багытталган санкциясы күчүнө киргени турат.

Ага ылайык, Ислам жумуриятынан мунай сатып алууну азайтпаган башка өлкөлөргө да чаралар көрүлмөкчү. Бирок Вашингтон Иран мунайынан көз каранды өзүнүн “достору жана союздаштары” зыян тартуусун каалабай турганын билдирип, мурдагы позициясын бир аз жумшартты. Ал арада Тегеран Вашингтондун санкцияларынан коркпой турганын айтып, билдирүү жасады.

Американын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Ак үйдүн Ирандын мунай тармагына салынган санкциялары анын экономикасын алсыратууга багытталганын, бирок мындан кара майдан көз каранды болгон “достору жана өнөктөштөрү” зыян тартуусун каалабай турганын билдирди. Кошмо Штаттардын 5-ноябрда күчүнө кире турган кезектеги санкциясы Ислам жумуриятынын мунай тармагына багытталган.

- Президент биздин максат – Иран мунайынын экспорту нөлгө түшүүсү үчүн болушунча кысым көрсөтүү экенин так айтты. Биз, албетте, Иранды курчап турган, андан мунай сатып алган айрым өлкөлөр, муну дароо жасай албасын, дароо нөлгө түшүрө албасын билебиз. Демек... Биз мүмкүн болушунча кысым көрсөтүнү жактайбыз, бирок досторго жана союздаштарга зыян тийгизип алууну каалабайбыз, - деди АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон.

Жон Болтон.
Жон Болтон.

Америкалык расмий өкүлдөр буга чейин башка мамлекеттер Ирандан алган мунай импортун “нөлгө” түшүрүш үчүн иш жүргүзөрүн айтышкан. Бирок Болтондун акыркы сөзүнө караганда, Вашингтон бул маселедеги позициясын бир аз жумшарткандай:

- Эң башкысы биз токтобошуз керек. Сиздер азыр да өзөктүк келишимден чыкпаган Кытай сыяктуу өлкөлөр импортту азайтып жатканын көрүп жатасыздар. Биз ошондой эле Кытайдын каржылык мекемелери Иран менен келиишим түзүүдөн баш тартып жатканын билебиз. Европалык компаниялар да иран базарынан кетүүдө.

Ирандан мунай импорттоо жагынан Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турган Индия Ирандын мунайынан дароо баш тарта албай турганын айтса, Түркия АКШнын Каржы министрлигинен жеңилдик сураган.

Бул жумада Түштүк Кореянын өкүлдөрү да АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолуккан кезде ишкерлер жана компаниялар жабыркабашы үчүн бул маселеде “мүмкүн болушунча ийкемдүүлүктү камсыздап берүүнү” сураган. Аймактагы башка мамлекеттер да, маселен, Ирак жана Ооганстан Ирандын мунайынан көз каранды.

Болтондун билдирүүсү алдында Ирандын президенти Хасан Роухани АКШнын кезектеги санкцияларынан улам өлкө айрым кыйынчылыктарга кептелиши мүмкүн экенин экскертти:

- Быйыл 4-ноябрда америкалыктардан жаңы адилетсиздикти көргөнү жатат. Бирок биздин эл дайыма күчтүү болгон жана 4-ноябрда да өкмөт Американын жаңы зулумдугунан чочулабай турганын ишенимдүү билиши керек. Биздин эл акыркы бир канча айда кыйынчылыктарга туш болду, алдыда да кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бирок өкмөт жарала турган кайсы гана көйгөйдүн болбосун кесепетин азайтуу үчүн колунан келгендин баарын кылат.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

АКШ президенти Дональд Трамп 31-октябрда Ирандын мунайын кыскартуудагы боштукту жабуу үчүн дүйнөдө кара май өндүрүшүнүн көлөмү жетиштүү экенин билдирди.

Кошмо Штаттардын мыйзамына ылайык, Вашингтон Ирандын мунайын азайтууга барбаган өлкөлөргө да санкция киргизет. Бул мыйзам президент Барак Обаманын тушунда Иранга анын өзөктүк курал жасоо программасына токтотуу максатында анын ири мунай сатып алуучуларына басым көрсөтүү үчүн кабыл алынган. Бирок Ак үй 2015-жылы Иран АКШ, Франция, Орусия, Кытай жана Германия менен өзүнүн өзөктүк куралынан баш тартарын убада кылып, келишимге кол койгондон кийин ага карата эл аралык санкциялар алынган. Расмий Тегеран келишимдин шарттарын сактап келе жатканын айтса, АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп буга ишенбей турганын билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG