"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
19-сентябрда Ирактын соту тогуз тажикстандык аялдын ар бирин 20 жылдан эркинен ажыратты. Сотто алар “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө болгон жана жоочулар менен чогуу жашаган деп айыпталды.
Өткөн жумада “Таблиги жамаат” боюнча маселе парламентте кайрадан көтөрүлүп, бул диний уюмдун оң-терс жактары тууралуу пикирлер айтылды. Кыргызстандын атайын кызматы "Таблиги жамаат" уюму өлкөгө коркунуч жаратпайт деп билдирди. Бул уюмдан башка өлкөлөр, анын ичинде Казакстан менен Орусия эмнеге чочулап жатат? Ал эми "Таблиги жамааттын" Пакистандагы таасири кандай?
Йеменде 5,2 миллион бала ачарчылыкка кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Save the Children" эл аралык бейөкмөт уюму кабарлады.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин 18-сентябрда Пхеньянга барып, Ким Чен ын менен жолугушту.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа парламентинин Венгрия тууралуу баяндамасын анын өлкөсүн шылдыңдоо катары баалады.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Британиянын талабы боюнча, орус бийлиги ууландырды деп жаткан Скрипалдар ишин карады.
"Рейтердин" Мьянмадагы эки кабарчысы рохинжа мусулмандары тууралуу жазган материалдарында "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп жети жылга соттолду.
АКШ генералы Скот Миллер Жон Николсондун ордуна келди.
Жума күнү кечинде болгон жардырууда өзүн "Донецк Элдик Республикасы" (ДНР) деп атап алган аймактын жетекчиси Александр Захарченко өлдү. Маалыматты ДНР жетекчилиги да расмий ырастады.
Германиянын чыгышында орун алган Хемниц шаарындагы адам өлүмү менен аяктаган жаңжалдан кийинки нааразылык акциялары 30-августта да уланды.
Орус президенти талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын 29-августтагы телекайрылуусунда жарыялады. Орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүү боюнча быйыл июнда жарыялаган сунушу өлкө боюнча нааразылык акцияларын жаратып, быйыл жазда кайра шайланган Путиндин калк арасындагы кадыр-баркын төмөндөткөн.
“Левада” борборунун социологдору орусиялыктардын башка улуттарга карата ксенофобиялык көз караштары көбөйгөнүн сурамжылоого таянып жарыялады.
Ирандын президенти Хасан Роухани 28-августта парламентке чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ал өз сөзүндө Иран АКШнын санкцияларын жеңип чыгат деп билдирди.
Италия бийлиги 15-августтан бери Катания портунда токтоп турган «Диочотти» кемесиндеги африкалык качкындарды жерге жекшемби күнү түшүрдү.
Дүйнө лидерлери америкалык сенатор, 25-августта 81 жашында каза болгон Жон Маккейнди эскерип жатат.
24-августта Киевде Эгемендик күнүнө карата аскердик парад өттү.
Эгер Брюссел качкындарды тең бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл албаса, Италия Еврошаркетке жылдык төлөмдү берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Италия өкмөтү эскертти.
Иран “Каусар” деген жаңы реактивдүү кыргын салуучу учак жасап чыкканын жарыялады. Жаңы учакты көргөзүү учурунда Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөнүн аскердик кубатын көтөрүүгө да убада берди.
Дүйшөмбүдө Чеченстанда бир канча жерде полицияга куралдуу кол салуу болду.
20-августта Пакистандын жаңы өкмөтү ант берди. Андан бир күн мурдагы бир сааттан ашык созулган телекайрылуусунда жаңы шайланган премьер-министр Имран Хан өкмөт чыгымдарды азайтып, коррупцияны ооздуктап, мамлекеттик каражатты үнөмдөй турганын жарыялаган.
Дагы жүктөңүз