Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Орусия украин ишкерлерине санкция салды


Орусиянын президенти Владимир Путин меен премьер-министр Дмитрий Медведев.
Орусиянын президенти Владимир Путин меен премьер-министр Дмитрий Медведев.

Орусия Украинанын 322 жаранына жана 68 компаниясына санкция салды. Тийиштүү жарлыкка бейшембиде өкмөт башчы Дмитрий Медведев кол койду.

Санкциялык тизменин сап башында ички иштер министри Арсен Аваков, коргоо министри Степан Полторак, Коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицак, мурдагы премьер-министрлер Юлия Тимошенко менен Арсений Яценюк, Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев, “Оңчул сектордун” мурдагы лидери Дмитрий Ярош, Украинанын АКШдагы элчиси Валерий Чалый жана башка расмий кызмат адамдары, ошондой эле парламент депутаттары бар.

Алардан тышкары ага президенттин уулу Олексей Порошенко баштаган 20дан ашык ишкер да киргизилген. Арасында миллиардерлер Виктор Пинчук, Константин Григоришин жана башка бизнесмендер да бар экенин көрүүгө болот.

Украин президенти Петро Порошенко орус санкциялары күтүүсүз болбогонун 1-ноябрда Киевде Германия канцлер Ангела Меркел менен жолуккан кездеги маалымат жыйынында билдирди:

- Бир канчасын эске албаганда, бул өтө татыктуу адамдардын тизмеси, анын ичинде менин балам, менин администрациямдын жарымы, көп сандаган эл депутаттары, коалициянын көпчүлүк мүчөсү, украин өкмөтүнүн мүчөлөрү бар. Украинада бул тизмеге кирип калуу кандайдыр бир мамлекеттик сыйлыктай кабыл алынат. Ага кирбей калгандар өтө таарынып жатат.

Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Орусиянын жазалоо тизмесине президент Петро Порошенко, премьер-министр Владимир Гройсман киргизилген эмес.

Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков муну "Адатта санкциялык тизмеге президенттер киргизилбейт" деп комментарийледи.

Москванын санкциясына кабылган украиналык журналист Виталий Портников буларды билдирди:

- Мага карата санкция салынышы болгону пропагандалык гана мүнөздө, анткени менин Орусияда камакка алгыдай эсептерим да, акциям да жок. Мен Орусиянын аймагына 2014-жылдан бери кирбейм, анткени менин мамлекетимдин аймагын басып алган өлкөгө барууну адамгерчиликсиз деп эсептейм.

Ал эми Орусиянын санкциялык тизмесине киргизилген ишканалардын ичинен көпчүлүгү азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө байланышкан компаниялар.

Ошол эле кезде Украинанын Орусияга негизги экспортун - өндүрүш товарлары түзөт. Маселен, Орусияга металл, органикалык заттарды, машина куруу жабдыктарын, кагаз, картон жана желим экспорттолот.

Акыркы кезде Кытай менен Евросоюз Украинанын башкы экспорттук өнөктөрүнө айланып бара жатат. Ал эми Украинанын Орусияга экспортунун көлөмү Польшага экспорттолгон товардын көлөмүнө барабар.

Украинадагы ишканалардын бири.
Украинадагы ишканалардын бири.

Украинанын статистика комитетинин малыматына караганда, жыл башынан бери Украина Польшага 2 миллиард 159 миллион долларлык, Орусияга болсо 2 миллиард 448 миллион долларлык товар экспорттогон. Ошол эле кезде Евробиримдикке украин экспортунун көлөмү Орусияга караганда үч эсе көп.

- Албетте, санкциялардын кесепети кээ бир компанияларга тиет. Мисалы, "Kernel" ишканасынын Орусияда үч заводу бар. Эгер алар акчасын эркин которо албай калса, бул жок эле дегенде жагымсыз көрүнүш. Ал эми жалпы украин экономикасын алганда, биз экономикалык байланыштар үзүлө баштаган биринчи оорчулукту басып өтүп кеттик. Азыр эми бул санкциялардын чыгышы биздин компанияларды дагы көбүрөөк альтернативдүү жолдорду издөөгө түртөт. Бул жагынан алганда жакшы, - деди украиналык экономикалык баяндамачы Елена Демина.

22-октябрда Владимир Путин "украин жарандарына жана ишканаларына Украинанын достукка жатпаган кадамдары үчүн атайын экономикалык чара көрүү жөнүндө" жарлык чыгарган.

Орус президенти кимге кандай чара көрүү керек экенин өкмөттүн эркине койгон.

Кремль украин эли "бир тууган" бойдон кала берерин белгилеп, санкциялар карапайым адамдарды эмес, алардын "ийгиликсиз өкүлдөрүн" бутага аларын билдирүүдө.

Москванын Киев менен мамилеси 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап, Украинанын чыгышындагы өкмөткө каршы чыккан жикчилдерди колдогондон кийин бузулган.

Өлкө чыгышындагы украин танкы.
Өлкө чыгышындагы украин танкы.

Украина да ошондон кийин Москвага каршы жазалоо чараларын колдонуп, жүздөгөн орусиялык жарандарга жана ишканаларга санкция салган.

Орусиянын Украинанын чыгышындагы аракеттерине байланыштуу ага АКШ менен Евробиримдик да санкция киргизген. Донбасстагы уруштарда ушул күнгө чейин 10 300дөн ашуун адам көз жумду.

Орусия Украинага санкция салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:46 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG