АКШ президенти Барак Обама мусулман дүйнөсү менен жакшы мамиле курууга дилгир экенин ушу аптада араптардын «ал-Арабия» телеканалына берген интервьюда айтты. Удаа эле региондогу өлкөлөрүнүн лидерлери менен сүйлөшүүгө Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Жорж Митчеллди жөнөттү.
Шаршемби күнү Швейцариянын Давос курортунда Дүйнөлүк Экономикалык Форум ачылды. Жыйынга чогулган мартабалуу экономистттер, министрлер жана мамлекет башчылар дүйнөлүк экономиканы финансылык кризистин сазынан түртүп чыгуунун жолдорун талкуулашууда.
Евробиримдиктин өкүлдөрү шейшемби күнү Брюсселде Беларустун тышкы иштер министри Сергей Мартынов менен кездешти. Эки жак Брюссел былтыр октябрда 41 даражалуу беларус жетекчисине Биримдикке каттоого уруксат бергенден кийин койгон талаптын аткарылышын талкуулашты.
Евробиримдик ирандык Мужахедин Халк уюму - МХУну террорчул уюмдардын тизмесинен алып салды. 1979-жылы Ирандагы ислам ынкылабына катышкан бул партия тез эле жаңы бийликтен алыстап, 1980-88-жылдардагы Иран-Ирак согушунда Саддам Хусейнди жактап чыккан.
Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы чабарманы Жорж Митчелл бул аптада биринчи жолу регионго келет. Тажрыйбалуу дипломаттын сапары алдында үч жумага созулган Газадагы согуш токтоду. Бирок Израил менен палестиндердин радикалчыл ХАМАС кыймылы менен урушту токтотуу боюнча келишимге кол коюла элек. Жоолошкон эки тарапты элдештирүү – Митчеллдин негизги вазийпасы.
Кышкы чилдеде Европанын үшүн алган газ кризиси бүттү: Россия газды Украина аркылуу Европага кайра жөнөтүүдө. Москва-Киев ортосундагы газдын баасынан чыккан эки жумалык чатакта Евробиримдикке мүчө айырым өлкөлөр газдын тартыштыгынан кыйналса да, Брюссель тирешкен тараптарды сындаганы менен эч кимдин тарабын албады. Газ талашында ким көп уткурду: Россиябы же Украинабы?
Орус акчасы - рубль евро жана долларга салыштырмалуу дагы арзандады. Россиянын борбордук банкы рублды негизги эл аралык валюта - АКШ долларына алмаштыруунун жогорку чегин орнотту.
Дүйнөнүн миллиондогон адамдары АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын ант берүү салтанатын кунт коюп, сыналгыдан көрүштү. Ошону менен катар алар Барак Обама тушунда АКШнын тышкы саясаты кандай өзгөрөт деп күтүшүүдө. Бул Борбор Азия элдерине да тийиштүү.
Ооганстандагы азыркы жагдай кайсы нукта өнүгүүдө? Президент Хамид Карзайдын талиптер менен элдешүү демилгесин БУУ колдойбу? Ооганстанда тынчтыкка жетишүү үчүн аскерге таянуу керекпи же саясаткабы? «Азаттыктын» бул суроолоруна тажрыйбалуу норвегиялык дипломат, Улуттар Уюмунун башкатчысынын атайын чабараманы Кай Эйде жооп берет.
АКШ президенти Барак Обама бүгүн Гуантанамо абак жайын бир жылдын ичинде жабуу тууралуу буйрукка кол койот деп күтүлүүдө. Президенттин кыйнап суроолорду токтотуу, террорчу деп шектелген 250дей туткунду кармоо шарты өзгөртүү жөнүндө да өзүнчө буйрук чыгары айтылууда. Адам укугун коргоочу уюмдар жана АКШнын союздаштары "Гуантанамо" түрмөсү жабылат деген кабарды оң баалашууда.
Дүйнөлүк экономикалык кризистин эпкини айрым Чыгыш Европа өлкөлөрүнө да тийди. Өткөн аптада рейтингдер боюнча эларалык Standart & Poor агенттиги Испания менен Грекиянын мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерин төлөө жөндөмүнө болгон ишеним баасын төмөндөттү. Рейтинг агенттиктери евроакча мейкиндигине кирген башка өлкөлөрдүн да бааларын төмөндөлүшү этимал деген кооптонуулар айтылууда.
Чыгыш Европанын мурдакы коммунисттик өлкөлөрү АКШнын жаңы президенти Барак Обамага чоң үмүт менен караганын «Азаттыктын» кабарчылары саясатчылардан алган интервьюлар көрсөттү. Бирок көпчүлүк саясатчылар АКШ Россияга болгон мамилесин өзгөртмөйүн, региондогу талуу маселелер оң чечилиши кыйын, Барак Обаманын бийликке келиши менен тез эле региондогу жагдай жакшы жагына өзгөрөрүнө ишенишпейт.
Барак Обаманын администрациясы Ооганстандагы аскерий операцияны дагы күчдөндүрүү ниети бар экенин жашырбайт. Бул тушта Кыргызстан АКШнын “Манас” авиабазасын жабат деген маалымат пайда болду. Бирок АКШнын аскер жетекчилеринин бири, генерал Дэвид Петреус Бишкекте кыргыз жетекчилиги менен кездешкенден кийин билдиргенге караганда, америкалыктар Манас аэропортун мурдакыдай эле пайдалана берет.
Чехия Евробиримдикке төрагалык кылганына 15 күн болбой жатып, Болгариядан кечирим сурады. Буга Брюсселдеги Еврокеңештин имаратына орнотулган Европанын картасы кейпиндеги көркөм экспозицияда Болгариянын жерге тегиз жасалган түрк дааратканалары сыяктуу көрсөтүлгөнү себеп болду.
АКШнын жаңы жетекчилиги тышкы саясатта прагматикалуу жана принципиалдуу болуп, куру идеологияга таянбайт, деди мамкатчылыкка көрсөтүлгөн Хиллари Клинтон шейшемби күнү Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинде болгон угууда.
Иранда улуттук өкмөттү кулатуу боюнча АКШ уюштурган кутумга катыштыгы бар деп шектелген төрт ирандык жаран кармалды. Бул жөнүндө Ирандын сот бийлигинин өкүлү шейшемби күнү билдирди.
Россия-Украина арасындагы газ чатагынан улам Евробиримдиктин чыгышындагы айрым өлкөлөргө көгүлтүр отун ырааттуу келбей калды. Эки өлкө арасында аяздуу кышта жүрүп жаткан талашка ырасмий Брюссел тынчсызданганын билдирди. Бирок Биримдик жай-баракат арачылык кылуу менен чектелип, не Россиянын не Украинанын тарабын албай турат.
Экономикалык кризистин айынан миллиондогон америкалыктар жумушсуз, үй-жайсыз калышты. АКШнын Улуттук банкы жана Финансы министрлиги абалды жеңилдетүү үчүн көп миллиард долларлык иш чараларды сунуш кылууда. Экономикага дем берүү үчүн бери дегенде 800 миллиард доллар керек.
Украина газ боюнча Москва менен болгон талашты жөндөөгө Евробиримдикти арачы кылмакчы. Ал үчүн Украинанын отун энергетика министри баштаган делегация жума күнү Биримдиктин учурдагы төрагасы - Чехияга сапар алды.
Израилдин Газадагы чабуулу алты күндөн бери уланууда. Премьер-министр Эхуд Олмерттин билдиришинче, ХАМАСтын Израилди көздөй ракета атуулары токтотулар замат, жөөт аскерлеринин Газадагы операциясы аяктайт. Израиль армиясы басып кирсе, ага каршы согушканга даяр экенин ХАМАС билдирди.
Дагы жүктөңүз