Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Орусиялык активист кайтарууга алынды


Германия полициясы "Pussy Riot" тобунун мүчөсү, "Медиазона" басылмасынын негиздөөчүсү, учурда Берлинде ооруканада жаткан Петр Верзиловду жана анын жакындарын кайтарууга алды. Буга алардын артынан шектүү адамдар аңдып жүргөнү тууралуу арызы себеп болгон.

Петр Верзилов 10-сентябрда Москвада өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн. Жакындары ал ууландырылган болушу мүмкүн деп, 15-сентябрда Германияга дарылатууга алып кеткен. Ал орус бийлигине каршы бир канча акцияларды уюштурган.

"Pussy Riot" тобунун мүчөсү Надежда Толоконникова өзү да, Петр Верзиловдун башка кесиптештери жана туугандары да аларды Германияда белгисиз адамдар аңдып жүргөнүн байкашкан:

- Ушундан кийин Германия полициясы Петрга, анын жанында болуп жаткан туугандарына жана досторуна күзөт коюп берди. Алар кайда барса да полициянын коштоосунда жүрүп жатат. Уктаса да полиция менен бир үйдө жатышууда.

Кайтаруу Петр Верзилов дарыланып жаткан Берлиндеги "Charite" ооруканасына да коюлган. Бийликке каршы акциялары менен белгилүү Петр Верзилов 11-сентябрь күнү кечинде оор абалда Москвада ооруканага түшкөн. Башында анын көрүүсү жоголуп, тили буулуп, кыймылы башкарылбай калып, тез жардам унаасында баратканда эс-учун жоготкон. Активист биринчи Москвадагы Бакрушин атындагы токсик-реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Ал жерде анын ашказанын тазалап, дарылашкан.

15-сентябрда активистти жакындары Берлинге алып кетишкен. Германиялык дарыгерлер ал ууландырылган болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Верзиловдун адвокаты Дмитрий Динзе Тергөө комитетинен активистти ууландыруу версиясын иликтөөнү сурап жатат. Ошондой эле буга ФСБнын жана атайын кызматтардын тиешесин текшерүүнү талап кылды.

- Петр Верзилов 9-11-сентябрда полициянын аңдуусунда болгон. Мүмкүн ФСБнын кызматкерлери аңдып жүргөн. Алар аны мыйзамсыз тинтип, кармап, полиция бөлүмүнө да алып келип, түрдүү ыкчам иш-аракеттерди жүргүзгөн. Ошол эле кезде Петр Верзиловго бир да документ көрсөтүшкөн эмес.

Маалыматтарга караганда, Верзиловду журналисттер Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченконун Борбордук Африка Республикасында киши колдуу болгонун иликтеп жатканы үчүн ууландырган болушу мүмкүн.

Үч журналистти 30-июлда “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө даректүү тасма тартып жүргөн кезде өлтүрүлүп кетишкен. Петр Верзилов документалист Александр Расторгуев менен дос жана кызматташ болгон.

"Pussy Riot" тобунун мүчөсү Надежда Толоконникованын айтымында, ал ууландырылардан бир күн мурда чуулгандуу маалымат камтылган баяндама алган:

- 10-сентябрда Петр Верзилов Борбордук Африка Республикасында эмне болгону тууралуу ошол жерде иштеген адамдан баяндама алган. Анын атын мен айта албайм. Петр Верзилов 10-сентябрда ошол баяндаманы алып, 11-сентябрда ууландырылып жатат.

Сирияга жана Борбордук Африка Республикасында жалданма аскерлерди жиберет делген “Вагнердин аскердик жеке компаниясын” Орусия президенти Владимир Путиндин жакын досу Евгений Пригожин көзөмөлдөөрү айтылып келет.

Петр Верзилов жана Надежда Толоконникова.
Петр Верзилов жана Надежда Толоконникова.

Активист Петр Верзилов – "Медиазона" деп аталган маалымат платформасынын негиздөөчүсү. Ал ошондой эле "Pussy Riot" тобу менен ар кандай акцияларга катышкан.

Соңку ирет Орусияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатканда полиция кызматкеринин формасын кийип алып, оюн талаасына чуркап чыккан.

Петр Верзилов орус бийлигине каршы бир канча акцияларды уюштурган.
Петр Верзилов орус бийлигине каршы бир канча акцияларды уюштурган.

Берлиндеги "Charite" ооруканасында дарыланып жаткан активист акыркы төрт күндөн бери абалы жакшырып, адамдар менен сүйлөшүп, “Твиттерге” да билдирүүлөрдү жаза баштады. Бирок дарыгерлер ал толук айыгышы үчүн узак убакыт талап кылынарын айтууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG